Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

“Ак шумкар” капаска түшүп кала жаздады


"Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн кармап кетүү, 23-март.
"Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүн кармап кетүү, 23-март.

23-мартта Ынтымак курултайы болуп аткан Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын алдына келишкен “Ак шумкар” партиясынын айрым мүчөлөрүн милиция кармап кетти. “Ак шумкардын” өкүлдөрү Ынтымак курултайына өз талаптары жазылган кагаздарды таркатууга аракет кылышкан.

Бишкектеги Улуттук филармониянын жанына келишкен “Ак шумкар” партиясынын тарапкерлерин саат эртең мененки тогуздарда даяр турган милиция кызматкерлери дароо эле күчтөп автобуска салып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышты. Кармалган жыйырма чакты “Ак шумкарчылардын” арасында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, партия төрагасы Темир Сариев да бар.

Анткен менен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Бекболот Борбиевдин айтымында, чогулгандар мыйзамды бузушканы менен алар менен чогуу эле жүргөн Т.Сариев мыйзамды бузган эмес. Аны милициялар кармабаса деле унаага барып өзү отурган:

Кармоо. Филармониянын чыгыш тарабы. Бишкек, 23.03.2010.

- 392-беренени бузгандыктары үчүн алар кармалды. Плакаттарды чыгарып, митинг кылабыз, жүрүш жасайбыз дегендиктери үчүн кармалды. Милиция кызматкерлеринин мыйзам чегиндеги талаптары аткарылган эмес. Ошол себептүү аларды алып келдик. Темир Сариевди эч ким кармаган эмес. Ал өзү эле машинеге отурду. Анын күнөөсү жок.

Кармалгандарды бошотууну талап кылып көп өтпөй 200 чамалуу адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына келишти. Ынтымак курултайына келгендер менен жолугуу, аларга талаптары жазылган кагаздарды берүү кылмыш эмес экенин айткандар, электр энергиясы, ысык суу ж.б. кымбаттап, эл турмушу оорлогонун, бирок мамлекет ага көңүл бөлбөй эл байлыгын сатып атканын айтышты.

Укук коргоочулар болсо Темир Сариев көчөгө чыккандарды өзү баштап жүргөнүн, милиция кызматкерлери анын күнөөсү жок экенин, ал эми жанында жүргөндөрү күнөөлүү экенин айтып аткандары таң калтырбай койбосун айтышууда.


Акыйкатчынын арачы болуу аракети...

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына чогулгандардын арасынан Чынарбек Сагындыков мындай дейт:

- Буларды бошотуш керек. Жетишет! Ансыз деле баарын сатып бүтүштү. Бизге жер керек, жер. Нарында да жерлерди сатып атышат. Каркыра кетти, Үзөңгү-Куушубуз кетти. Ак сай, Арпа да кетип атат. Бир кесим жер сатылбаш керек эле.

Кармалгандардын абалын көрүү үчүн келишкен Европа коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунун Бишкектеги өкүлдөрү ичкери киргизилген жок. Ал эми кармалгандарга кирип чыккан Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, ал ички иштер министри менен сүйлөшкөндө, министр Молдомуса Конгантиев кармалгандарды сотко жеткирбей бошотууга макулдугун берген. Бирок кармалгандар укуктары тебеленгенин айтып, сотко чейин барышарын айтышкан:

- Мен Молдомуса Конгантиев менен сүйлөштүм. Мен айттым, “бул балдарды кармаган туура эмес, буларды бошотуп коюш керек” деп министрди көндүрдүм. Ал айтты, “ырас сиз келип аткандан кийин” деп макул болду. Мен кепил болойун деп кайра кирдим. Темир Сариев, Токтайым Үмөталиеваларга түшүндүрүп айттым, “мен кепил болуп атам, бошото турган болушту” деп. Бирок айрымдары макул болгону менен Т.Сариевдер айтып, болбой коюшту. “Бизди кармабашы керек эле. Ушинтип кармагандан кийин сотко чейин барабыз” деп болбой коюшту.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди да кармалгандарга киргизишкен жок. Ө.Текебаев бул кармоолор боюнча БЭК билдирүү жасай турганын айтты:

- БЭК бул боюнча билдирүү жасайт. Эми билдирүүдөн башка колубуздан эмне келмек эле. Биз коомдук пикирге таянышыбыз керек. Мындан кийин да ушундай нааразычылык акциялары болуп калса, тилектештикти билдирип туруш керек. Менимче ошол тилектештик, коомдук пикир чечүүчү күчкө айланышы керек.

Кармалгандар 1000 сомдун тегерегинде айыпка жыгылышты


Түш оой “Ак шумкарчыларды” Биринчи май райондук сотуна алып барышты. Кармалгандардын ишин караган сот аларга мыйзамды бузгандыктары үчүн 1000-2000 сомдун тегерегинде айып салып, аларды сот залында бошотту. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиевага карата сот актаган чечим чыгарды.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев милиция кызматкерлеринин иш-аракетин чектен чыккандык, бийликтин элин угууну каалабай калганы катары баалоодо. Ошондой эле ал “акшумкарчылар” соттун чечимине макул эмес экенин, 25-мартта Биринчи май райондук сотунун чечимдерин четке кагуу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди. Анын айтымында, “Ак шумкар” партиясы андан кийин түрдүү акцияларды өткөрүшү да мүмкүн.

Булардан тышкары түш ченде “Ак шумкар” партиясынын башка мүчөлөрүн да Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан болчу. Ал эми Ош шаарында бийликке нааразы болгондордун пикети күч менен таркатылып, бир канчасын милиция бөлүмүнө алып кетишкен.


“Ак шумкар” партиясы буга чейин эле Ынтымак курултайына өздөрүнүн талаптарын киргизүүнү сунушташарын, ал сунуштарды курултайдын биринчи күнү келип беришерин айтышкан. “Ак шумкар” партиясы бул жаатта беш талапты ортого коюуда: Алар, “сатылып кеткен “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелеком” мамлекетке кайтарылсын, негизсиз көтөрүлгөн тарифтер калыбына келтирилсин, электр энергиясын уурдап, сууну сатып аткандар жоопко тартылсы, президент өз бир туугандарын мамлекеттик чоң кызматтардан кетирсин, Борбордук агенттик сыяктуу мыйзамсыз мекемелер жоюлсун, үй-бүлөлүк башкарууну күчөтчү Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам кайра артка чакыртылсын, мыйзамсыз соттолгондор бошотулсун” деген сыяктуу талаптар.




Ак шумкардын" мүчөлөрүн милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

XS
SM
MD
LG