Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Москвада кыргыз жана өзбек диаспоралары Ош окуясын талкуулады


13-июнда Маскөөдө «Жарандар аракети» жана “Мемориал” уюмдарынын демилгеси менен кыргыз жана өзбек диаспора жетекчилери катышкан конференцияда Кыргызстандын түштүгүндөгү кан төгүлгөн окуялар талкууланды.


Олтурум «Жарандар аракети» өкмөттүк эмес уюмдун кеңсесинде өттү. Ал уюмдун жетекчиси Светлана Ганушкина олтурумду ачып, алдыңкы күнү Орусия президенти Дмитрий Медведевдин атына Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу жөнөткөн каттын мазмуну менен тааныштырды. Ал катта КМШ өлкөлөрү лидерлерин олтурумун өткөрүп, Кыргызстанга бейпилдик күчтөрүн киргизүү жөнүндө сунуш болуптур. Дагы бир беренеси Орусияда жашаган кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын араздашуусунун алдын алуу керектиги айтылыптыр:

- Эч ким кызыкпаган араздашуу Орусия жеринде жашап аткан жарандарга ооп кеткени атышы бизди катуу кабатыр кылат. Андай көрүнүш колдон келишинче тез аранын ичинде басылышын талап кылабыз, - деди С. Ганушкина.

Ошол эле пикирди "Мемориал" уюмунан Виталий Пономарев да айтты. Ошто башталган окуядан соң Орусия федерациясынын ар кайсы аймактарынан абдан курч мүнөздөгү ач кыйкырыктар башталды деп келип, андан аркы кебинде Пономарев мырза качкындар абалына басым жасады:

- Азыр Өзбекстан жерине бир нече миң качкын өттү. Ошондуктан Өзбекстандын жүргүзүп аткан саясатына карабай Кыргызстандын атуулдары коргоого алынышы керек. Ага чама чак болсо, анда коопсуздук күчтөрү калканчы астында алар үчүн утурумдук лагерлерди уюштуруу зарыл. Анжиян окуясынан кийин качып чыгып Кыргызстан жеринде лагерлер уюштурулган сыңары.

Маскөөдөгү «Кыргыз биримдиги» уюмунун лидери Абдыганы Шакировдун кеби жалпы абалдын тезинен оңолушуна байланыштуу болду.

- Күнөөлүүлөрдү издөө азыркы учурдун маселеси эмес, бирок аларды баары бир таап, мыйзам оор талабына ылайыктуу жазасын берүү керек. Биз азыркы тушта алдыдагы эң биринчи маселе – кандай күч кирет, ким жардам берет, эң башкысы – кармашты токтотуу! – деди А. Шакиров.

Өзбектердин «Ватандош» коомунун президенти Усман Баратов дагы тез аранын ичинде БУУнун деңгээлинде эл аралык күчтү киргизүү керек деген сунушту колдоду.

Олтурумга катышып аткан Аскар Абнухазиев элдерде айып жок экенин айтып өттү:

- Мен бардык кыргызды айыптагым келбейт. Телефон чалып айтышат, кыргыздар арасында өзбекти өз үйүнө катып, башын коргоп атышат экен. Ээнбаштанган – жаштар дешет. Жаштар, канткенде да, улуулардын көз кысуусуз буга барбайт эле.

Кыстара кетчү жери, конференция өткөн имарат алдына кыйла, негизинен үй-бүлөсү Ош жана башка шаарларда калышкан жарандар толуп кеткенде, аларды тейлөөгө милиция чакырылып, бирок эч кандай жаман айтышуу болгон жок.

XS
SM
MD
LG