Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Барак Обама Жорж Буштун коопсуздук доктринасын четке какты


Президент Барак Обама өзүнөн мурдакы президент Жорж Буштун "озунуп сокку уруу" доктринасын "архивге" жөнөттү.
Президент Барак Обама өзүнөн мурдакы президент Жорж Буштун "озунуп сокку уруу" доктринасын "архивге" жөнөттү.

АКШ өкмөтү Улуттук коопсуздуктун жаңы стратегиясын жарыялады. Обаманын стратегиясы мурдакы президент Жорж Буштун душманга алдын ала сокку уруу доктринасын жокко чыгарат.

Ошондой эле тышкы саясатта глобалдык кызматташууга, жигердүү дипломатияга өзгөчө маани берет. Өлкө ичиндеги террорчулуктун коркунучуна каршы күрөшүү улуттук коопсуздукту камсыздоонун негиздеринин бири экени ондогон жылдардан бери биринчи ирет баса белгиленет.
Мамкатчы Хиллари Клинтон Брукинг институтунда президент Барак Обама сунуш кылган Коопсуздук стратегиясы боюнча түшүндүрмө берүүдө. Вашингтон. 27-май 2010

Мамкатчы айым жаңы стратегияны түшүндүрдү

Президент Обама сунуш кылган Коопсуздук стратегиясы өлкөгө коркунуч туудурган сырткы жана ички булактардын кеңири мүнөздөмөсүн берет. Стратегия, Мамкатчы Хиллари Клинтон Брукинс изилдөө борборунда айткандай, коопсуздук түрдүү багыттагы ишмердүүлүктүн туундусу экенин айкын көрсөтөт:

- Азыркы улуттук коопсуздук стратегиясы өлкө ичиндеги күчүбүздү, ички коопсуздукту камсыздоону, өлкөнү коргоону жана тышкы саясатты камтыйт. Бул стратегияны улуттук кызыкчылыгыбызды алдыга жылдырууда жана орток проблемаларды чечүүдө Америка жетекчилиги пайдаланат.

Мурдакы президент Жорж Буштун доктринасында эгер капылет жасалчу кол салуулар жөнүндө айныгыс далилдер болсо, АКШ озунуп сокку ураары ачык жазылган эле. Обаманын стратегиясында АКШнын коопсуздугун камсыздоодо көп тараптуу кызматташууга жана дипломатияга артыкчылык берилет.

Тактап айтканда, күч колдонгондон мурда мүмкүн болгон башка жолдор кылдат таразаланып, анын баасы жана чыгымы эсептелип көрүлөт; Вашингтон тышкы саясатта Буш кезиндегидей жалгыз аракеттенбей, БУУнун Коопсуздук кеңеши жана НАТО менен колмо-кол
Жорж Буш (солдо) жана Барак Обама (оңдо). Ак Үй. Вашингтон.10-ноябрь 2008
иштешет.

Жаңы стратегия же "акыл менен күч колдонуу" саясаты

Оппозициядагы республикачылар Обаманын коопсуздук саясаты АКШны алсыратат деп, сындашты. Бирок,Клинтон айым “күчтү акыл менен колдонуу” учурдун талабына ылайыктуу экенине көңүл бурду:

-Биз азыр мурдакыдан алсыз эмеспиз. Анткен менен күчүбүздү башкача колдонуубуз керек. Биз күчтү түз пайдаланбай акылдуу пайдаланууга өтүүдөбүз жана күчкө түз таянбай, аны таасир көрсөтүүгө айкалыштырып иштөөгө арктыкчылык беребиз.

Клинтон айым айтканга караганда, АКШ коопсуздугунун жаңы стратегиясы мурдакыдай эле демократиялык баалуулуктарды жана адам укугун коргоо саясатынан тайбайт.

Терроризмге каршы согуш ислам динине каршы багытталбаганы жана АКШнын дүйнөдөгү орду экономикасына жараша аныкталары 52 барактык документте ачык айтылат. Же Мамкатчы Клинтондун сөзүнчө:

-Кошмо Штаттар чет өлкөдө күчтүү болуусу үчүн өз үйүндө кубаттуу болушу шарт.

Быйыл АКШнын бюджеттик дефицити 1,5 триллиондон ашып кетиши ыктымал.

Обманын Улуттук коопсуздук стратегиясы ондогон жылдардан бери биринчи жолу өлкө ичиндеги террордук маанайга каршы күрөшүү чоң милдеттердин бири экени шардана кылды. Буга катар Иран жана Түндүк Корея ядролук программаларынан айныбаса, Вашингтон эл аралык коомчулукка таянып, бул эки өлкөгө каршы катаал чара көрүүгө умтулары эскертилет.

XS
SM
MD
LG