Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Талиптер Исламабадга жүз чакырым калышты


 Пакистан -- Куралдуу талиптер Бунердин көчөлөрүн көзөмөлдөй башташты.
Пакистан -- Куралдуу талиптер Бунердин көчөлөрүн көзөмөлдөй башташты.

Пакистандын түндүк-батышындагы Бунер районунда өкмөттүк аскерлердин отряды аткыланды. Бир полицмен окко учканы айтылууда. Бул аймакка коңшулаш Сват районунан талиптердин ири топтору кире баштаган соң өкмөт Бунерге аскер бөлүктөрүн киргизген эле.

14-апрелде Пакистан президенти Асиф Али Зардари Сват өрөөнүнө шариат эрежелерин киргизген жарлыкка кол койгон эле. Анын соңунан талиптер дароо эле өз плацдармын кеңейтүүгө киришти. Сваттан алар акыркы апталарда коңшулаш Бунер районуна агылып келе башташты жана айрым кан жолдорду өз көзөмөлүнө алышып,күзөт жайларын коюп, айыл-кыштактарды ачыктан-ачык кайгоолдоп кайтара башташты.

Бунер өлкөнүн борбору Исламабаддан болгону жүз чакырым аралыкта турат. Ушул жагдайдан улам эгер "Талибан" бу жерде да өз тартибин орнотуп,бекемделип алса,оңтою келгенде бир секирип Исламабадды басып алышы ажеп эмес деген кооптонуулар жаралды.

Кырдаалга өтө тынчсызданып, АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасындагы тышкы саясат боюнча комитеттин кеңешмесинде мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон "террористтер жана башка күчтөр" атомдук куралы бар Пакистандын өзү үчүн эле эмес, дүйнөлүк коопсуздукка да "абдан катуу коркунуч" туудура баштаганын белгилеп, муну эске албай койгонго болбой турганын эскертти. Клинтон "Талибанга " жана экстремисттерге өз позициясын алдырып жатканы үчүн Исламабад өкмөтүн сынга алды. Пакистан элине кайрылып, өкмөттүн саясатына активдүү каяша кылууга чакырды.

Жергиликтүү байкоочулар Клинтондун кооптонгону жөн жерден эмес дешет. Пакистандын аскерий төбөлдөрү арасында Кашмир проблемасында, Исламабаддын атомдук арсеналын көзөмөлдөгүсү келген АКШнын пландарына каршы турууда козголоңчуларды "стратегиялык актив" катары пайдалануу керек деген көз караштар бар экени маалым.

Муну мурдагы айрым генералдар, алардын ичинде Хамид Гул менен Мирза Аслам Байг коомчулук алдында бир нече ирет айтышып, Усама бин Ладенди "улуу мусулман жоокери" деп аташкан. Президент Асиф Али Зардари ушундан улам Гулду "террордун саясий идеологу" катары сынга алган.

Ошол эле учурда Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун таанымал эксперти Марвин Вейнбаум жагдайды саал башкача мүнөздөдү. "Жеке мен мындан чоң стратегия көргөнүм жок,Пакистан канткен күндө да АКШга муктаж",-дейт ал.

Ал эми Пакистандын бир кыйла бөлүгүн талибандаштыруу аркылуу АКШны ийге келтирүү идеясын Вейнбаум "тымызын кутум" теориясына салыштырды.

Аймактагы жагдай,арийне,кооптуу бойдон турат.Ошол себептенe эмдиги айдын башында Вашингтондо Барак Обама ооган жана пакистан президенттери менен жолугушканда окуялардын опуртал өңүттөрү башкы темалардын бири болору калетсиз.

XS
SM
MD
LG