Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Жалал-Абадда 2005-жылы элдик бийлик кантип орногон?


2005-жылы март айында Жалал-Абадда болгон элдик толкундоолор.
2005-жылы март айында Жалал-Абадда болгон элдик толкундоолор.

2005-жылы 4-мартта элдик бийлик эң биринчи Жалал-Абат облусунда орногон. Бул күнү үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон эл облустук администрациянын имаратын ээлеп алган. Ошол убакта облустун элдик губернатору болуп дайындалган Медер Үсөнов бүгүн ошол окуяларды эскерип талдоо салат.

-2005-жылы 4-мартта Жалал-Абатта облустук акимчилик басып алынгандан кийин бул бүткүл Кыргызстан боюнча жайылды. Ошол туштагы Курманбек Бакиев башында турган Кыргызстан Элдик кыймылынын атайын түзгөн сценарийи ошондой беле, же шайлоонун бурмаланышынан эл ошого бардыбы?

- КЭКтин мамлекеттик бийлик имараттарын басып алуу жөнүндө атайын бир программасы болгон эмес. Бул ошол шайлоо бурмалангандан кийин чыкты. Бектур Асановду, Жусупбек Бакиевди өткөрбөй койгондон кийин эл нааразылык акциясын уюштуруп имараттын алдына келишкен. Шаар жетекчилери, облустук губернаторлор элдин муңун укпай койгондон кийин Азимбек Бекназаров баш болгон бир аз гана топ атайын ошону уюштуруп, мамлекеттин көңүлүн бурууну каалаганбыз да.

-2005-жылы 20-мартта Жалал-Абат жана Ош облустук акимчиликтери бийлик тарабынан күч менен тазаланып, андагы лидерлерге катуу кысым көрсөтүлгөн. Айрым саясатчылар эгер бийлик ошентип күч колдонуп элди кордобосо, дагы көбүрөөк жашап турмак деп айтышат. Сиз кандай ойлойсуз?

-Саясатчылардын айтканы негизинен туура эле. Булар 21-мартта Нооруз күнүнө карата күч колдонуп чыгарып жиберишпедиби. Себеби жогорку бийлик органдарына менин оюмча туура саясат жеткен эмес да. Жергиликтүу бийликтегилер эле эмес, Акаевдин кошоматчы чөйрөсүнүн оюну болуп, элди күч колдонуп кууп чыгышкан. Эгер ошол маалда компромисске барып жогорку деңгээлдеги чиновниктер келип сүйлөшкөндө аларга пайдалуу бүтүм болушу мүмкүн эле да.

-4-марттан 20-мартка чейин бир топ мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар Жалал-Абадка барып силер менен сүйлөшүүгө аракет жасашкан. Кимдер менен сүйлөшүүлөр болду эле ошол тушта?

-Ал маалда бизге келген эмес. Бизди башкарып турган Азимбек Бекназаров менен Бектур Асановго биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев жана башка адамдар келип жолугуп сүйлөшкөн. Бирок атайын элдин алдына чыгышкан эмес.

-Медер мырза, ошол март ыңкылабы жеңгенден кийин сиз эмне үчүн Жалал-Абадда губернатор болуп калган жоксуз?

- 15-мартта Жалал-Абадда элдик курултай өтүп, элдик губернатор, анын жардамчылары, райондун акимдери шайланган. Мени губернаторго биринчи жардамчы болосуң деген. Бирок биздин негизги максатыбыз Акаевди бийликтен кетирүү эле. Ошондуктан биз бийлике барган эмеспиз.

-Азыр эмне менен алектенесиз, азыр кандай иш кыласыз?

-Азыр мурда кандай бош болсом, азыр да ошондой бошмун.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG