Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Обама: Деңизге аккан кара май "теңдешсиз апаат" болду


Америкалык жумушчулар мунайдын жолун бөгөчү трубаны орнотушууда. Миссисипи, Галпорт шаарчасы, 1-май, 2010
Америкалык жумушчулар мунайдын жолун бөгөчү трубаны орнотушууда. Миссисипи, Галпорт шаарчасы, 1-май, 2010

АКШ президенти Барак Обама Мексика булуңундагы өндүрүштүк кырсыктан улам агып жаткан кара майды “эбегейсиз жана теңдешсиз табигый апаат” деп атады.

Президент Обама айла чөйрөгө чоң коркунуч жараткан өндүрүштүк кырсыкка каршы иштердин жүрүшүн көрүү үчүн 2-апрель күнү түштүктөгү Луизиана штатына келди. АКШ президенти Венеция портуна келгенде жамгыр нөшөрлөп куюп, катуу шамал айдап турду.

Президент Барак Обама Мексика булуңундагы Венеция чек ара борборунда болгондон кийин сөз сүйлөөдө. 2-май 2010

Ал кара майдын деңизге жайылып агып кетүүсү үчүн жоопкерчиликти "Бритиш Петролиум” компаниясына жүктөдү:

- Кара майдын агып кетүүсү үчүн “British Petroleum” жоопкер. Ал бардык чыгымды төлөп бериши керек. АКШ президенти катары кризис канча созулбасын, ага каршы күрөштө эч нерсени үнөмдөбөйм. Бургулоо маалында эмне болгону иликтенип жатканда, бар аракетибиз аккан мунайды токтотууну координациялоого жана Мексика булуңу үчүн дагы чоң зыяндын алдын алууга багытталат.

20-апрелде "Бритиш Петролиумга” таандык Deepwater Horizon платформасы жарылып, эки күндөн кийин чөгүп кеткенден кийин деңизге кар май ага баштаган. Кырсыкта 11 жумушчу набыт болгон.

Күнүгө Мексика булуңуна 5 миң барррел же 800 миң литр кара май агып жатканы, авариядан бери деңизге 6 миллион литрге жакын мунай төгүлгөнү маалымдалды.

29-апрелде Луизианада, андан соң Флорида жана Алабама штаттарында чукул кырдаал абалы жарыяланган. Калкылдаган мунайдын уюткусу ушу тапта Лиузиананын жээгине жетип, Флорида жана Алабаманын жээгине жакындоодо.

АКШлык жасалма жандоочу- Terraдан тартып алынган сүрөттө Луизиананын жээгин көздөй созулуп жаткан мунайдын уюткусу көрүнүп турат. 29-апрель r2010

Катуу шамал жана толкуган деңиз кемелердин 113 чакырымдан 200 чакырымга чейин созулуп жаткан мунайдын уюткусун жыйноосун кыйындатууда.

Президент Обаманын сөзүнчө, аккан мунай АКШнын жээгиндеги штаттардын экономикасына жана жаратылышына “олуттуу зыян” келтириши ыктымал. Луизиана жана Флориданын жээгинде балыктарды кармоого 10 күнгө тыйуу салынды.

"Бритиш Петролиум” бардык чыгымдар мыйзам чегинде төлөп берилерин жана мунайдын агымын убактынча токтотконго азы бир апта керек экенин маалымдады.

Компания төрагасы Лэмар МаКей келерки 6-8 жума ичинде кендин оозу жасалма дубал менен жабылат деген үмүттө. Бирок АКШнын ички иштер министри Кен Салазар кендин оозун бөгөгөнгө кеминде 3 ай зарыл болот дейт:

- Сценарий өтө жаман. Океандын бетинен 3,5 миль тереңде дубал курулганча жок дегенде 90 күн керек болот. Ал иш бүткөнчө дагы көп мунай агып кетиши мүмкүн.

Мунай жайыла берсе 1989-жылы Аляскада Exxon Valdes мунай танкери алып келген зыяндай чоң алаамат кайталанат деген чочуулоолор да айтылууда. Анда деңизге 40 миллион литрге жакын мунай төгүлгөн.

Бул авария президент Обама үчүн чоң сыноо. Себеби 2005-жылы Луизианын жээгин “Катрина” ураганы басканда ал кездеги президент Жорж Буштун администрациясы табигый апааттан жабыркаган элге тез жардам бере албады деп сындалган.

XS
SM
MD
LG