Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Монгол демократиясы: мортпу же бышыкпы?


Монгол демократиясынын лидери Санжаасурен Зориг (ортодо) жана өлкөнүн азыркы президенти Элбэргдорж Цахиагийн. 1989-жылдагы сүрөт.
Монгол демократиясынын лидери Санжаасурен Зориг (ортодо) жана өлкөнүн азыркы президенти Элбэргдорж Цахиагийн. 1989-жылдагы сүрөт.

Бүгүн (10-декабрда) Монголияда демократиялык ыңкылаптын жыйырма жылдыгы белгиленет. Ал кезде бул өлкөгө социалисттик Азияны, айрыкча Борбор Азиядагы автократияларды өзгөртүүнүн модели катары үмүт артышкан эле. Бирок соңку жылдары монгол демократиясы өнүкпөй калды. Анын мындан аркы келечеги кандай?

Мурдагы социалисттик жана советтик блоктогу өлкөлөрдөй эле Монголияда да өткөн кылымдын 90-жылдарында эски түзүлүштөн жаңы багытка өтүү процесси башталган.

1989-жылы 10-декабрда ордо шаар Улан-Батордо эки жүздөй киши демонстрацияга чыгып, демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылышкан.

Аларга көп өтпөй студенттер, илимпоздор, кенчилер менен малчылар кошулуп, чакан митингдин арты азан-казан жыйындарга айланган. 1990-жылы 9-мартта коммунисттердин өкмөтү эч кандай калба-коогасыз бийликтен кеткен.

Кызыгы - демократиячыл кыймылды Москва университетинде окуп, илимий коммунизмдин уркуна сугарылган Санжаасурен Зориг жетектеген. Монгол демократиясынын жеңишин да Зориг жарыялаган.

Калыс шайлоо жараяндары

Монголиядагы кансыз төңкөрүш көптөрдү шүйшүнткөн. Зориг жана башка лидерлер өз тарапкерлерин ар кандай калпыс кадамдардан сактандырып, аларды байистүү болууга үндөп-чакырып турушкан. Ошол жылдын этегиндеги шайлоодо демократтар өлкөнүн тарыхында биринчи ирет парламентке кирген.

1996-жылдагы шайлоо демократтардын толук жеңиши менен аяктаган. Конституция өзгөртүлүп, өлкө каркап саясий-экономикалык реформаларга киришет.

Орус мектептери жабылат, монгол тили мамлекеттик деңгээлге чыгарылат, бутпарасчылык дуулдап оожалып, жүздөгөн ибаадатканалар салынат, илимпоздор жапырт элдик мурастарды кайра "тирилткенге" киришет, Чыңгыз хан ырасмий түрдө улуттун атасы болуп жарыяланат.

Иши кылып, монголдордун өнөгөсү регионалдык аймактын тарыхында демократиянын ийгилиги жана советтик Борбор Азиядагы автократиялык режимдерди өзгөртүүнүн үлгүсү катары карала баштайт.

Либералдашуу жолундагы кыйынчылыктар

АКШнын Колумбия университетинде монгол тарыхынан дарс окуган илимпоз Моррис Россаби эски түзүлүштүн чеңгелинен чыгуу жергиликтүү калкка чоң кыйынчылыкка турганын эске салды.

"Монголия соода-сатык товарлары менен инвестициялардын 90 процентин совет блогунан алып турган, ошондуктан советтик түзүлүш жоюлганда монголдор мыдыры жок калышты. Аргасыздан эл аралык финансы институттарына кайрылышты, алар болсо алды-артын караштырбай эле дароо менчиктештирүү ишин баштоону талап кылышты. Натыйжада жумушсуздар көбөйдү, инфляция күч алды, калкты жакырчылык каптады".

Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана башка финансы институттары бардык советтик республикалардай эле монголдорду да агрессивдүү экономикалык реформаларга түртүштү.

Жан эсебине алып санаганда Монголия көлөмү жагынан эң көп карыз алган дүйнөдөгү бешинчи өлкөгө айланды. Бирок анын баары элдин турмушун оңдомок турсун кайра оорлотту.

Социализм маалындагы жыргалчылыктардан, айрыкча акысыз медицинадан, бала бакча, мектептен калк ныпым кур калды.

Байкоочулар өлкөдө көп партиялуу система бар экенин, атүгүл оппозициянын шайлоодо бийликти утуп алмайы кадимкидей көрүнүшкө айланганын айтышат. Бирок алардын айрымдары монгол демократиясынын келечегине ишене беришпейт.

Монголияда калктын дээрлик кырк проценти көчмөн турмуштун чен-өлчөмдөрүнөн алып караганда деле орточо деңгээлге чыкпаган шартта жашайт.

Дал ушул жакырчылыкты эксперттер монгол демократиясынын башкы кемчилиги, анын кендирин жана келечегин кескен фактор дешет.

(Уландысы бар).

XS
SM
MD
LG