Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

Кремлдин "купуя генералы" демократияны коргойт


Дмитрий Медведев жана Владислав Сурков
Дмитрий Медведев жана Владислав Сурков

Владислав Сурковду Орусиядагы демократиялык өзгөрүштөрдү чектеген бир катар иш-аракеттердин кыбачысы деп билишет. Бийлик вертикалык орнотуп, региондордун өз алдынчалыгын чектеп, жарандык коомдун үстүнөн көзөмөлдү күч алдырган аракеттердин артында дал ушул Кремлдин «купуя генералы» турат деп саналат. Бирок бул адам кийинки кездери ачыкка көбүрөөк чыгып, Орусияда демократияны күч алдырыш керек деген мазмундагы сөздү көп айтчу болду. Бул эмнени билдирет?

Президенттин эл алдына көп чыкпаган көмөкчүсү, Крелдин «купуя генералы» атыккан жана өкмөт башчысы Владимир Путиндин жакын санаалашы Владислав Сурковдун соңку аракеттерин көпчүлүк экономикалык кризистин мезгилинде бийликке болгон ишенимди сактап калуунун далалаты деп баалашууда. Николай Петров - Мосвкадагы "Карнеги" борборунун саясий аналитиги:

- Сурков азыр туш-тарабынан ыдырап жаткан саясий системанын кыбачысы эмес беле. Бул жараян экономикалык кризистен улам кыйрай баштаганда, Сурков радикалдык өзгөрүүгө зарылдык жок, баары өз калыбына келгенче аярдай туралы деген болчу. Азыр эми баары өзү калыбына келбей тургандыгы, бул системаны кандайдыр бир жолдор менен кайра тикелөө керектиги айгине болууда.

Бардар жашоого шарт бар кезде орустар өз укуктарынын кертилип, кемишине кайдыгер мамиледе болуп келишкен. Бирок экономикалык кризис Владислав Сурков акыркы он жылда Владимир Путиндин көзөмөлү астында орноткон өйдөдөн төмөн кеткен бийлик структурасын байдубалына чейин чайкалтууда.

Ушундан улам болсо керек, кийинки кездери «купуя генерал» эл алдында көп чыкчу болгон. Анын либералдык реформаларды ачык колдой баштаганы айрыкча таң калыштуу. Бул анын Кремлдин көзөмөлүн күч алдырып, жарандык эркиндиктерди басмырлоону максат кылган «суверендүү демократия» деген өзү түптөөгө көмөктөшкөн түшүнүккө кайчы келет. Сурковдун азыркы иштери ошондой эле ал өзүн Путинден обочо кармап, президент Медведевге жакындап жаткан жокпу деген суроону жаратууда.

Жакында АКШнын президенти Барак Обама Москвада болгондо да Медведевди «ачыктыгы» үчүн мактап, Путинди «кансыз согуштун тилинде» сүйлөйт деп сынга алган эле. Дал ошол Обаманын сапары мезгилинде Сурков орус-АКШ эки тараптуу комитетке киргизилди. Ал комитеттин жарандык коом боюнча жумушчу тобунунун тең төрагасы болуп калды. Кезегинде жарандык укуктарды чектөө менен алектенген адамдын бул кызматка келишин орусиялык укук коргоочулар катуу нааразылык менен кабыл алышты.

Бул гана эмес, апрел айында ал бейөкмөт уюмдар боюнча кезегинде өзү түзүүгө көмөктөшкөн катаң мыйзамды жумшартууну максат кылган комиссиянын төрагасы болуп калган. Ал эми өткөн айда Сурков оппозициячыл партиялардын жетекчилери менен элдешүүчүлүк маанайда сүйлөшүү уюштурду.

Кийин Мамлекеттик думанын жаш депуттары менен жолугушканда Сурков бийликтеги Бириккен Орусий партисын башка партиялар менен кызматташууга чакырды. Ал сөзүндө Сурков Орусиянын сасий структурасы баралына келди, стабилдүү, демократиялуу, көп партиялуу система курууда эми либералдаштырууга кезек келди деди.

Орусияда демократия аз-аздап, акырындык менен курулуш керек деп эсептегендер көп. Алардын бири Сергей Филатов Борис Елциндин администрациясын жетектеген:

- Сурков акылуу адам, ал кырдаалды түшүнөт, муну моюнга алыш керек. Бир катар маселелерде анын айткандарына макул болсо болот. Анткени мамлекетти кайра куруу оңой эмес, тирешүү, каршылык болот. Ал мындай өзгөрүүнү акырындык менен жүргүзүүнү колдо алып жатат. Азыр болуп жаткан иштерден адамдын көңүлү айланат, себеби бул демократия эмес. Бирок демократиянын курулушун жайдак койгон болбойт, анткенде аны тикелөө көп жылга созулуп кетет.

Ошентип Орусия демократияга чындап дитин койо баштадыбы? Азырынча муну ишенимдүү айтуу кыйын, себеби Кремлдин демократияга чындап берилгендигинен күмөн санагандар өлкөдө аз эмес.

XS
SM
MD
LG