Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Барак Обама популярдуулугун АКШнын пайдасына айланта алабы?


АКШ президенти Барак Обама Чехиянын борбору Прагада аны угууга келген 30 миң адамдын алдында сүйлөөдө, 5-апрель 2009
АКШ президенти Барак Обама Чехиянын борбору Прагада аны угууга келген 30 миң адамдын алдында сүйлөөдө, 5-апрель 2009

Президент Барак Обама Европадагы биринчи визити учурунда чет элдик лидерлердин көңүлүнө толуп, аны укканы чогулган миң сандаган элдин сүймөнчүгүнө айланды. Бирок көпчүлүк байкоочулардын пикиринче, Обама али эл аралык майданда конкреттүү ийгиликке жетишпеди.

Талдоочулардын баамдашынча, президент Обаманын Европадагы алты өлкөгө жасаган сапары - элдик дипломатиянын жеңиши болду. Эмки маселе, Обама популярдуулукту пайдаланып, европалык өнөктөштөрдүн АКШ артыкчылык берген маселелерди колдоосуна жетише алабы? Себеби, көпчүлүк Европа өлкөлөрү Обама кайрылганына карабай, НАТОнун Ооганстандагы миссиясына 5 миң гана аскер жөнөтмөкчү. Алардын үч миңи августтагы президенттик шайлоодон соң мекенине кайтат. Ал эми Обама 30 аскер жиберип, жалпы санын 68 миңге чыгармакчы.
Обама популярдуулукту пайдаланып, европалык өнөктөштөрдүн АКШ артыкчылык берген маселелерди колдоосуна жетише алабы?

Америкалык аскерий черүү Ооганстандын Нуристан провинциясында, 3-апрель 2009
Чоң жыйырма да Лондондогу жыйынында президент Обаманын глобалдык экономиканы стимулдаштыруу планын колдобой койду. Вашингтондун БУУнун Коопсуздук Кеңешине Түндүк Кореянын 5-апрелдеги ракета сыноосун айыптаган резолюция киргизүү аракети да таш капты. Демилгени Кеңеште вето укугуна ээ Россия менен Кытай колго салууга жеткирбей токтотушту.

Жеймс Голдгайер Нью-Йорктогу бейөкмөттүк белгилүү эксперттик борбор - Тышкы байланыштар кеңешинин талдоочусу. Анын оюнча, АКШ оболу европалык өнөктөштөрү менен Россия сыяктуу каршы тарапты эскертпей туруп, ортодогу пикир келишпестиктерди жөндөөсү зарыл:

- Маселенин өзөгү: Барак Обаманын Кошмо Штаттар менен башка өлкөлөр арасындагы көп түрдүү мамилелердеги негизги карама-каршылыктарды жөндөй алганында. АКШ менен Россиянын дүйнө таанымында да олуттуу айырма бар. Чоң маселелер боюнча АКШ менен европалыктардын пикирлери эки башка. Тараптар узак мөөнөттүк, бир түндө чечилбөөчү стратегияны көздөшү керек. Ошондо да ортодогу олуттуу айырмачлыктар кандай жөндөлөөрү беймаалым.

Серпчилердин ырасташынча, президент Обама стратегиялык оюндарды билет. Обаманын саясый кеңешчиси Дэвид Акселроддун Ыстамбулда түшүндүрүшүнчө, бир өсүмдүктү тигип түшүмүн алуу бир жумалык иш эмес, АКШнын аброюн калыбына келтирүү узак жараян.

Профессор Николас Гроздев Ахселроддун лакап сөзүнө ишаара кылып, Вашингтондун дүйнөдөгү жаңы ролун аныктоо мезгилдин талабы дейт:

- Маселе үрөндү сепкенде эмес, кыртыштын семиз экенинде. Башка өлкөлөр өз кызыкчылыгы АКШнын кызыкчылыгы менен бирдей экенин туюшканда кыртыш түшүм берет. Кошмо Штаттрдын сунушу пайдалуу экенин башкалар сезишсе, кыртыш да жумшак болот.

Николас Гроздев - АКШнын согуш деңиз колледжинин профессору. Серепчилер Барак Обама өзүнөн мурдакы президент Жорж Буштан өзгөчөлөнүп, эл аралык олуттуу проблемаларды прагматикалуу жол менен мыйзамый негизде, каршы тарптардын пикири менен эсептешип чечүүгө ынтызарлыгын көрсөтүүдө дешет. Обама Чоң жыйрманын саммити учурунда президент Медведев менен ийгиликтүү сүйлөшсө да, Россия АКШ күткөндөй Иранды ядролук дымагынан баш тарттыра аларына серепчилер көп ишенишпейт.

XS
SM
MD
LG