28-майда Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Осмон Артыкбаев мандатын тапшырып, депутаттык кызматтан кетип жатканын жарыялады. Ал арада Ош облусунун Кара-Суу районунда да Социал-демократтардын ондогон мүчөлөрү партия катарынан чыгып, “Ак-Жол” партиясына кошулушканы тууралуу маалымат тарады.
Партия өкүлдөрүнүн айтымында, учурда бийлик тараптан кысымдар көбөйүп, ишкердик кылган же мамлекеттик кызматта турган партия мүчөлөрүн куугунтуктоо күчөдү. Буга байланыштуу алардын айрымдары партиядан чыгууга же кызматтарынан баш тартууга мажбур болушууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын айтымында, Социал-демократтарга кысым көрсөтүү акыркы парламенттик шайлоодон бери эле уланып келатат:
“Шайлоо убагында эле булар Ө.Бабановду биздин партиядан сыгып чыгарышты. Андан кийин Р.Ирсалиев кетүүгө аргасыз болду. Р.Шаботоевди деле ошондой эсептесеңер болот. Бул деле атайын уюштурулган операцияга окшоп турат. Мына ошентип бизге каршы көп күчтөр каршы иштеп атат. Чоң саясат деген акчасыз болбойт экен. Биздин акчалуу жигиттердин баарын партиядан сүрүп чыгарып атышат. Бул – акчасыз эч нерсе кыла албайсыңар, жеңишке умтулбагыла деген эле сөз болуп атат”,- дейт Р.Отунбаева.
Осмон Артыкбаев өзү, мандатын тапшыруу себебин ишкердик кылууну чечкени менен түшүндүрүүдө. Ошентсе да анын партиялаштары Артыкбаев кысым алдында кетүүгө аргасыз болгонун айтышууда.
Буга чейин чоң ишкер делген Өмүрбек Бабанов СДП катарынан чыгып, кийинчерээк бийликтен чоң кызмат алган. Анын аркасынан дагы бир ишкер депутат Рахат Ирсалиев мандатын тапшырып, саясаттан четтегенин билдирген. Ал ортодо СДПнын дагы бир жаш депутаты Руслан Шаботоев дайынсыз жоголуп, ушул күнгө чейин дареги белгисиз.
Ошентсе да бийлик өкүлдөрү СДПнын куугунтуктоо тууралуу дооматтарын четке кагып, андай сөздөрдү аргасыздык катары баалашууда. “Ак-жол” фракциясынын депутаты Ибрагим Жунусовдун пикиринде, учурда СДПнын кадыр-баркы кыйла төмөндөп кетти. Ошол себептүү партия катарынан мүчөлөрү чыгып жатат:
“Андай-мындай деген сөздөр бул – Социал-демократтардын чыдабастыгы. Өзүңөр көрүп атасыңар алардын абалы бүгүн кандай болуп атат. Мына бүгүн алардын ишенген депутаттарынын бири Осмон Артыкбаев мандатын тапшырып, чыгып кетти. Ал эми Кара-Сууда 124 СДП мүчөсү өз калоосунан партиядан чыгып, “Ак жолго” өтүп кетишти. Аларды эч ким үгүттөгөн жок, карапайым эле элдер. Булар азыр бүгүнкү бийликке колдорунан келишинче асылып, ойлорунан бир нерселерди чыгара беришет. Андан башка колдорунан эч нерсе келбейт”,- дейт Ибрагим Жунусов.
Социал демократтар партиясынын катчылыгы болсо дароо эле Кара-Суу районунда социал-демократтардын 114 мүчөсү “Ак-Жол” партиясына өтөт качканы жөнүндө маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты.
“Биздин жергиликтүү партуюмдарыбыздын маалыматы боюнча Кара-Суу районундагы Акташ айылында биздин партиянын 10 мүчөсүнөн бийликтин аларга кысымынан, райондо ар кандай кызматтарды ээлеп турган жакын туугандарына көрсөткөн кысымынан КСДПда мүчөлүгүн токтото туруу жөнүндө арыз түшкөн. Балким, ошол үчүн аларга “Ак-Жол” партиясына мүчөлүккө орун даярдашкандыр? Азыркы бийлик алдамчылык, апыртуу менен гана кызматта калууга аракеттенген шылуундардын бүтүндөй топторун өзүнө тартып алган чыгар. Бирок КСДПга мүчөлүгүн токтоткон партиянын 10 мүчөсү - 114 адам эмес!”, - деп айтылат КСДП фракциясынын катчылыгы тараткан билдирүүдө.
Саясат талдоочу Улан Жуманаевдин пикиринде, азыркыдай саясий шартта Кыргызстанда бардыгы болушу мүмкүн жана оппозицияны алсыратуу саясаты иштеп атканы байкалып турат:
“Менин оюмча азырынча кортунду чыгарыш эрте го. Анткени “Ак жолдон” деле кетип аткандар болуп атпайбы. Бирок болушу мүмкүн. Себеби мындай окуялар Кыргызстан үчүн жаңы эмес. Баягы Байболовду деле саясаттан кысым кылып четтетишпедиби. Өз булактарымдан укканым боюнча, Бабановго деле кысым кылып СДПдан кетирип, азыркы кызматына алып келишкен дешет. Албетте андай болуп атат азыр деле, мен ага ишенем”,- деди Улан Жуманаев.