Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Барак Обама Түркия аркылуу ислам дүйнөсүнө дубай салам жөнөттү


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана президент Барак Обама Ыстамлдагы Айя София мечитинде, 7-апрель 2009
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жана президент Барак Обама Ыстамлдагы Айя София мечитинде, 7-апрель 2009

Президент Барак Обама Түркиядагы ырасмий жолугушууларда Түркия дүниявий, демократиялуу, ислам дөөлөттүү өлкө экенине басым жасады. Ал Түркиядагы сапарынын соңку күнү Ыстамбулдун Айя София жана Султан Ахмед мечиттеринде болуп, түрдүү диндердин башчылары жана университетердин студенттери менен кездешти.

Президент Обама 7-апрелде премьер-министр Эрдогандын коштоосунда Византия жана Ислам архитектурасынын мыкты үлгүсү болгон Айя София жана Султан Ахмед мечиттерине барды. Андан соң университеттердин студенттери кездешип, пикир алмашты. Ал эртең менен ислам, иудаизм жана тарса диндеринин лидерлери менен жолуккан.

Барак Обама сапар учурунда АКШ мусулман дүйнөсү менен жаңы мамиле курууну каалаганын жараян кылды. Дүйшөмбү күнү Түркиянын парламентинде сүйлөп, өз ара алака террорчулукка каршы күрөш менен чектелбесин баса белгиледи:

-Мен, ошондой эле, Американын мусулман коому, мусулман дүйнөсү менен байланышы биздин терроризмге каршы чогуу аракетибизге гана негизделбе турганын айта кетмекчимин. Биз өз ара мамилени эки жактын кызыкчылыгына жана бири-бирин урматоого негизинде куруп кеңейтүүгө ынтызарбыз. Биз кылдат эшитебиз, ич ара түшүнбөөчүлүктөн жол табабыз жана жалпы кыртыш издейбиз.

Барак Обама өзүнүн кениялык туугандары мусулман экенин, эң чоң мусулман өлкөсү-Индонезияда өскөнүн да эскерте кетти.

Серепчилер менен маалымат булактары АКШ президенти бир катар катаал маселелерди, анын ичинде Ислам дүйнөсүнө кайрылууну Түркиянын ислам мамлекети экенин айтпай туруп, кынтыксыз жасаганына назар салышты. Премьер-министр Эрдоган башындагы исламчыл партия-Адилеттик жана өнүгүү партиясы 2002-жылы ноябрда бийликке келгенден тарта дүниявий-секуляристтер менен исламчылар арасында саясый-социалдык тирешүү курчуган.

Обама, “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, исламга болгон байланышы, Түркиядагы “бекем жана кубаттуу демокртия“ жөнүндө эки тараптын тең купулуна толгондой сүйлөдү”. Ал парламентке жасаган кайрылуусунда Түркияда кийинки жылдары жүргүзүлгөн саясый реформаларды санап өттү:

-Акыркы бир нече жылда, сиздер мамлекеттик коопсуздук сотун жоюп, адвокаттардын укугун кеңейттиңиздер, мыйзамдар топтомун реформаладыңыздар, басма сөз жана чогулуу эркиндигин мыйзамый тңрдөй бекемдедиңиздер. Күртчө окутууга жана берүүлөргө уруксат бердиңиздер, жаңы өкмөттүк күрт телестанциясы ачылганын дүйнө ыраазылык менен кабыл алды.

Барак Обама Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы осмон түрктөрүнүн армяндарды кырганы жөнүндөгү өтө сезимтал тема боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “геноцид” деген сөздү түк колдонбоду.

Талдоочулар байкагандай, ал “жолундагы тузакты” байкатпай аттап кетти. Обама бу сындуу талаштуу маселени жана башка проблемалар Түркия жана Армения арасындагы сүйлөшүүдө чечилишин колдоорун айткан.

Ошондой эле Түркия-Армения арасындагы диалогду колдоо максатында Ыстамбулда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен кездешкен.

XS
SM
MD
LG