Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Медведев: Орусия мигранттарга муктаж


Медведев бүгүн 2009-жыл боюнча интервью берди.
Медведев бүгүн 2009-жыл боюнча интервью берди.

Орусияда президент Дмитрий Медведев жыл соңунда ири үч сыналгы каналынын суроолоруна жооп берди. Эл арасында кадыры улам өсүп бараткан мамлекет башчысы экономикалык кризис, климаттын өзгөрүшү, АКШ менен алака өңдөнгөн көптөгөн маселелерге кайрылып, анын ичинде Орусия мигрант жумушчуларга муктаж экендигин моюнга алды.

Медведев бийликке келген эки жарым жыл ичинде дүйнөлүк экономикалык кризистин айынан Орусиянын экономикасы да катуу аксады. Президенттин пикиринде, бул кризистен өлкө акырындык менен чыгат.

Үстүбүздөгү жылда Орусиянын улуттук дүң өндүрүшү дээрлик 9 пайызга төмөндөдү. Бул 1994-жылдагыдан берки эң начар көрсөткүч. Бирок Медведев келерки жылы Орусияда экономикалык өсүш беш пайыз болот деп ишендирди.

Медведевдин Орусиядагы эң ири «1-канал», «Россия» жана «НТВ» телеканалдарына жыл соңундагы маеги бүгүн Москва убактысы боюнча түшкү 12де түз эфирден көрсөтүлдү.

Бир сааттык маегинде президент көптөгөн маселелерге токтолду. Ал экономикалык жана каржылык каатчылыкка карабастан, өлкөдө социалдык төлөмдөр программасында эч кандай кыскаруу болбогонун, өкмөт алтургай пенсияны көбөйтүү планын ишке ашырганын билдирди.

Медведев кайрадан замандын талабына ылайык жаңылабаса, өлкөнүн көбүнесе мунай-газга таянган экономикасынын келечеги жок экенин эскертти.

Ал жаңы жыл башталганда чү дегенде эле Ички иштер министрлигин кайра куруу тууралуу жардыкка кол кое тургандыгын бышыктады. Тартип коргоочулардын арасында кеңири кулач жайган паракорлукка жана айрымдарынын кылмыштуу иштерге аралашуусуна байланыштуу, бул министрликке кийинки кездери көп сын айтылып келатат.

Учурда өкмөттү башкарган экс-президент Владимир Путин менен алакасын сурашканда Медведев «биз достук жылуу мамиледебиз, бул өзгөргөн жок, өзгөрбөйт дагы» деп ишенимдүү жооп кайтарды.

Президенттен Орусияга коңшу өлкөлөрдөн, өзгөчө Борбор Азия менен Кытайдан кара жумушчулардын көп келип жаткандыгына көз карашын сурашты. Медведев Орусия зор өлкө болгону менен өздүк жумушчу күчү жетишсиз экендигин белгиледи. Муну менен өлкө чет элдик жумушчу күчкө муктаж экендигин моюнга алды. Ал «Мигранттар маанилүү, бирок орусиялыктар жасагысы келбеген кара жумуштарда» иштеп жатышканын эске салды.

Медведев ошондой эле Москва менен Вашингтон Кансыз согуштун мезгилинде топтолгон ядролук куралдарды азайтуу тууралуу жаңы келишимдин шарттарын макулдашып бүтүп калгандыгын бышыктады. Ал «жаңы арсенал АКШ менен келишимдердин гана негизинде өнүктүрүлүшү керек» деди.

Ал АКШнын жаңы президенти Барак Обаманы «таасирдүү саясатчы, адам кызыккандай инсан» деп сүрөттөдү:

- «Силер албетте эң туура айтып жатасыңар, бирок баарын биз өзүбүз чечебиз» дегенди америкалыктардан биз көп уктук. Обама анте турган киши эмес».

Декабр айында Орусиянын «Левада» борбору жүргүзгөн сурамжылоодо орусиялыктардын дээрлик 80 пайызы Медведевдин иши канааттандыраарлык экендигин билдиришкен.

Тасмада: Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Мигрант экспресс – 1-бөлүк: Кош кал, Дүйшөмбү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00

XS
SM
MD
LG