Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Сочиде мэр шайлоо өтүп жатат


Россиялык элдик-демократиялык союздун лидери Михаил Касьянов менен Сочи шаарынын мэрине талапкер болуп жаткан Борис Немцов
Россиялык элдик-демократиялык союздун лидери Михаил Касьянов менен Сочи шаарынын мэрине талапкер болуп жаткан Борис Немцов

Ат салышка алты киши катышып атат. Шаар башчылык милдетти убактылуу аткарып аткан Анатолий Пахомов «Бирдиктүү Орусия» партиясынын өкүлү, КПРФ Сочи шаардык комитетинин биринчи катчысы Юрий Дзагания, оппозицялык саясатчы Борис Немцов, ЛДПР аймактык бөлүгүнүн жетекчиси Алексей Колесников, ошондой эле ишкерлер - Павел Емельяненко жана Владимир Трухановский бар.

Сочиде өтүп аткан шайлоону серепчилер бир айлампа менен эле бүтөт, анткени бийлик партиясынын талапкери утат дешет. 2014- жылы Олимпиада өткөнү жаткан шаарга Владимир Путин менен Дмитрий Медведев көп күч каражат жумшап атышат. Анча аракетин алар оппозицияга тарттырып ийибет, дейт Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу Николай Петров.

Башка талдоочулардын баамында, Сочидеги шайлоо башкача болууда. Алты киши ат салышып, анын бири оппозициядан болушу жана бийликтин ага катышууга мүмкүндүк бериши - өлкөдө коомдук-саясий турмуш либералдык жолго түшкөнү калганынан кабар берет.

Муниципалдык мекемелердин коллективдери иштеген жерлеринде добуш беришти. Ушулар кооптонууну жаратууда.

Андан сырткары жергиликтүү шайлоо комиссиясынын чечими менен эгемендүү жумурият боломун деген Абхазия орусиялык паспорт менен атуулдук алдык дегендерин Сочиге шаар башчы шайлоого добуш бердириши мыйзам чегинен алыстагандык.

А Краснодар край жетекчилиги муниципалдык шайлоо өткөрүү мыйзамына ылайык келет деп Абхазия жумуриятына танапташ жердеги Веселое кыштагына шайлоо бекеттерин ачтырды. «Азаттыктын» кабарчысы Геннадий Шляхов билдиргенге караганда, ал бекеттерде Орусия федерациясынын алкагында жашап аткан, бирок эч жерде катоого алынбаган шайлоого катышуучулар добуш бере алышат.

Дагы бир Орусиядагы өнөкөт иш: талапкерлердин ичинен либералдык жана коммунисттик жаат өкүлдөрү 26-апрелге чейин такыр үн катпай келишкен. Алардын каршысында «Бирдиктүү Орусия» талапкери ар күн сайын жергиликтүү сыналгы, үналгылар, басылмалар беттеринен түшкөн эмес.

Сочиден келген кабарда оппозиция талапкери Борис Немцовдун байкоочуларын эртең менен ар кыл шылтоолор менен ичке киргизбей коюшканы маалым болду. Немцовдун маалымдоо катчысы Ольга Шорина кайсы бир добуш берүүчүлөр алар үчүн кимдир бирөөлөр алдыңкы күнү эле добуш берип салганын таап алышканын айткан.

XS
SM
MD
LG