Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

Сауд Арабстан: өкмөт курамына туңгуч ирет аялзат өкүлү кирди


Падыша Абдулла Рим папасы Бенедикт XVI менен. Ватикан. 2007-жылдын 6-ноябры.
Падыша Абдулла Рим папасы Бенедикт XVI менен. Ватикан. 2007-жылдын 6-ноябры.

Ишембиде Сауд Арабстандын падышасы Абдулла ибн Абдул Азиз айрым өкмөттүк кызматтардагы жетекчилерди, анын ичинде эскичил сотту кызматтан алып, жаңы дайындоолор тууралуу жардыктарга кол койду.

Айрым эскичил көз караштагылар бийликтен кетти

Ишембиде (14-февралда) иштен бошотулган ири төбөлдөрдүн бири - жогорку диний соттун башчысы Шейх Салих ибн ал-Лухайдан (Sheikh Salih Ibn al-Luhaydan) мырза.

Ал өткөн жылы “шарыятка жана адеп-ахлакка сыйбаган берүүлөрдү обого чыгарган сыналгы каналдарынын кожоюндарын өлтүрүп салса да болот” деп айткан. Анын сөзү жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта уу-дуу талкуу жараткан.

Министрдин орун басары болгон алгачкы айым

Айтмакчы, ишембидеги кызматтык жаңы дайындоолордун алкагында Сауд Арабстандын өкмөтүндөгү министрдин орун басары кызматына туңгуч ирет аялзат өкүлү дайындалды.

Нура ал-Файез (Noura Al Fayez / Norah Alfayez) айым билим берүү министринин орун басары болуп калды.

Ал эми билим берүү министри кызматын падышанын күйөө баласы канзаада Файсал ибн Абдулла (Faisal bin Abdullah) аркалайт.

Төрөлгөндө денелери жабышкан бойдон түшкөн бир нече эгиздерге ийгиликтүү операция жасап, алардын денелерин бөлгөн таанымал хирург Абдулла ар-Рабиа (Abdullah al-Rabia) болсо Сауд Арабстандын саламаттык сактоо министри болуп калды.

Ошондой эле Жогорку Уламалар Комиссиясына кыйла байистүү саясий турумду туткан сунний диниятчылар мүчө болуп киргизилди.

Террор жана адам укуктары

Сауд Арабстан эл аралык террорчулукка каршы Батыш менен өнөктөш өлкө катары маалым. Ошол эле учурда теги сауд арабстандык болгон жана эскичил көз карашты туткан бир катар исламчылар эл аралык “ал-Кайида” террорчулар тармагында жигердүү катышып жатканы маалым.

Исламчы жоочулар Мухаммед пайгамбардын атажуртунан “каапырларды” чыгаруу, АКШнын Сауд Арабстандагы аскер базаларын жоюу сыяктуу талаптарды көтөрүп келет.

Сауд Арабстандын коопсуздук күчтөрү өлкөдөгү 2003-жылкы террордук чабуулдардан соң “ал-Кайиданын” колдоосун алып жаткан жана башка террордук уюмдарды ойрон кылуу үчүн коопсуздук чараларын күчөттү. Террорчу делген айрым кишилер камакка алынып, айрымдары башын алуу жазасына кириптер болду.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Сауд Арабстан падышасына кайрылып, өлкөдөгү адам укуктарынын акыбалын оңдоого чакырып келет. Маселен, 2007-жылы “Хюман Райтс Уотч” уюму расмий эр-Рийадга Ахмадийа тарыкатын туткан мусулмандарды куугунтуктабоого, өкмөткө сын көз карашын билдиргендерди өлкөгө киргизбеген визалык тыйууларды алып салууга чакырган.

Сауд Арабстанда аялдардын укуктары кыйла чектелген. Шарыятка ылайык көп аял алууга уруксат берилген. Интернетке карата цензура да күчүндө кала берүүдө.

Падыша диндер аралык баарлашууну жактайт

2008-жылы март айында Сауд Арабстан падышасы Абдулла ибн Абдул Азиз (Abdullah bin Abdul Aziz) дүйнөдөгү бардык диндердин өкүлдөрүн “бир туугандарча жана чын ыкыластан баарлашууга” чакырды.

Ошол эле жылы июнда мусулмандардын ыйык Меке шаарында жыйын өткөрүлдү. Ага катышкан мусулман өкүлдөрүн падыша Абдулла жөөт жана христиан диниятчы жетекчилери менен диндер аралык баарлашуу үчүн ич ара баш кошууга чакырды.

2008-жылы июлда Сауд Арабстан менен Испания бийликтеринин тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында ар башка диндердин диниятчылары жана окумуштуулары Мадрид шаарында диндер аралык баарлашууга арналган ири жыйын өткөрүштү.

Ал эми өткөн жылдын ноябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Жыйынынын алкагында “Маданият бейпилдиги” аттуу ири иш-чара өттү. Ислам менен террорчулуктун бири-бирине тийешеси жоктугу тууралуу талкууланган бул жыйынга ислам жана башка диндердин өкүлдөрү, бир катар мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.

Падыша Абдулла ибн Абдул Азиз 1924-жылы 1-августта жарык дүйнөгө келген.

Бул 85ке караган карыя 2005-жылы 3-августта (мурдагы падыша Фахд кайтыш болгондон 2 күндөн кийин) такка расмий отурган.

Маалыматтарга караганда, падыша Абдулланын төрт аялы (анын бири – сириялык араб), 15 уулу жана 20 кызы бар.
XS
SM
MD
LG