Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Корбашы Тахир Юлдаштын өлгөнү кабарланууда


Өзбекстан ислам кыймылынын корбашысы Тахир Юлдаш.
Өзбекстан ислам кыймылынын корбашысы Тахир Юлдаш.

Пакистан бийликтери Өзбекстан ислам кыймылынын анабашчысы Тахир Юлдаш августтун аягында аба чабуулунан курман болгонун эми гана кабарлашты.

Өзбекстандын бийликтери "Тахир Юлдаш өлдү" деген кабарга өз пикирин билдире элек.


Тахир Юлдаш өлгөнүн 2-октябрда Пакистандын коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү маалымдады. Бирок Пакистан армиясынын өкүлү, генерал-майор Атар Абас “Азаттыкка” алар да Юлдаш өлгөнү жөнүндө эшиткенин, лекин ишенимдүү далилдер жок

Юлдаш бир колун жана бутун жоготкон...

экенин билдирди.

"Ал-Каиданын" Ооганстандагы лашкер башчысы, мисирлик Абу ал-Жазид алкаидачылар Пакистан талиптеринин башчысы Байтулла Месуддун өлүмү үчүн өч алыша турганын видеотасма аркылуу эскертүүдө. 1-октбярь 2009-ж.
Тахир Юлдаш баштаган Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары ооган талиптери кыйратылгандан кийин Пакистан тарапка ооп качып, өлкө батышындагы Түштүк Вазиристан аймагын баш пааналап жүргөн.

Жергиликтүү пуштун журналистти Сайлаб Месуддун “Азаттыкка” сөзүнчө, чалгындоо кызматтары таркаткан билдирүүдө жана эл ичинде Юлдаш 27-августта Түштүк Вазиристандын Канигурум кыштагына жасалган ракета чабуулунда оор жараат алып, ошол жарааттан көз жумган деп айтылат:

-Чабуулда ошондой эле жергиликтүү талиптердин командирлери Нур Ислам, Абдулла жана башкалар жараат алышканын чалгындоо кызматтары кабарлашты. Маалыматта Юлдаш бир колун жана бутун жоготкон деп айтылат. Бирок Пакистан талиптеринин лидери Кары Хусейн мындай кабарды калпка чыгарууда.

Пакистандык журналисттин сөзүнчө, Юлдаштын бир нече жардамчысы да өлдү, же жарадар болду деген маалымат бар.
Тахир Юлдаш. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.


28-сентябрда өзүн Юлдаштын жанжигитимин деген белгисиз бирөө “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына телефон чалып, Юлдаш жана анын бир нече орун басарлары курман болгонун билдирген. ӨИК Юлдаштын өлүмүн жашырууга аракеттенүүдө, анын ордун татар Абдурахман ээледи, деп кошумчалаган телефон чалган белгисиз адам.

Буга чейин Тахир Юлдаштын өлгөнү тууралуу көп эле жолу кабарланып, бирок анын артынан эле Юлдаш өзү тирүү экенин аудио же видео тасма аркылуу жар салчу. Бул ирет Юлдаш орозонун башталышы жана Айт майрамы менен куттуктоо жасаган эмес.

“Ал-Каида” жана талиптер менен тыкыс байланыштагы Өзбекстан ислам кыймылы - ӨИКнын ана башынын өлүмү-Түштүк жана Борбор Азиядагы террорчуларга каршы согуштагы чоң ийгилик. Тахир Юлдашка паанек берген жакын ымалашы, Пакистан талиптеринин ана башы Бейтулла Месуд 5-августта АКШлык пилотсуз учактын чабуулуна кабылып өлгөн.

Пакистандык журналист жана регион боюнча эксперт Ахмед Рашиддин “Азаттыкка” айтышынча, Юлдаштын өлүмү чын чыкса, бул Борбор Азиянын исламчыл согушчандары үчүн чоң жоготуу, ал эми "америкалыктар үчүн, Пакистан жана Өзбек бийликтери үчүн,
Ооганстан. Хазар дыйкандар тоонун боорундагы талиптер кыйраткан Будданын айкелине жакын жерде иштеп жатышат. 25-сентябрь 2009-ж.
арийне, чоң ийгилик".

Бир жылдары Пакистан уруулары астындагы аймак боюнча коопсуздук кызматын жетектеген генерал Мехмуд Шахтын сөзүнчө, Юлдаштын өлүмү пакистандык талиптердин колун жукартат:

- Мындан пакистандык талиптер көп чыгым тартат. Юлдаш башындагы ӨИК көп деле активдүү эмес болчу. Башка өтө актвидүү адамдар бар. Ал бул жерде отуруп алып, Пакистанга зыян келтирчү жана акча тапчу.

Юлдаштын өлүмү Ахмуд Рашиддин боолгошунча, акыркы сегиз жылда Борбор Азияда өз бөлүмдөрүн түзүүгө аракет кылган ӨИКтин бул багыттагы аракетин бошоңдотот. Борбор Азия өкмөттөрү жана жеке адамдар Юлдаштын өлүмүнө эки башка мамиле кылат, дейт пакистандык эксперт:

- Менин оюмча, өкмөттөр ичтен өтө сүйүнөт. Бирок согушчандар өлкө үчүн чоң проблема болгонун коом алдында ачык айтпайт. Ошентип, Юлдаш Өзбекстан, Казакстан же Кыргызстан үчүн коркунуч туудурганы элге айтылбайт деп ойлойм.

Өзбекстандын бийликтери "Тахир Юлдаш өлдү" деген кабарга өз пикирин билдире элек. Тажикстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү ӨИКтин корбашысынын өлүмүн тастыктаган ырасмий маалыматтары жок экенин, ошон үчүн ырасмий билдирүү жасашпасын айтышкан.

XS
SM
MD
LG