Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Орусия: Улутчулдардын жүрүшү өттү


4-ноябрь – Орусияда Эл биримдиги күнү. Москвада бул күндү белгилөөдө бийликтин уруксаты менен эки Орус маршы өттү.

Улутчул уюмдар Люблино районунда марш өткөрдү. Ал эми Тарас Шевченко көчөсүндө маршты Кремлчил “Наши” жаштар кыймылы өткөрдү.

Бул күнү ордо калаада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, тартип сактоо үчүн 6 миңге чукул кызматкер тартылган.

Массалык акциялар Орусиянын көптөгөн шаарларында өттү. Анда жеке эле улутчулдар эмес, фашизмге каршы кыймылдар митинг өткөрүштү.

Орусияда бул майрам расмий түрдө 4 жыл мурда бекитилген. Ошондон бери жыл сайын 4-ноябрда орус улутчулдары жөө жүрүш жасап келет. Башка жылдардан айырмаланып, бул жылы атаандаш дагы бир Орус маршы өттү.

Адегенде Люблино районунда улутчулдардан тарта расмий каттоодо турган “такырбаштар” биригип жүрүш жасашты. Андан соң Киев вокзалынын жанындагы көчөдө “Бирдиктүү Орусия” партиясынын канаты “Наши” жаштар кыймылы Орус маршын өткөрүштү.

Митинг маалында сөз сүйлөгөн “Эс” уюмунун өкүлү Георгий Боровиков Орусияда бийликке сөзсүз улутчулар келерин белгилеп, ал үчүн азыртадан аракет көрүү керектигин айтты:

- Биздин катарда коргонуу отряддары уюшулуп атат. Келечекте элдик милиция ошол болот. Ыйык орус жерин тартипке сала турган мына ушул күч болот.

Саясий талдоочу Александр Брод буларды айтты:

- Жаңы майрамдын маанисин кыйла киши түшүнө бербейт. Бул майрамды алгачкы күндөн тарта улутучулдар энчилеп алышты. Аны ар бир жолу шовинизм салтанатына айлантышат. Анны мекенчилдик менен алмаштырбоо керек.

Ар кандай маалыматтар боюнча, атаандаш өткөрүлгөн эки Орус маршына болжол менен 45 миңге жакын киши келген. Ал эми тартип коргоо кызматкерлери иш-чарага 25 миң киши катышканын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG