Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Сот Мумбайдагы чабуулга катышкан пакистандыктын күнөөсүн тапты


Мохаммад Ажмал Касаб Мумбайдын темир жол вокзалында. 26-ноябрь 2008
Мохаммад Ажмал Касаб Мумбайдын темир жол вокзалында. 26-ноябрь 2008

Индиянын соту пакистандык Ажмал Амир Касабды Мумбай шаарында 2008-жылы ноябрда болгон “чабуулга катышты” деп тапты.

Мумбайдагы чабуулда 174 киши, анын ичинде тогуз согушчан өлгөн жана 300дөн ашуун адам жарадар болгон. Индиянын ички иштер министри Паланиаппан Чидамбарамдын сөзүнчө, Касабдын соту Пакистанга “терроризмди экспорттобошу керек экенин” шарданалады.

"Лашкер-е-Тайба" каржылап машыктырган террорчулар Мумбайдагы "Тажмахал" мейманканасында да тополоң салышкан, 27- ноябрь 2008


271 күнгө созулган сот


Ажмал Амир Касаб 2008-жылдын ноябрында Мумбайда болгон чабуулда тирүү калган жалгыз террорчу. Калган тогуз согушчан үч күнгө созулган калабада жок кылынган.

22 жаштагы Касабга бардыгы 86 берене боюнча, анын ичинде киши өлтүрдү жана Индияга каршы согуш ачты деген айып тагылды. Соңку эки берене менен күнөөлөнгөн адам - Индиянын мыйзамына ылайык өлүм жазасына тартылат.

Кабарчылардын билдиришинче, пенжаптардыкындай узун ак желек кийген Касаб өкүмдү камырабай туруп уккан.

Соттун жүрүшүндө Касабдын Мумбайдын темир дол вокзалындагы 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жана 100дөн көп адам жарадар болгон чабуулга катышканы далилденди. 271 күнгө созулган сотто 650дөй күбө көрсөтмө берди. Күбөлөр алмашып калбасы үчүн алардын ДНКлары текшерилип, манжаларынын изи жана вокзалда чабуул учурунда тартып алынган видеотасмалар да пайдаланылды.

Индиялык эки жарандын күнөөсү далилденген жок

Чабуулга жардамдашты деп кармалган индиялык эки жаранды сот күнөөсүз деп актады. Эми өкүм 4-майда жарыяланат деп күтүлүүдө. Бирок Индиянын сот системасы менен тааныш журналисттер өкүм дагы бир нече күндөн кийин жарыяланышы мүмкүн дешет.

Студенттер Мумбайдагы чабуулда өлгөндөрдү эскеришүүдө. Жаңы Дели. 26-ноябрь 2009

Мумбайдагы чабуулда полиция күйөөсү жарадар болгон Мадхури Павар деген аял 160тан көп адамдын өмүрүн жалмаган чабуулдун катышуучусун токтоосуз дарга асыш керек деп эсептейт:

- Касаб өз маалында жогорку жазасын алыш керек. Эки жыл күткөнгө убакыт жок. Аны токтоосуз асыш керек.

Касаб адегенде ага коюлган күнөөнү танган. Бирок былтыр июнда Пакистанда тыйуу салынган исламчыл “Лашкер-е-Тайба” уюмунун базасында 10 террорчу менен чогуу машыкканын мойнуна алып, өзүн дарга асууну сураган. Лекин кийин сөзүнөн танып, полиция кыйнагандан жок күнөөнү “мойнума алдым” деп чыккан.

Жаңы Дели Мумбайдагы чабуулду уюштурууга Пакистандын коопсуздук кызматтарынын катыштыгы бар деп, Исламабад тынчтык сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгон. Исламабад оболу актанып чыкканы менен кийинчерээк чабуулду террорчулар Пакистанда дагы пландашканын жана Касаб өз жараны экенин моюндаган.

Ядролук бомбалуу коңшу эки өлкө арасындагы мамиле азыр кайра оңоло баштады. Өткөн аптада эки өлкөнүн лидерлери Бутандагы регионалдык саммит учурунда кездешип, өз ара алаканы нормалдаштыруу маселелерин талкуулашты. Бул лидерлердин Мумбайдагы кан төгүүдөн берки биринчи ырасмий кездешүүсү болду.

XS
SM
MD
LG