Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Шектүү жол кырсыгын депутаттык комиссия иликтейт


Медет Садыркулов каза болгон болушу мүмкүн деп көп талашты жаратып жаткан шектүү жол кырсыгын иликтөө боюнча башкы прокурордун маалыматын бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ак жол” жана СДПК фракциялары угушту. Бир катар депутаттар иликтөө иштери натыйжалуу жана объективдүү болушунан күмөн санап жатышканын жашырышкан жок. "Ак жол" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов кайгылуу окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

“Ак жол” фракциясы сунуштап жаткан депутаттык комиссияга беш киши: Чолпон Абдуллаева, Галина Куликова, Зайнидин Курманов, Рашид Тагаев жана Азизбек Турсунбаев сунушталды. Дагы эки орун СДПК жана коммунисттер фракциялары өкүлдөрүнө калтырылды .

“Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутаттар тергөөнүн кандайча жүрүп жаткандыгына кызыгышты. Депутат Алишер Мамасалиев азырынча өлгөн адамдардын биринин сөөгүнөн табылган белгилерге ылайык, ал Медет Садыркулов болгонун 90% ишеним менен айтса боло турганын билдирди. Бирок башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул азырынча божомол гана экендигин белгиледи:

- Азыр Башкы прокуратуранын алдында тергөө оперативдүү тобу түзүлдү. Эң биринчи алардын ким экендигин аныктоо керек. Бул ДНКдан кийин болот. Мунун баары божомолдор. Мен 10 пайызга да бул адам Садыркулов деп айта албайм. ДНКга жүргүзүлчү экспертизанын жыйынтыгы бир айда чыгат. Ошондон кийин гана мен маалымат берем. Телефондук сүйлөшүүлөр боюнча так маалымат бар. Саат 3:14 мүнөт өткөндө Беш-Күңгөй тараптан айдоочу өзүнүн аялы менен 7 мүнөт сүйлөшкөн.

Депутат Чолпон Абдуллаева азыр жол кырсыгынан башка эч кандай версиялар айтылбай жаткандыгына жана ИИМдин башчысынын Лексуста бир киши айдоочунун эмес жүргүнчүнүн ордунда олтурган деген сыяктуу маалыматтары көп суроолорду жаратып жаткандыгын айтты:

- Машина күйүп жаткан кезде жол жээгинде туруптур, эшиги жабык экен. Айыпкер болсо качып баратып эшиктерди жаап кетиптир. Анан моргдогу адистердин өздөрү эле “тирүү адам өрттөнүп жаткан кезде, жанталашып боксердун формасына келет” деп айтып жатышты. Сизде болсо жол кырсыгы деген версиядан башка эч нерсе жок. Айдоочунун толук күйүп эч нерсеси калбай калыптыр. Силер аны кантип экспертизадан өткөргөнү жатасыздар, мен түшүнбөй жатам.

Элмурза Сатыбалдиев азыр, тилекке каршы, өздөрүнүн версияларын, ар кандай абалдарды ойлоп тапкандар көп экендигин айтып, мындай такталбаган малыматтар компетенттүү адамдардан чыгып жатканы өкүнүчтүү экендигин белгиледи.

“Биз бардыгын так аныктоо үчүн18 экспертиза белгиледик да. Алардын жыйынтыгы менен биз юридикалык баа беребиз”,-деди башкы прокурор.

Элмурза Сатыбалдиев бүгүнкүгө чейин 20 адам күбө катары суралгандыгын билдирди. Депутаттардын айтымында, орусиялык аналитик Аркадий Дубнов 12-мартта Алматыда Медет Садыркулов менен жолугушкан акыркы адамдардын бири болгон. Баш прокурор ал дагы күбө катары суракка тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Депутат Чолпон Баекова окуя болгон жер жөнүндөгү протоколдо кырсыктын чоо жайы толук эмес чагылдырылгандыгын айтты. Ал бул маселеге жоопкерчилик менен мамиле кылып, тергөөнү тездетүүгө чакырды:

- Азыр бийликтин оппоненттери бул окуяны кулактан тартып, өздөрүнүн 27-мартта жасайбыз деген аракеттерине пайдаланганы жатат. Алар элге бийликти алсыз кылып көрсөтүүнү көздөп жатышат. Анысы аз келгенсип, саясий куугунтуктар болуп жатат деп бийликти күнөөлөп, аларга башка иштерди да тартып жатышат. Ошондуктан бул ишке тыкан мамиле кылып, парламент менен тыгыз иштешиңиздер керек. Эч кимде бул иш боюнча ичинде шектенүү калбаш керек.

Буга чейин Бириккен элдик кыймыл шектүү жол кырсыгындагы окуя боюнча билдирүү жасап, Медет Садыркулов саясий тапшырма менен өлтүрүлдү деген бүтүмүн жар салган. Оппозициялык күчтөр белгилүү саясий ишмер президенттин үй-бүлөлүк башкаруу саясатындагы кыңыр иштерди ичинен билгени үчүн азыркы бийликке коркунуч туудуруп, акыры кылмыштуу жол менен жок кылынды деп эсептеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG