Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Польша президент Качинскийди түбөлүк жайга узатты


Маркум президент Качинскийди жана анын жубайын акыркы сапарга узатуу. Краков, Польша, 2010-жылдын 18-апрели.
Маркум президент Качинскийди жана анын жубайын акыркы сапарга узатуу. Краков, Польша, 2010-жылдын 18-апрели.

Польша эли жекшемби күнү (18-апрелде) маркум президент Лех Качинский жана анын зайыбы Марияны акыркы сапарга узатты.

Маркум Президент Качинскийдин жана аялы Мариянын сөөгү жекшемби күнү Варшавадан Краковго алынып келип, бешимден кийин орто кылымдарда курулган Вевел сепилинде жайга берилди. Анын алдында Ыйык Мария чиркөөсүндө диний зыяпат өттү.

Өткөн ишембиде (10-апрелде) Смоленскиде учактын кыйрашынан улам мезгилсиз ажал тапкан президент Качинский башындагы мамлекеттик делегация Катын токоюнда 1940-жылы Сталиндик бийлик тарабынан атылган 20 миң польшалыкты эскерүү аземине баратышкан. Делагция курамында саясатчылар, аскерий башчылар, коомдук ишмерлер жана башкалар болуп бардыгы 94 киши болгон.

Краковдун борбордук аянтында поляктар президент Качинский жана анын аялынын портретин кармап турушат. 18-апрель

Президент Лех Качинский менен жары Мариянын сөөгүн узатуу жөрөлгөсүнө катышуу үчүн Краковго 18-апрелде таң эртеден эл агылып келди.

Анна деген поляк атуулу өлкө президентинин акыркы сапарга узатылышына катышууну өзүнүн жарандык милдети деп санайт:

- Менин Краковго келгенимдин себеби өмүрүмдө бул сыяктуу жөрөлгөгө катышууга экинчи мүмкүндүк болбойт деп ойлойм. Катындагы кыргындан бери Польшада буга окшош трагедия болгон эмес эле.
Ошон үчүн бүгүнкү коштошуу
жөрөлгөсүнө катышуу - менин мекенчилдик парзым.


Католик чиркөөсүндө болгон тажияга Польшанын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Бронислав Коморовский, премьер-министр Доналд Туск, ошондой эле Орусия, Германия, Чехия, Азербайжан, Грузия, Украина, Венгрия, Румыниянын президенттери болуп, бардыгы 700дөй адам катышты.


Диний зыяпат учурунда сүйлөгөн католик кардиналы Станислав Дзивиц “Сегиз күн илгери болгон кыйракандан соң орусиялыктар көрсөткөн жардам жана алардын кайгыны тең бөлүшүүсү биздин эки улуу эл арасындагы мамиле жакшырат деген үмүт жаратты” деди.

“Азаттыктын” кабарчысы Анна Заместин билдиришинче, Краковдун Ыйык Мария чиркөөсүндө өткөн зыяпатты сыртта орнотулган чоң экрандан 30 миңдей адам көрүп турушту:

- Адамдар маркум президент Лех Качинский жана анын зайыбы жөнүндө кандай ойдо болушпасын, тажия алардын баарын бириктирди. Краковдун соода аянтына миңдеген адамдар чогулду. Акыр сапарга узатуу элдин баарын бириктирди.

Президент Качинскийдин жана аялынын сөөгүн тарыхый Вевель сепилине койуу поляк коомчулугунда түрдүүчө кабыл алынды. Анткени, поляктардын бир жааты маркумдун консервативдүү көз караштарын колдочу эмес. Качинскийдин чиркөөнүн коомдук турмуштагы маанисине өзгөчө маани бергенин, Евробиримдикке сын көз менен кароосу, Россия жана Германия саясатында өткөнгө ашыкча басым жасаганы үчүн көп сынга кабылып жүргөн. Ошон үчүн, аны айрым мекендештери “кечээки күндүн саясатчы” деп санашчу.

Лех Качинский менен аялынын сөөгү орто кылымдарда курулган Вевел сепилиндеги чиркөөгө коюлду.

Бул жерде Польшанын падышалары, улуттук баатырлары, олуялары жана чыгаан акындары көмүлгөн.

Президент Качинскийдин сөөгүн акыркы сапарга узатууга 90дон ашуун өлкөлөрдөн өкүлдөр келет деп күтүлүп жаткан.

Бирок, Исландияда жарылган жанардын күлүнөн улам нечендеген учактар учпай калып, АКШ президенти Барак Обама, Франция президенти Николас Саркози, Германия канцлери Ангела Меркел жана башка бир катар мамлекеттердин лидерлери маркумдун таажиясына келе алышкан жок.

Президент Лех Качинский менен аялы салынган табыт жайга берилер алдында. Вевел чиркөөсү. 18-апрель


XS
SM
MD
LG