Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Чехия, Литва. Эмки кезек Кыргызстанда...


Чехиянын мурдакы президенти Васлав Гавел(солдо) Европарламентте Борбордук жана Чыгыш Европадагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн 20 жылдыгына байланыштуу доклад жасагандан кийин. 11-няоюбрь 2009
Чехиянын мурдакы президенти Васлав Гавел(солдо) Европарламентте Борбордук жана Чыгыш Европадагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн 20 жылдыгына байланыштуу доклад жасагандан кийин. 11-няоюбрь 2009

1990-жылдардын башында Москвадан төбөлсүздүк алган экс-советтик республикалардын дээрлик баары президенттик башкаруу системасын тандашкан. Балтия боюндагы үч мамлекет: Латвия, Литва жана Эстония коңшулаш Батыш өлкөлөрү сыяктуу башкаруунун парламенттик формасын тандашкан. Кыргызстанда да 10-октябрда болчу шайлоодон кийин парламенттик республикага айланат. Экс-коммунисттик Чыгыш жана Ортолук Европа өлкөлөрүнүн парламенттик тажрыйбасы кандай?


Чех парламентаризми

Кыргызстан президенттердин качуусу жана кан төгүүлөр менен аяктаган экинчи ынкылаптан кийин парламенттик башкарууга өтүүгө багыт алууда. Бирок Батыштын демократиялык өлкөлөрүндө сыноодон өткөн бул системага өлкөнүн бир катар саясатчылары каршы. Алар бир жагынан коңшу өлкөлөрдө бийлик башында президент турганын айтышса, экинчи жактан Россия президенти Дмитрий Медведевдин парламентаризм Кыргызстан үчүн катастрофа менен бүтүшү мүмкүн деген сөзүн бетке тутушууда.

Ал эми 20 жыл мурда парламенттик башкарууга өткөн Чыгыш жана Ортолук Европа өлкөлөрүнүн мисалына кайрылсак, аларда Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстандагыдай бир адамдын чексиз бийлигин, бийликти уулуна, же туура тапкан адамга колмо-кол өткөрүп берген учурлар жок. Экс-коммунисттик өлкөлөрдүн, анын ичинде Чехиянын парламенттик жолго түшүүсү эмнеге байланыштуу болду? Анын жайын прагалык таанымал публицист Ефим Фиштейн мындай түшүндүрдү:
Чехиялык таанымал серепчи Ефим Фиштейн

-Чехия үчүн бийликтин парламенттик башкаруудан башка формасы мүмкүн эмес. Бул Европага да таандык. Европада жарым президенттик башкаруу формасы Франция жана Польшада гана кабыл алынган. Бирок бул өлкөлөрдө бийлик бутактары балансталган жана бийликтин бир колго ооп кетишине жол бербеген система түзүлгөн. Чехияда парламенттик демократия президенттик бийлик менен кошо өкүм сүрүүдө. Президент салт боюнча церемонияларды тейлейт. Анын аброюн жоготпоо үчүн демейде автритеттүү, өтө билимдүү, коомдо кадыр-баркы бийик адам президент шайланат. Парламенттик башкаруу формасы элге шайлоо учурнда өз эркин добушу аркылуу билдирип, татыктуу адамдарды шайлоосуна мүмкүндүк берет. Андан соң партиялар алган добушуна жараша өкмөттү түзүшөт. Чехиянын тарыхында соңку 20 жылда бир ирет гана өкмөт шайлоо мөөнөтү бүтпөй же төрт жылга жетпей отставкага кеткен. Парламенттик демократия системасында, өкмөт отставкага кеткен учурда да техникалык өкмөт-бардык саясый партиялардын колдоосуна таянып, өз функциясын жигердүү аткарды.

Парламенттик демократиянын мындай саясый стабилдүүлүгүнө карабай, жыйырма жыл мурда экс-советтик өлкөлөрдүн көпчүлүгү башкаруунун президенттик формасын тандап алышкан. Балтия деңизинин боюндагы Литва, Латвия жана Эстония гана Экинчи жана
Париждеги анти-өкмөттүк демонстрация. 23-сентябрь 2010
Дүйнөлүк биринчи согуш ортосундагы тажрыйбасына кайрылып, Москвадан күнкорсуздук алар менен парламенттик бийликти калыбына келтиришкен.

Шарл де Голлдон калган мурастын кемтиги

Мурдакы советтик республикалардын көбү президенттик башкарууну тандап алган. Бул системанын өзгөчөлүгү тууралуу Россия Илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери, профессор Дмитрий Фурман мындай деди:

-Президенттик башкарунун постсоветтик дүйнөдө кабыл алынган формасы, менин байкашымча, Америкадагы президенттик системага караганда генерал Шарл де Голл бийликке келген учурда пайда болгон француз демократиясына көбүрөөк жакын. Ал система де Голлдун партиясы бийликте түбөлүк болот деген эсеп менен түзүлгөн. Бул система президенттик бийликти сөзсүз эле авторитардык башкарууга айлантпайт. Франциянында ротация жүрүп, Миттеран президент шайланды. Демократия бекемделди. Анткен менен, француз модели автритардык башкарууга жеңил реформация болуп кеткенге ыңгайлуу. Ошон үчүн бул система дээрлик бардык постсоветтик өлкөлөрдө кабыл алынып, ага бекем жабышып алышты деп ойлойм. Президенттердин жеке бийлигин орнотууга акырындап ооп кетүүсү басымдуу көпчүлүк экс-советтик өлкөлөргө таандык көрүнүш.

Россияда жана экс-советтик Борбор Азия өлкөлөрүндө президенттик башкаруу формасы иш жүзүндө диктатурага айланды. Бийлик вертикалын чыңдоо деп, райондордон тартып, облус, республикалык жетекчилер менен чиновниктердин баары борбордон шайланат. Бул, чех талдочусу Ефим Фиштейндин айтымында, демократиянын принциптерин ачыктан ачык тануу.
Полиция Москванын мэри Ю. Лужковдун кызматтан кетишин уруксатсыз майрамдаган "Солидарность" кыймылынын мүчөлөрүн камакка алууда. 27-сентябрь2010

Тал ийилет, сынбайт же Литва парламентаризми

Ал эми парламенттик системанын диктатуранын ар кандай формасынан, анын ичинде Россиядагыдай таза президенттик башкарууга салыштырганда эффективдүү экени дүйнөдө жетерлик далилденген. Ушундан улам Ефим Фиштейн башкаруунун парламенттик формасы Кыргызстандын келечеги үчүн пайдалуу деген ишенимде:

- Кыска мөөнөттүк кызыкчылыктан эмес, узак мөөнөттүк перспективадан алып караганда, Кыргызстан үчүн парламенттик демократия алда канча үзүрлүү болот деп ойлойм. Албетте, кимдир бирөөлөр күчтүү бийликке ээ президент стабилдүүлүктү орнотот деп ойлошот. Бул иш жүзүндө мазардагы тынчтык болот. А мамлекетке түрдүү саясый күчтөрдүн өз ара кызматташуусуна жана бирин бири теңдеп турганына негизделген туруктуулук керек. Мындай стабилдүүлүк коомду ийкемдүү кылып, түрдүү сыноолордон жеңил чыкканга огожо болот. Тал канча ийсең деле сынбайт. А теректи ийсең тез сынат. Морт конструкция катуу шамалга туруштук бербейт. Саясатта түрдүү жагдайлар көп болот эмеспи. Парламенттик демократия түрдүү саясый күчтөрдүн динамикалуу тең салмактуулугуна таянгандыктан, дайыма стабилдүү болот.


Литва. Грюнвалдагы салгышатын 600 жылдыгын майрамдоо салтанатынан бир көрүнүш. 26-июнь 2010
Литва 1990-жылы СССР басып алганга чейинки салтына кайрылып, парламенттик системаны калыбына келтирген. 2008-жылкы парламенттик шайлоодо бир да партия көпчүлүк добушка ээ болгон эмес. Ошондуктан, Христиан-либералдар союзу Улуттук кайра жаралуу партиясы, Либералдар кыймылы менен мунасага барып, курама өкмөттү түзгөн. Коалициялык өкмөттү түзүү Литва үчүн кадыресе көрүнүш деп эсептейт Сеймдин эл аралык байланыштар комитетинин башчысы, христиан-демократ Эмануэлс Зингерис:

-Бул демократия үчүн нормалдуу нерсе. Демократиянын кемчилиги дайыма бир-эки добуш жетпей калмай жагы бар. Ошентсе да бул темир мыкчымдан жакшы. Себеби, темир мыкчым же диктатура чонтоюн кенен ачып, улуттун акчасын Кайман араларында же башка изин оңой жашырып, жеңил адамдалчу оффшордук аймактарда кармайт. Парламенттик контролдун, оппозициянын жардамы менен биз диктатордук режимдерге караганда эффективтүүлүктүн бир кыйла жогорку деңгээлине жетиштик. Анткени, бизде партиялардын “бир бирине көзүн ымдабастан” туруп бири бирин контролдоосуна кеңири мүмкүндүк бар.

Теги литвалык журналист Валентинас Миттенин баамында, бардык эле коалициялык өкмөттөр сыяктуу Литванын улуттук өкмөтүн күчтүү деп айтып болбойт:

-Бирок коалицияга кирген партиялар өлкөнү жигердүү башкара алышты. Ырас, курама өкмөт- алсыз өкмөт. Бирок аны контролдоо жеңил. Ал бийликте өзүн ишенимдүү сезбейт. Анткен менен, Венесуэла президенти Уго Чавести шайлоочулардын үчтөн экиси колдосо да, ага бийлик аз көрүнүп жатпайбы. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да мүнөздүү. Парламенттик системанын мен айткан кемчилигине карабай, азыркы Литва өкмөтү өтө катаал экономикалык саясат жүргүзүүдө. Салыкты көбөйтүүдө. Бийликте эки жарым жылдан бери отурат. Ошондо да коалициялык өкмөт-партиялар өзө ара тил табышып, өлкөдө стабилдүүлүктү камсыздай аларын, зарыл саясый-экономикалык реформаларды өз ара ынтымакта ишке ашыра аларын Литванын төбөлсүздүк жылдардагы мисалы бизге көрсөттү.
Премьер-министр В. Путин(оңдо) Чеченстандын көсөмү Р. Кадыров менен. Грозный. 16-октябрь 2008


Профессор Фурман: Кыргызстандагы жаңы моделге Россия кайыл болот

Эки ыңкылапты баштан кечирген, президенттик башкаруу жеңил эле бир адамдын авторитардык бийлигине айланып кетерин көргөн кыргыз саясатчыларынын парламенттик башкарууну оң тапканын мыйзамый көрүнүш катары баалаган серепчилер да бар. Ошол эле учурда парламенттик башкарууга өтүү аракети кайталанма ыңкылап менен коштолушу мүмкүн деп кооптонот профессор Фурман:

-Латын Америкасынын кээ бир өлкөлөрүндө авторитардык-революциялык циклдар көп жылдарга созулбадыбы. Жаңылбасам, Гаитиде 70 президенттин жалгыз бирөөсү гана өз ыктыяры менен, эч чатаксыз бийликтен кеткен. Адам адеп бийликке келгенде элди тирандан бошоттум дейт. Бирок ал бир аз убакыттан кийин авторитардык башкаруучуга айланат. Аны кайра кулатышат. Бул Латын Америкасынан башка Азия менен Африканын көп өлкөлөрүнө таандык. Сөздүн төркүнү Кыргызстанда үчүнчү жолу ыңкылаптын болушуна, президенттин авторитардык бийлиги кайра тирилүүсүнө жол бербөө жөнүндө жүрүүдө. Башкача айтканда, парламенттик башкаруу аркылуу өлкөдө нормалдуу демократия куруп, бийликтин өз мөөнөтүндө алмашып турушуна жетишүү.

Профессор Фурман кыргыздар парламенттик шайлоону аз да болсо иреттүү өткөрүп, азбы-көппү туруктуу өкмөт түзүп алган учурда да ар кандай сындоолор токтобосун айтат. Бирок да, ошондон кийин “Россия бийликтеринде Молдова жана Украинада болгон чоң саясый өзгөрүүлөргө макул болгондой эле, Кыргызстандагы парламенттик системага ынангандан башка арга калбайт”,- дейт москвалык илимпоз.

XS
SM
MD
LG