Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Орусияда басма сөзгө кысым совет кездегидей


Эл аралык көз карандысыз уюм Freedom House жүргүзгөн иликтөө жыйынтыгы боюнча Орусиялык массалуу маалымат каражаттары 6 жыл удаа эркин эмес деген тизмеге кошулууда. Ал уюмдун кеткен жыл үчүн чыгарган иликтөөсү 1-майда жарык көрдү. Жер жүзүндөгү 195 өлкөнүн басма сөзүндөгү эркиндиги ал уюмдун кезектеги доклады Бүткүл дүйнөлүк басма сөздү коргоо күнү - 3 майды утурлап даярдалган.

Көз карандысыз басма сөз каражаттарын бийликтин куугунтукка алышы жана коркутуп-үркүтүүсү мурда СССР республикалары курамына кирген өлкөлөрдө, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада күч экени айтылган.

Freedom House талдоосунда мурда советтик республикалар болгон өлкөлөр ичинен Балтика боюндагы үч мамлекет басма сөзү эркин дегенге татырлык. Чала-бучук эркин деген баага Украина менен Грузия басылмалары кирет. Калган он өлкө басылмалары эркин эмес тизмесинде.

«Эркиндик үйү» чыгаргын жыйынтык боюнча жер жүзүндө элдердин 17 гана пайызы басма сөзү бийликтин кысымына учурабаган мамлекеттерде жашашат. А басма сөз каражаты толук кысымга алынган өлкөлөрдүн бири – Орусия. Талдоого алынган тизмедеги 195 мамлекеттин ичинен Орусия 174 сабына илинген.

- Орусиянын маалымат каражатынын эркиндиги былтыр 80 тепкичте болсо быйыл 78 тепкичке ылдыйлап түштү. 2004-жылы ал 67-орунда болчу. Бул көрсөткүчтү советтик кездеги кысым менен салыштырса болот. Ага башкы себеп - көз карандысыз сот системасынын өнүгө электигинде. Баш мыйзамда сөз эркиндиги боюнча жобо жазылган.

Бирок Кремль барган сайын азаюнун үстүндөгү, дегинкиси бийликке сын айтууга батынган көз карандысыз журналисттерди жасалоо жана алардын сары изине чөп салып куугунтуктоону паракорчулукка белчесинен баткан кылмыштуу сот системасына таянып жок кылууну көздөшүндө.

"Журналисттерди өлтүрүп аларга кол салуулар үчүн эч кандай жаза тартылбайт. Маалымат каражаттарынын бардык түрүнө мамлекеттик көзөмөлдүк кылуу олуттуу кооптонууну туудурат», - дейт Freedom House докладын даярдаган анализчи Карин Карлекар.

Кийинки учурда орусиялык президеттин маалымат каражаттарынын көз карандысыз болуусун колдой тургандыгын билдиргени айкын болууда. Маселен, НТВ сыналгысы аркалуу айткан пикиринде президент Дмитрий Медведев: «Биздин турмушта чындыкты айтуу өтө маанилүү иш. Алдыдагы кыйынчылыкты жашырып жаппай биздин өлкө дүйнө жүзү тартып аткан кыйынчылыкты кошо тартып атканын жана аны бийлик ачык айтууга милдеттүү деп эсептейм» - деген.

Ошол эле учурда орусиялык жетекчиликтин аракети анча натыйжа бербей атканын Эркиндик үйүнүн эксперттери белгилейт:

- Медведевдин журналисттер менен баарлашуу маалында айткан пикирлери абдан жакшы таасир калтырат. Бирок ошого карабай кептен ишке өтүү алигиче боло элек. Бийлик менен басма сөз алакасы оңолуп кеткени байкалбайт. Бир нече апта мурда Кремлде Медведевдин «Новая газета» башчысын кабылдоосу кыйланы таң калтырды. Ошол эле учурда Анна Политковская баш болгон «Новая газета» кызматкерлеринин көзүн тазалоолор иликтенип, кылмышкерлер кармалып, жоопко тартылары күмөн санатат. Азырынча орусиялык бийлик биз күткөндөй чындап киришип, аракет жасоодон алыс, - деген Карин Карлекар айым.

XS
SM
MD
LG