Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Түркияга ылым санаган сербиялык мусулман босняктар


Сербия. Новы Пазар шаарынын тургуну Ризо Кучечич үй-бүлөсү менен.
Сербия. Новы Пазар шаарынын тургуну Ризо Кучечич үй-бүлөсү менен.

Cербиянын түштүгүндөгү мусулман калктуу Санжак регионунда Белградга нааразылык өсүүдө. Санжактык босняктар борбордук өкмөт биздин көйгөйлөрүбүзгө көңүл бурбайт деп эсептешет.

Мусулман жамаатынын өзүндө да ынтымак жок. Мындан улам байкоочулар арасында "420 миң калктуу аймакта абал дагы осолдойт" деген кооптонуулар айтылууда.

“Мен өзүм Новы Пазардын көпчүлүк калкы сыяктуу Түркияны көп жагынан бизге жакын сезем.
Ризо Кучечич



Баскетбол боюнча дүйнөлүк чемпионат. Түркиялык баскетболчулар сербиялык атаандаштарын жарым финалдык беттеште жеңгенин майрамдашууда. Анкара. 12-сентябрь 2010
Түркиянын жеңишин каалаган санжак босняктары


11-сентябрда баскетбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Сербия менен Түркия беттешкенде, Новы пазарлык мусулман босняктар Түркиянын жеңишин тилеп жатышты. Таймашта Түркия утуп, санжак босняктары “Санжак Сербия эмес” деп ураан чакырышып, Түркиянын байрагын булгалап, түн көтөрө көчөгө чыгып жеңишти майрамдашты.

Сеад Биберович Санжактагы “Urban IN” жарандык коомунун активисти. Аны жергиликтүү мусулмандардын Сербиянын улуттук командасы үчүн эмес, түркиялык баскетболчулардын жеңишин каалаганы катуу кыжаалатка салган. Мындай ахывалга Белград жооптуу деп санайт Биберович:

- Сербиялык босняктар Сербия алардын мамлекети жана эне мекени болуусун каалашат. Бул алардын тилеги. Бирок дайыма эле ушундай болгон деп айта албайм. Буга баарынан мурда Сербия күнөөлүү. Себеби Сербия мекенчил босняк букараларына эне катары тегиз мамиле жасагысы келбейт.

Санжак региондагы 420 миң калктын көбү мусулман босняктар. Алар регион борбору Новы Пазардын калкынын 75 процентин түзөт. Югославия федерациясынын ыдыроосу менен коштолгон Балкан согушу санжактык сербдер менен мусулмандар ортосуна салган дак дале өчө элек.

Санжак босняктары Түркияны түпкү мекени деп билишет. Беш баланын атасы, жумушсуз Ризо Кучевич алардын бири.
Сербия, Түркия жана Босния-Герцеговинанын делегациялары. Ыстамбул. 24-апрель 2010

“Мен өзүм Новы Пазардын көпчүлүк калкы сыяктуу Түркияны көп жагынан бизге жакын сезем,-деп түшүндүрөт Кучевич.- Анын бир себеби ат тегибизде. Түркия бүгүн Европа жана Азиядагы супердержава. Ал жүздөгөн жылдар мурда жоготкон ролун кайра ойной баштады. Түркия Балканды басып албайт, бирок регионго эбегейсиз таасир тийгизери анык.”

Ай башында Новы Пазардын жүздөгөн мусулмандары бийлик бала бакча курмак болгон жерди жамаатка таандык дешип, жергиликтүү полицияны камоого алышты.

Андан мурдараак Улуттук босняк кеңешине болгон шайлоодо жергиликтүү босняктар Белград сунуш кылган эки министрди колдобой, Санжактын муфтийи Муамер Зукорлич үчүн добуш беришти.

35 орундуу кеңеш үчүн талаш алиге токтой элек. Борбордук бийлик Зукорличтин атаандашы Сербиянын муфтийи Адем Зилкич Улуттук кеңешке мүчө болуусун жактоодо.

Новы Пазар шаарындагы чатак учуру (Санжак региону, Раска шаарчасы). Сентябрь 2010

Санжактагы абал - Белграддын энөө саясатынын натыйжасы

Югославия федерациясынын ыдыроосу менен коштолгон Балкан согушу санжактык сербдер менен мусулмандар ортосуна салган дак да алиге өчө элек. Ушундан улам Белград ыкчам чара көрбөсө, Батыш Балканда 1990-жылдардын башындагыдай дагы бир этникалык жаңжал чыгып кетет деген да кооптонууларды жаратууда.

Санжактагы кырдаалды - Новы Саддагы Регионализмди изилдөө борборунун директору Александр Попов - өкмөттүн мажирөө саясатынын туундусу деп сыпаттайт:

- Бул 2005-жылы Воеводинада болгон кырдаалга окшоп кетет. Ошондо этникалык чатактар дембе-дем кайталанып, бир жагынан өкмөт тийиштүү чара көрбөсө; экинчи жактан, мадярлардын ана башы жагдайды ого бетер кызытып, биз Брюсселден эки жолу сөгүш алганбыз. Өкмөт чара көрө баштаган соң ызы-чуу басылган. Санжакта да ошондой кырдаал түзүлүүдө деп ойлойм.

Санжактык мусулмандардын бир жааты болсо эки муфтий тез бир ыркка келбесе, Маумер Зукорлич элди куткулап отуруп, Түндүк Косоводо же Босния Серб Республикасында болгондой этникалык тополоң чыгып кетет деп коркушат.

XS
SM
MD
LG