Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Молдовада бийлик партиясы ара жолдо


Кишиневдогу оппозициялык жүрүштөн көрүнүш, 27-июл, 2009-жыл
Кишиневдогу оппозициялык жүрүштөн көрүнүш, 27-июл, 2009-жыл

Кыргыз бийликтери шайлоого келген европалык байкоочуларды «өз ишин билбейт» дешсe, Молдовада кыргыз байкоочуларын өлкөдөн чыгарып жиберишти.

Молдовада жаздагы парламенттик шайлоодон кийин экс-советтик дагы бир түстүү революция чыгып кете жаздаган. Кишиневдо демонстранттар парламентке өрт коюп, президенттин кеңсесин талкалашкан. Апрелдеги тополоңдон кийин полиция жүздөгөн кишини камакка алып, абактагыларды кыйнап жатышат, арасында өлгөндөрү бар экен деген айың кеп тарады.

Демонстранттар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп нааразы болушкан. Расмий жыйынтык боюнча бийликтеги Компартия добуштардын 60 пайызын алган. Бирок коммунисттерге президент Владимир Ворониндин мураскорун шайлоо үчүн бир добуш жетпей калган. Парламентте оппозиция бийлик партиясы каалаган талапкерлерди эки жолу шайлаттырбай койгондон кийин Воронин парламентти таркатып, ушул аптага жаңы шайлоо жарыялоого мажбур болгон.

Андан бери шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканы тууралуу көп нааразылыктар айтылууда. Аймактык жетекчилер Азаттыктын молдован кызматына Компартия тарабынан коркутуулар, добуштарды бурмалоо, шайлоочуларды сатып алуу аракеттери көп болуп жаткандыгын билдиришүүдө. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган атуулдардын добуштары туура эмес саналгандыгы жөнүндө көп айыптоолор болгон. Европанын эң жакыр өлкөсү болгон Молдовада шайлоочулардын ар бир төртүнчүсү чет өлкөдө иштейт.

Молдованын түштүгүндөгү Карабетовка айлынын администрация башчысы, оппозициядагы «Биздин Молдова» биримдигинин мүчөсү Тодор Сазачу коммунисттер эртеңки шайлоонун алдында жергиликтүү бийликтерге кысым көрсөтүп жаткандыгын билдирди:

Мени азыр эле прокуратурадан чалып, суракка чакырышты. Биз цивилдүү, демократиялык диалог түзгүбүз келет, бирок коммунисттердин уккусу жок.

Ал эми Молдованын борбордук аймагындагы Слобозия шаарынын эч партияга кирбеген мэри коммунисттик бийликтер ишканаларга кызматкерлерди коркутууга көрсөтмө бергендигин билдирди. Анатол Завалисканын айтымында, оппозиция мүчөлөрүн камакка алабыз деген коркутуулар болуп жатат.

Апрелдеги көбүнесе Европа биримдигине кирүүнү колдогон жаштардын толкундоолорунан кийин коңшулаш Румыния менен виза режими киргизилип, эки өлкөнүн алакасы начарлап кетти. Андан бери Европа Биримдиги Молдованы «Чыгыш Шериктештик» программасына киргизди, ал эми Москва өткөн айда Воронинге 500 миллион доллар карыз берди. Байкоочулар Молдовадан бөлүнүп кеткен Днестр жумуриятын колдоо менен да Москва Кишинев бийликтерине таасирин сактап келатат деп эсептешет. Ошол эле убакта Воронинди негизинен улуу жаштагылар, элет тургундары колдошот, алардын арасында Орусияны союздаш көргөндөр аз эмес.

29-июлдагы парламенттик добуш берүүдө коммунисттерге каршы үч негизги либералдык партия ат салышууда. Алардын ичинде Компартиядан өткөн айда бөлүнүп кеткен экс-коммунист Мариан Лупунун Демпартиясы да бар.

Сурамжылоо коммунисттердин бириккен оппозициядан артта экендигин көрсөтүүдө. Бирок шайлоонун акыйкат болооруна үмүт анчейин. Игор Ботан - Элдик Демократия биримдигинин өкүлү:

– Башкы проблема шайлоонун өзү эмес, ага чейинки шайлоо өнөктүгүнүн акыйкат болбогондугунда. Коммунисттер көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары шайлоочулардын башын айлантып келди. Административдик ресурс колдонулду, оппозицияны коркутууга полиция пайдаланылды. Шайлоочуларга мунун баары олуттуу таасир тийгизди.

Анын аралыгында, Шайлоону Көзөмөлдөө уюмдарынын Европалык биримдигине караган көз карандысыз байкоочулар делегациясы бүгүн Молдовада кармалды. Украиналык шайлоочулар комитетинин маалымат катчысы Алесандр Черненко Азаттыктын украин кызматына украин, грузин жана кыргыз жарандары кирген делегацияга өлкөдөн чыгып кетүүгө 24 саат убакыт берилгенин билдирди:

Молдова бийликтери шайлоонун азыраак көзөмөлдөнүшүн каалайт. Биздин байкоочулар көчөдө жүргөн адамдар эмес, алар өз өлкөлөрүндө, башка мамлекеттерде ондогон шайлоолорго байкоо жүргүзгөн.

Шайлоо өнөктүгү Молдовада 27-июлда аяктаган эле.

XS
SM
MD
LG