Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Орусияда нааразылык акциялары өттү


4-апрелде Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Расмий маалыматка ылайык, Москвада көчөлөргө миңден ашуун, Санкт-Петербургда үч жүздөн ашуун киши чыккан. Алар кризис менен жетишерлик деңгээлде күрөшпөй жатат деп өкмөттү айыпташты. Митингдерди оппозиция уюштурган.

Орусиянын шаарларында бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жаш канатынын активисттери көчөгө чыккандарга каршы ураандар менен чыгышкан. Интерфакс агенттигинин маалымдашынча, Санкт-Петербургда митинг өткөрүүгө жолто болушкандыктан 12 «жашгвардиячыларды» милиция кармап кетип, кийин аларды “бейбаштык кылган” деген берене менен айыпка жыккан.

Саратов шаарында өткөн нааразылык акциясына 600 киши катышкан. Мындай митингдер Екатеринбург, Самара, Киров областарында жана Ростов-на-Дону шаарында өткөн.

Екатеринбург шаарында өткөн митингге «Яблоко» партиясы менен «Оборона» кыймылынын активисттери катышкан. Чогулгандар алдында коммунист Владимир Краснолобов саясый талап кое сөз сүйлөгөн:

- Эми биз маселени кабыргасынан коюуга кез келди. Путин жана анын жөөкөрлөрү кызматтан кетишсин! Өлкөбүздө кыйын кезең келгенде чабалдык кылгандыгы үчүн кетишсин!

Самара шаарында көчөгө чыккандардын саны үч миңден арткан. Баш-аягы 21 жерде пикет өткөн. Алардын капталдарында «Бирдиктүү Орусия» жаштары Путиндин саясатын жактап, кыйкырык сүрөөн менен митингдин өтүшүнө бут тосушкан. Ошондо «Жаш гвардия» тобуна кирип барып, пенсиядагы Людмила Рыскина буларды айтты:

- Куу тумшуктар! Силердин чоң эне, чоң атаңар жакырчылыкка чактырып, мөңкүрөгөн жокпу? Алган пенсиябыз 4000 рубль. Ага кантип жашаса болот? Арылгыс кайгыдабыз.

6-апрелде Мамдумада өкмөттүн иши боюнча маалымат берип, Владимир Путин пенсиянын көбөйө тургандыгын убада кылды.

«Ведомости» басылмасынын жазганга караганда, аймактарда жагдай барган сайын курчууда. Январь айында федерациянын 26 субъектисинде ички жагдай ырааттуу жолдо деп эсептелсе, февраль айында эки эсеге кыскарган. Ырааттуу деп эсептелген шаарлар Москва, Санкт-Петербург ошондой эле Ленинград жана Москва облустары ал катардан чыгып калышкан.

XS
SM
MD
LG