Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

АКШ Израилдин Батыш Иордандагы конуштарына каршы


Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху "Палестин автономиясы менен тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганга чейин, АКШ-Израил арасындагы келишпестиктер жөндөлүүгө тийиш" деп билдирди.

АКШлык-израилдик карама-каршылыктарды жөндөө үчүн Вашингтондун атайын чабарманы Жорж Митчелл жекшемби күнү Израилге келди.

Өкмөт (израилдик күчтөрдү) 1967-жылкы өңүттөрүнө чыгарып кетүүгө каршы.
Исраэл Кац



Израил жетекчилиги Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга байланыштуу Израил-АКШ ортосундагы карама-каршылыктар сентябрдын аягына чейин жөнгө салынат деп ишенет. Бул жөнүндө премьер-министр Нетаняху
Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху.
жекшемби күнү Израил өкмөтүндөгү жыйында маалымдады:

- Бүткөрчү иштер бар. Айрым иштер боюнча жылыш болду жана башка иштерде алга жылыш зарыл. Биз эки жээкти жакындатып, атүгүл дипломаттык жараяндарды алгалатуу үчүн көпүрө сала алабыз деп ойлойм. Биздин чочулоолорубуз ишти токтотконго негиз боло албайт. Биз дипломаттык жараяндын башталышын тоспойбуз.

Израил-палестин сүйлөшүүлөрү Израилдин Батыш Иорданда - жөөт конуштарын кеңейтүүсүнө байланыштуу былтыр декабрда токтогон. Басып алган жерлерде конуштарды куруу эларалык мыйзамдарга каршы келет.

Өткөн жумада Нетаняхунун өкмөтү - АКШ администрациясынын кайрылуусуна карабай - Иордан дарыясынын батышында 455 үйдү курууга уруксат берди. Бул аймакты Израил 1967-жылкы согушта басып алган.

Израилдин транспорт министри Исраэл Кацтын айтышынча, президент Обаманын жөөт конуштарын курууга каршы туруусу - Вашингтон менен Израил өкмөтү арасындагы келишпестиктин өзөгүн түзөт:

– АКШ администрациясы менен алдын ала макулдашып алчу иш бар: эгер сүйлөшүү башталса, премьер-министр конуштар маселеси анын колун байлабасын каалайт... Өкмөт (израилдик күчтөрдү) 1967-жылкы өңүттөрүнө чыгарып кетүүгө каршы. Өкмөттүн коопсуздук, чекара жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүдө карманчу позициясы айкын.

Исраэл Кац эскерткендей, Израил өз аскерлерин 1967-жылкы согушта ээлеп алган жерлеринен чыгарып кетүүгө да макул эмес. Израил өкмөтүнүн Батыш Иорданда жаңы жөөт конуштарын куруу чечиминен улам Палестин лидери Махмуд Аббас сентябрь аягында болчу БУУнун Башкы Ассамблеясы учурунда Нетаняху менен сүйлөшүүдөн баш тартууда. Бул сүйлөшүүгө Барак Обама да катышмак.

Үч тараптуу сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратпас үчүн жекшемби күнү АКШлык чабарман Жорж Митчелл Израилге келди. Митчелл ушу
АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Жорж Митчелл.
эле күнү израилдик-палестиналык тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра улантуу боюнча тараптар шымалана иштешип жатканын Израил президенти Шимон Перес менен чогуу билдирди:

- Биз көптөгөн маанилүү маселелер боюнча макулдашууга жетише элекпиз. Биз келишимге жетишүү үчүн бар аракетибизди жасайбыз. Азыркы визитимдин максаты ушундай.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чабарманы, бир жагынан, Израилди Батыш Иорданда жаңы жөөт конуштарын курдурбоого, экинчи жактан Араб өлкөлөрүнүн жөөт мамлекетин таануу боюнча алгачкы кадамдарды жасоосуна жетишүүсү абзел. Митчел буга жетишсе, Нетаняху, Обама жана Аббастын Нью-Йоркто кездешүүсүнө жол ачылат.

Египет президенти Хосни Мубарак да жекшемби күнү Каирде премьер-министр Нетаняху менен кездешкенден кийин Израилди “эл табигый жактан көбөйүүдө” деген жүйөө менен жаңы конуштарды курууну токтотуусуна чакырды.

XS
SM
MD
LG