Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Сербияда XXV Жайкы Универсиада башталат


Быйылкы Универсиаданын талисманы – таранчы
Быйылкы Универсиаданын талисманы – таранчы

1-июлда Сербиянын байтактысы Белградда XXV Жайкы Универсиада башталат. 12 күнгө созула турган Универсиадада спорттун 15 түрү боюнча таймаштар өткөрүлөт. Студенттердин бул дүйнөлүк спорт салтанатына 150 өлкөдөн 9 миң 500 спортчу студенттер катышат.

Универсиада эл аралык комплекстүү таймаштар арасында Олимпиададан кийинки эле орунда турат. Сербиянын байтактысы Белградда шаршембиде (1-июлда) башталып жаткан быйылкы Универсиада Лондондо 2012-жылы өткөнү жаткан Олимпиадага карай биринчи кадам катары бааланууда.

12 күнгө созула турган Белград Универсиадасынын алкагында жеңил атлетика, дзюдо, футбол, баскетбол, воллейбол, теннис жана спорттун дагы башка түрлөрү боюнча таймаштар өтөт.

Быйылкы Универсиаданын талисманы – таранчы. Сербия жана Черногорияда таранчы ылдамдыктык символу катары кабыл алынат.

Сербия үчүн бул Универсиада өтө маанилүү окуя болгондуктан, Белградда бул саамалыкка өзгөчө даярданышты. Ордо шаарда Универсиада кыштагы негизделип, спортчулар жашай турган жайлар эл аралык талаптарга жооп бергидей курулганы кабарланууда.

Өткөн жылы 17-февралда Косово аймагы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин расмий Белграддын эл аралык коомчулук менен мамилелери кескин курчуп кеткен. Ушундан улам XXV Жайкы Универсиада Сербияга эл аралык коомчулук менен кайрадан тыгыз байланыш түзүп, спортчулар арасында гана эмес, саясатта да өз ара алакаларды бекемдөө мүмкүнчүлүгүн түзүшү күтүлөт.

Универсиадага Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстандан да спортчулар катышат. Кыргызстандын Студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касымовдун “Азаттык үнагысына” маалымдашынча, 2009-жылкы Универсиадага катышуу үчүн кыргызстандык эки спортчу студент жана бир спорт тармагынын уюштуруучу өкүлү Белградга жөнөп кетти:

- 2 таэквондист жана менин баш катчым барат. Дзюдо, таэквондо жана жеңил атлетика боюнча спортчуларды мамлекеттик агенттик каржылайбыз деген. Бирок дзюдоисттердин федерациясы дүйнөлүк чемпионатка даярданабыз деп, Белградга баруудан баш тарткан. Жеңил атлетчилер болсо акча таба албай коюшту. Мамлекеттик спорт агенттиги да акча бөлө алган жок. Жеңил атлетчилер Өспүрүмдөрдүн олимпиадалык оюндарына кеткендиктен бул Универсиадага акчасы болбой калды. Ошентип Белградга 2 таэквондист бармай болду. 1-июлга чейин жетишип калат го.

Кошумчалап кетчү жагдай – 10-январда Универсиаданын уюштуруу комитети (FISU) Австриянын Инсбрук шаарында өткөн жыйында 2009-жылкы Универсиаданы Белградда өткөрүү чечимин кабыл алган. Универсиаданы өз өлкөсүндө өткөрүү үчүн атаандашкандардын арасында Польша менен Мексика да бар болчу.

Сербия жана Черногориянын Университеттик спорт биримдигинин төрагасы Синиш Ясничтин айтымында, Белград бул спорттук иш-чараны өткөрүү укугун алуу үчүн 15 жылдан бери аракеттенип келген.
XS
SM
MD
LG