Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Кийинки президент аял затынан чыгабы?


Элдик курултай 17-мартта бийликке жети талап коюп, аны аткара турчу уюмдун башына Роза Отунбаеваны шайлады. Оппозициядагы айрым саясатчылар дал ушул фигураны улуттук лидер болуучу инсан катары атай башташты. Ар качан амбицияларынын айынан кагылыша кетчү оппозиция лидерлери бул фигуранын айланасына бириге алышабы? Бийлик тизгинин бекем кармап отургандардын тамыры бекемби?

Жамы журттун лидери болуу тилеги менен далай саясий жана коомдук ишмерлер айланасына ар кыл күчтөрдү топтоого аракет кылып келишти. Мурунку президент Аскар Акаевдин тушунда эле атын чыгарып, өлкө башчысы болууга аракет кылган саясатчылардан Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Феликс Кулов, Мелис Эшимканов, Исмаил Исаков сыяктуу өңчөй эркектерден турган саясатчыларды баса айтса болот. Ушу кезге чейин ушулар сыяктуу саясий салмагы зор, аркасында колдой турган күчтөрү бар бир дагы аял киши улуттук лидер болуу дымагы менен суурулуп чыга элек эле.
Бакиевден кийин келчү адам, ар-тарапка калыс адам болушу керек, репутациясы бузулбаган, таза адам болушу керек, эл аралык коомчулукка билинген адам болушу керек деп, издеп келгенбиз. Ошол талапкердин аты азыр айдан ачык эле билинип калды. Бул – Роза Отунбаева.

Эдил Байсалов


Эми ошол топ эркектин арасынан суурулуп чыгып, соңку кездери таскагы башкалардан катуу чыгып бараткан аял саясатчы - Роза Отунбаева болууда.

Р.Отунбаева - мурдагы президенттин тушунда эле көрүнүктүү саясатчылардын бири болчу. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, тышкы иштер министри, вице-премьер-министр сыяктуу кызматтарга чейин көтөрүлгөн жайы бар. Кийинчерээк деле ал оппозициянын катарында башкы фигуралардын бири болуп жүрдү. Бирок саясий серепчилердин баамында, соңку бир жыл аралыгында гана анын абройу болуп көрбөгөндөй артып, учурда лидерлик позицияга чыга келгендей.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов АКШга качууга аргасыз болгону, анын ордун баскан Р.Отунбаева бийликке кыргыйдай тийип, катуу жүдөттү. Бийлик чакырган Ынтымак курултайына атаандаша чакырылган Элдик курултайдын уюштуруу комитетинин төрайымы, кечээ эле анын чечимдерин аткаруу уюмунун төрайымы катары тандалды.

Ошол эле оппозиция ичинде аны улуттук лидер болууга татыктуу инсан катары сүрөгөндөр чыгууда. 2007-жылдагы парламенттик шайлоо алдында чет өлкөгө качууга мажбур болгон саясатчы Эдил Байсаловдун пикиринде, ушул тапта өлкөнү саздан чыгарып, чыныгы демократиялык нукка бура турган саясатчы – Роза Отунбаева болуп турат:
Эдил Байсалов

- Роза Отунбаеванын президентикке талапкер болууга дагы бир чоң артыкчылыгы бар. Анткени бул киши азыркы учурда парламенттик оппозициянын жетекчиси. Батышта болобу, башка өлкөлөрдө болобу парламенттик оппозициянын жетекчиси кызматтык даражасы менен эле кийинки президенттикке, премьер-министрликке талапкер деп билинет.

Бул кишинин андан тышкары депутаттык иммунитети бар. Ошондуктан бул киши башкаларыбыз айта албаган, Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Атамбаев айта албаган сөздөрдү айтып атат. Ошондуктан бул кишини Элдик курултайда аткаруучу комитеттин төрайымы кылып шайлашты.

Биз мурда эле сүйлөшүп келгенбиз. Бакиевден кийин келчү адам, ар-тарапка калыс адам болушу керек, репутациясы бузулбаган, таза адам болушу керек, эл аралык коомчулукка билинген адам болушу керек деп, издеп келгенбиз. Ошол талапкердин аты азыр айдан ачык эле билинип калды. Бул – Роза Отунбаева.

Булардын бардыгы советтер союзу убагында да кызмат кылып, Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да чоң кызматтарда болуп, анан кызматтан четтегенде эле оппозицияга өтө калышып кадыр-барктары кетти.
Ж.Жоробеков

Ошентсе да айрым саясат таануучулардын баамында, азыркы оппозиция арасынан жалпы элдин колдоосуна ээ болчу саясатчы көрүнбөйт. Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, оппозициядагы аял-эркек саясатчылардын бардыгы тең элдин ишениминен чыгып калган:

- Оппозициядамын деп жүргөн жигит-кыздардын арасынан элди аркасынан ээрчитип кете турган, жогорку деңгээлдеги, мүмкүнчүлүгү зор адамды көрбөй турам. Анткени булардын бардыгы советтер союзу убагында да кызмат кылып, Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да чоң кызматтарда болуп, анан кызматтан четтегенде эле оппозицияга өтө калышып кадыр-барктары кетти. Кызматтан кетсе эле бийликти сындап, “кыргыз эли үчүн өлөмүн, жанымды беремин” дей берип кадырын кетиришти.

Андан тышкары Ж.Жоробековдун пикиринде, болочок президент таза, жаңыча ойлонгон жаштардан чыгышы ыктымал. “Мындай лидерди президент деле калыстык менен тандап, мураскор катары тандаса болот”,- дейт профессор.

Анткен менен “Азаттыктын” бир катар угармандары жана окурмандары да балким аял киши президент болсо абал оңолоорун, Р.Отунбаевага үмүт артса болорун айтышат. Бишкек шаар тургуну, ардагер Орунбай Каработоев да “Азаттыкка” телефон чалып, ушундай пикирин билдирди.

Ал эми ири партия лидерлери, президенттикке мурдатан ат салышып келген лөктөр албетте аягына чейин күтүшөт. Алар бүгүн эле кайсы бир талапкерди, маселен улуттук лидер катары Р.Отунбаеваны колдоп ийишпеси бышык. Дал ушул бир лидерди тандоону үйрөнө албагандыктан кыргыз оппозициясы уттуруп келет дешет.

XS
SM
MD
LG