Economist гезитинин кезектеги санында “Жоогазын солгун тартты” деген тема менен жарык көргөн көлөмдүү макалада Курманбек Бакиевдин дагы 5 жылга шайлануусу таң калычтуу окуя болбогону, добуштардын 76,4 пайызын алышы деле бул экс-советтик өлкө үчүн көнүмүш көрүнүш катары эсептелери белгиленет.
“Пост-советтик жетекчилер эми шайлоодо добуштардын 90 пайызын алгыдай түрдө бурмаланышы шылдыңга себеп болоорун түшүнүп калышты. Эми алар шайлоону демократиялык нукта өткөндөй көрсөтүү үчүн 65 менен 85 пайыз добуш алгыдай бурмалап жатышат” деп айтылат макалада. Мындан сырткары макалада “жоогазын ыңкылабында” Бакиев бийликке келгенден соң болгон окуяларга сереп салынат.
Анда Аскар Акаевдин өлкөдөн качып кетүүсүнө себеп болгон тополоңдон кийин бийлике келген Бакиев президенттин ыйгарымдарын чектөө жана парламентке көбүрөөк укук берүү тууралуу убадаларынын эч бирин аткарбаганы белгиленип, президент бир гана “Манастагы” америкалык аба база тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосунда ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүзө алганы билдирилет.
Wall Street Journal гезити “23-июлда одоно мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоодо Курманбек Бакиевдин басымдуу добуш алышы менен Кыргызстандын “жоогазын ыңкылабы” соңуна чыкты” деп белгилейт.
“Эл аралык коомчулук Ирандагы демократтарга көрсөткөн кызыгууну кыргыздарга көрсөткөн жок. Бирок кыргыз демократтары да көбүрөөк көңүл бурууга арзышат эле” деп айтылат бул гезитте жарык көргөн макалада.
Анда Курманбек Бакиевдин мыйзам бузуулар орун алган шайлоо аркылуу бийлик мөөнөтүн узартышы Борбор Азия өлкөлөрүндө таасирдүүлүккө ээ болуу үчүн чоң дөөлөттөрдүн ортосунда жүрүп жаткан “чоң таймаштын” ого бетер курчушуна алып барары бышыкталат.
Jamestown корунун интернеттеги баракчасында жарыяланган макалада “Курманбек Бакиевдин акыркы мезгилде тышкы саясатта жасаган кадамдарынын жана оппозициянын алсыздыгынын үзүрүн көрдү” деген пикир билдирилет.
Анда шайлоодон кийин бир апта өтүп-өтпөй Орусия Кыргызстанда дагы бир аскердик база ача турганы билдирилет. “Бакиев бир чети Орусия менен жакшы мамиледе болуп, ошол эле кезде АКШнын базасын сактап калуу менен өлкөдөгү жана аймактагы таасирин бекемдеп алды” деп айтылат макалада.
Мындан сырткары макалада кыргыз оппозициясы куугунтукка дуушар болгону, оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирүү үчүн жетиштүү колдоо таба албаганы белгиленет. “Алдыдагы күндөрдө Бакиев кадрларын алмаштырууга киришсе да саясат сахнасына жаңы кишилердин чыгары күтүлбөйт” деп жазат автор.