Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы шайлоого сереп салат


Кыргызстанда 23-июлда өтө турган президенттик шайлоо, кыргыз-орус мамилелери жана Шинжаңдагы соңку кырдаал Батыштын басма сөз каражаттарынын да көңүлүн бурууда.

Jane's Intelligence Weekly аттуу жумалыктын кезектеги чыгарылышында 23-июлда Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоо тууралуу маалымат берилип, “Бул шайлоо оппозиция уюштура турган элдик толкундоолорго алып барышы мүмкүн” деп айтылат.

“Эгерде күтүлгөндөй эле шайлоодо президент Курманбек Бакиев жеңип чыкса, оппозиция элди көчөгө алып чыгышы мүмкүн. Бирок оппозициянын күч-кубаты да, биримдүүлүгү да ушу тапта чеке жылытарлык эмес. Анткени 2006-2007-жылдары Бакиевге каршы болгон нааразылык акцияларынан кийин президент ошого чейин бирдиктүүлүктү сактап келген оппозициянын ортосуна жик салууга жана алардын күүсүн кетирүүгө үлгүрө алды. Ошондон кийин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, өзүнүн партиясынын 2007-жылы өткөн шайлоодо парламенттеги орундардын 71 пайызын утуп чыгышына жетише алган” деп айтылат макалада.

Макалада шайлоо учурунда Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлө турганы белгиленип, “эгерде Бакиев кайра жеңсе, анын бийлигине нааразы болгондор каршы чыгып, борбор калаада чоң кагылышуулар болушу ыктымал. Бул ошол эле учурда өлкөнүн башка аймактарына, өзгөчө ансыз да чыңалып турган Фергана өрөөнүнө жетип, кыска аралыктын ичинде бийликтин туруктуулугуна доо кетириши ажеп эмес” деген болжол ой билдирилет.

Jamestown Foundation аттуу кордун интернет баракчасында “Орусия Кыргызстанда дагы бир аскердик база ачкан жатат” деп кабарланат. Өткөн аптада Орусиянын вице-премьер министри Игор Сечин жана коргоо министри Анатолий Сердюков башында турган делегация Бишкекте болуп, бул маселени жабык эшиктин артында талкуулаганы макалада белгиленет.

“196 уйгур атылып өлтүрүлдү” деп кабарлайт Түркияда чыгуучу “Hürriyet” гезити 19-июлда чыккан санында. “Уйгур түрктөрүнүн нааразылык акциясы өлүм менен жыйынтыкталды. Кытайдын коопсуздук кызматкерлери бекем чара колдонуп, 1500 киши кармалды. Кытай бийлиги окуялардын себепкерлерине өлүм жазасы бериле турганын билдирди жана ал токтом мурдагы күнү ишке ашырылып, 196 уйгур атылды” деп жазат “Hürriyet” гезити.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макала Казакстандагы саясий абалга арналган. Макалада глобалдык каржы кризисинин айынан Казакстандын экономикасы оор абалда калганына карабастан, элдин маанайы жакшы болгону белгиленет.

“Сурамжылоолорго ылайык, экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, президент Нурсултан Назарбаевдин администрациясынын беделине доо кеткен жок жана басымдуу көпчүлүк өлкө туура жолдо баратканына ишенишет” деп айтылат макалада.
XS
SM
MD
LG