Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Тарых Москва менен Казанды талаштырды


"Угра дайрасындагы улуу кармаш" аттуу аскердик-тарыхый иш-чара. Орусия.
"Угра дайрасындагы улуу кармаш" аттуу аскердик-тарыхый иш-чара. Орусия.

Орусия менен анын курамындагы Татарстандын ортосунда тарыхка байланыштуу пикир келишпестик жаралды.

14-кылымда орустардын моңгол-татарларды жеңгенин майрамдоого Казан каршы чыгып жатат.

Мунун алдында Калуга облусунан чыккан депутаттар, орус жергеси моңгол-татар баскынчыларынан арылган күндү жыл сайын белгилөөсү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, Мамлекеттик Думага жөнөткөн.

Мамдума тарыхта "Угра дайрасындагы улуу кармаштын бүтүшү" деген аталыш менен таанымал окуяны, ар жылы 11-ноябрда эскерүү тууралуу мыйзам долбоорун эмки айда караганы жатат.

Документти Калуга облусунан чыккан "Единая Россия" фракциясынын депутаты Геннадий Скляр даярдаган жана анын айтымында, мындай сунушту колдоп, 100 миңден ашуун кол топтолгон. Мыйзам долбоорун орус өкмөтү да колдоп жатат.

Артем Прокофьев.
Артем Прокофьев.

Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин депутаттары буга байланыштуу каршылык билдирип, сындап чыгышты.

Алардын бири Артем Прокофьев Би-Би-Синин орус кызматына курган маегинде мындай мыйзам коомду бөлүп-жара турганын эскертти:

"Орусиянын тарыхы өтө узун жана татаал. Ар кандай учурлар болгон. Татарлар өздөрүн Ордонун тарыхынын бир бөлүгү деп эсептешет. Ошондуктан эскерүү күнүнө байланыштуу ушундай аракеттер нааразылык жаратты. Бул Калуга облусунун депутаттарынын биринчи эле аракети эмес. Өлкөнүн элин бөлүп-жарган жагдай түзүлдү. Элди бириктиргилери келсе мындан башка окуялар толтура да".

Артем Прокофьев Калуга облусунан чыккан депутаттар менен жолугуп, өздөрүнүн жүйөсүн түшүндүрүүгө аракет жасашарын кошумчалады.

26-августта Татарстандын парламентинин эки комитети чукул жыйынга чогулуп, бул талаштуу мыйзам долбоорду талкуулады. Анда "көп улуттуу мамлекеттин элин бөлүп-жарган майрамдар болбошу керек" деген мазмундагы сөздөр айтылды жана Мамлекеттик кеңешке бул мыйзам долбоорун колдобоо тууралуу сунуш берилди.

Калуга облусунун губернатору Анатолий Артамонов Татарстандагы каршылыкка байланыштуу "Говорит Москва" радиостанциясына комментарий берди. Анда бул мыйзам долбоорунда орустардын моңгол-татарларды жеңгенин майрамдоо эмес, "Угра дайрасындагы улуу кармаштын бүтүшүн эскерүү тууралуу гана сөз болуп жатат" - деп ишендирди:

Анатолий Артамонов.
Анатолий Артамонов.

"Эгер алар бул окуяны тарыхтын кара барагы деп эсептесе, анда ошондой деп эсептей беришсин. Бирок окуяны тааныгандан баш тартуу, окуя болгон эмес деп эсептөө - бул акылсыздык".

Артамонов өлкөнүн дагы башка аймактары, Илимдер академиясы да тарыхтагы бул окуяны белгилөөнү колдоп жатканын билдирди.

Мындан алты жыл мурда да Москва менен Казандын ортосунда тарыхтын бул барактарына байланыштуу талаш чыккан. Анда Орусияда Алтын Ордонун башкаруусу астындагы XIV кылымдагы өлкөнүн турмушун таасын чагылдырган көркөм фильм көрсөтүлгөн.

“Орда” деп аталган, 12 миллион доллар акчага тартылган тасмада моңгол-татар жоокерлери зулум, ач көз жана маңыроо кылып көрсөтүлгөнүнө орусиялык татарлар катуу нааразы болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG