Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Пакистан “Алланын аскерлеринин” ана башыны Иранга кармап бербейт


Сунни козголоңчуларынын "Жундалла" тобунун башчысы Абдулхамид Риги Ирандын түштүк чыгышындагы Захедан шаарындагы пресс-конференцияда. 25-август 2009-ж.
Сунни козголоңчуларынын "Жундалла" тобунун башчысы Абдулхамид Риги Ирандын түштүк чыгышындагы Захедан шаарындагы пресс-конференцияда. 25-август 2009-ж.

22-октябрда Исламабатта Ирандын жана Пакистандын ички иштер министрлери кездешти. Кездешүүдө Ирандын ички иштер министри Нажжар Исламабатты белуждардын козголоңчул “Жундалла”(Алланын аскерлери) тобунун башчысын өткөрүп берүүнү сурады.

Мустафа Мухаммад Нажжар өз сөзүндө Тегеранда “Алланын аскерлеринин” лашкер башы Абдулмалик Ригини “Пакистанга маашырлана каттап жүргөнүн” тастыктаган далилдер бар экенин, Ригиге баш паанек берүү жакшы мамиледеги коңшулаш эки өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келерин” да белгилей кетти.

Ирандык жоокерлер Пакистандын чек арасында.
Пакистандын ички иштер министри ирандык өнөктөшүнүн суранычына түз жооп берген эмес. Бирок, Пакистан тараптын маалымдашынча, өлкөнүн ички иштер министри Рехман Малик даражалуу ирандык коноктун суроосуна “Пакистан өз жерин Иранга же башка өлкөлөргө каршы ар кандай террорчулуктарды жасоо үчүн пайдаланууга жол бербейт” деп жооп берген.

“Алланын аскерлеринин” жекшемби күнкү Ирандын түштүк чыгышындагы Белужистан провинциясындагы бомба чабуулунан 42 киши, анын ичинде Ирандын ыңкылапчыл гвардиясынын эки генералы өлгөн. Бул алты жыл мурда Иран өкмөтүнө азуусун көрсөтө баштаган “Жундалла” уюштурган өтө кандуу чабуул болду.
Ирандын ынкылапчыл гвардиясынын аскерлери "Жундалланын" 18-октябрдагы чабуулунда курман болгон өз командирлери менен катарлаштарынын эскерген сүрөттөрдү көрүшүүдө. Тегеран. 20-октябрь.


Иран өкмөтү Пакистан менен чектеш Систан-Белужистан провинциясында тамыр жайган “Алланын аскерлерине” каршы Исламабат менен биргеликте согуш жүргүзөбүз деген үмүттө. Бирок эки жактын бир мунасага келери татаал.

Исламабат да Иран сыяктуу Пакистандын түштүк батышындагы белуж адаватчыларына каршы маал-маал жортуулга чыгып тургандыктан, “Жандуллага” каршы бирге урушкандан утчудай. Анткен менен, Пакистан армиясы ушу тапта Түндүк Батышта талиптерге каршы ургаалдуу согуш ачкандыктан, Түштүк Батышта дагы бир уруштуу баштоо армия үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратмак. Ошондой эле өлкөдөгү кырдаалга тескери таасир этмек.

Тараптар 18-октябрдагы “Алланын аскерлеринин” кандуу чабуулунан кийин жасаган билдирүүлөрү да бул маселеде Ирандын жана Пакистандын ырасмийлери бир бүтүмгө оңой олтоң келе койбосун жышааналайт.

Иран 42 кишинин өмүрүн жуткан чабуулдан соң “Жундалла” АКШ, Британия жана Пакистандын коопсуздук кызматтары менен байланышта, топтун ана башы Абдумалик Риги Пакистанда жашынып жүрөт деп жар салган.

“Алланын аскерлери” бомба чабуулду эки генерал уруу аксакалдары менен масилээт куруп жатканда жасашкан.



Президент Ахмединежад болсо Пакистандан чабуулдун уюштуруучуларын өткөрүп берүүнү талап кылган:

- Биз Пакистан өкмөтүнөн террордук чабуулдун негизги катышуучуларын создуктурбай кармап берүүнү сурайбыз. Бизде Пакистандын коопсуздук кызматынын кээ бир агенттери террордук чабуулдун негизги элементтери менен кызматташканы жөнүндө маалымат бар. Кылмышкерлерди өткөрүп берүүнү талап кылууга биздин укугубуз бар.

Ирандын берегидей дооматын Исламабат, Вашингтон жана Лондон ошол замат куру сөзгө чыгарып, террордук чабуулду айыпташкан. Исламабат өзүндө “Алланын аскерлеринин” башчысы Ригинин Ооганстанда жүргөнүн ырастаган маалыматтары бар экенин да билдирген.

Пакистан полициясынын кызматкерлери "Тегрик-е Талибан Пакистан" кыймылынын мүчөсү деп шектелген эки туткунду сотто күзөтүп турушат. Карча. 20-октябрь 2009-ж.
Жекшемби күнкү Систан-Белужистан провинциясындагы чабуул Иран жетекчилигин өз масштабы боюнча эле эмес, өлгөндөрдүн ичинде өлкө сыймыгы саналган Ынкылапчыл гвардиянын даражалуу командирлери болгону үчүн өзгөчө жаалдантты.

Ыңкылапчыл корпустун армиясынын орун басар командири, бригада-генералы Нуралы Шуштари жана корпустун Систани-Белужистандагы бөлүгүнүн башчысы, генерал Ражабали Мухаммадзаде “Жундалланы” жок кылууга жетекчилик кылууга дайындалган болчу. “Алланын аскерлери” жөнөткөн жанкечтилер бомба чабуулун эки генерал уруу аксакалдары менен масилээт куруп жатканда жасашкан.

“Жундалланын” айтышынча, алар сунни белуждарды Ирандын шиит бийликтеринин кордугунан коргоону максат кылып, казатка чыгышкан.

Белуж козголоңчулары беш жыл мурда Пакистандын белуждар жашаган аймагына автономия берүүнү жана аймактын кен байлыктарынан түшкөн кирешени калыс бөлүштүрүү талап кылып, күрөшкө чыкандан бери жүздөгөн адамдардын өмүрүнө зобун келтиришти.

Чек аранын Иран жана Пакистан тарабындагы белуждар жашаган аймак региондогу эң жарды аймак эсептелет. Тегеран жана Исламабат белуждарга каршы чогуу күрөшсөк, чек аранын эки тарабындагы жикчилер биригип кетиши мүмкүн деп чочушат.

XS
SM
MD
LG