Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Бакиевдерге кылмыш иши козголду


Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө.(2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу.)
Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө.(2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу.)

Утурумдук өкмөт Жалал-Абаддын Сузак районунда качып жүргөн президент Курманбек Бакиевдин эки уулуна жана бир тууган иниси Жаныш Бакиевге кылмыш ишин козгоду. К.Бакиев болсо ак үйдү бир ууч куралчан топ басып алганын айтууда.

Башкы прокурордун милдетин аткарып аткан Байтемир Ибраевдин айтымында, тиешелүү процедуралар бүткөн cоң К.Бакиевдин өзүн жоопкерчиликке тартуу процесси башталат.

Утурумдук өкмөт мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдөгү кырдаал тууралуу айтып беришти. Утурумдук өкмөттүн администрация башчысы Эмил Каптагаевдин айтымында, ушул тапта Ош менен Жалал-Абад облустарынын айрым гана жерлерин эске албаганда өлкөдөгү кырдаалды өкмөт толук көзөмөлдөп турат.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткарып аткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ырастоосунда, ушул тапта Курманбек Бакиев Сузак районунда он беш чакты жан сакчылары жана туугандарынын коштоосунда улам жер которуштуруп жашынып жүрөт. Анын кайсыл жерлерде токтоп, кандай унааларга түшүп жүргөнү белгилүү. Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп келген Жаныш Бакиев болсо куралчан адамдары менен Чүй облусунда. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, бул ага-инилер жана алардын жан-жөкөрлөрү ушул тапта кайра бийликке кайтып келүүгө үмүт кылып, элдерге курал жана акча таркатууга аракет кылышууда.

Э.Каптагаев буга байланыштуу билдирүү жасап, күч органдары аларды тез арада басууга кудурети жетерин, андыктан бейкүнөө адамдардын каны кайра төгүлбөөсү үчүн Бакиевдерди куралын таштоого үндөдү.

Ошондой эле ал бардык жарандык коомчулукту мындан ары мындай кандуу окуялар кайталанып кетпеси үчүн, бир үй-бүлө же адам бардык бийликти жеке колуна топтой албагандай кылып мамлекеттик системаны курууга көмөктөшүүгө чакырды. Андан тышкары ал 7-апрелдеги атууну уюштургандар жазаланарын айтты:

- Уурдагандарды, жеп-ичкендерди, адамдарды атып-кыргандарды бүт кармап жоопко тартууга аракет кылабыз. Алар качып кете албайт. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып К.Бакиевге да айтар элем. Кандуу, каргашалуу жолдун аягы болот. Ошол жол менен жүрө берген болбойт!

Ошентсе да 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин качууга аргасыз болгон Курманбек Бакиев өзүн дале президент деп эсептээрин, өз ыйгарым укуктарын таштабай турганын айтууда. Би-Би-Си радиосуна берген маегинде ал былтыркы президенттик шайлоодо элдин 74 пайыз колдоосуна ээ болгонун, жакында эле өткөн Ынтымак курултайы анын багытын толук колдогонун, 7-апрелде кичинекей куралдуу топ ак үйдү басып алганын айтты:

- Бир ууч болгон куралчан топ эч нерсеге карабай ак үйдү басып алып атса, мээлеп туруп президентти жана анын кеңсесин атып атса, анан ушундай жол менен бийликке келип атса буларды мен легитимсиз бийлик деп эсептейм.

Ал эми убактылуу өкмөттүн маалыматы боюнча, нааразы болгондорду атуу боюнча буйрукту Курманбек Бакиев жана анын иниси Жаныш Бакиевдер түз берип турушкан. Мындай көрсөтмөнү берген адамдар да бар. Телеканалдарда деле 7-апрель күнү ак үй тараптан ок чыгып атканын көрсөтүшкөн.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткарып аткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, митингчилерге карата ак үйдүн үстүнөн алгачкы ок чыккан маалда К.Бакиев кызмат ордунда болчу.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Исаев болсо 7-апрелдеги кандуу окуя жана талап тоноолор боюнча бир катар адамдарга кылмыш иштери козголгонун жана тергөө учурунда айыпталуучулардын тизмеси көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди:

- Атайын карасанатайлык менен адам өлтүрүү деген негизде кылмыш иштери козголду. Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныбек Бакиевдин, уулдары Максим Бакиев, Марат Бакиевдин үстүнөн кылмыш иштери козголду. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп атат...

Андан тышкары Б. Исаев Бишкекте баш-аламандыктарды уюштурган деген негизде мурдагы шаар мэри Нариман Түлеевге каршы кылмыш иши козголгонун да кошумчалады.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ошондой эле Курманбек Бакиевди жоопко тартуу процесси да башталарын, ал үчүн анын жан коопсуздугун камсыздоого даяр экендиктерин, бардыгын мыйзам чегинде, соттук териштирүү аркылуу жасоого макул экендиктерин билдиришүүдө. Курманбек Бакиев болсо Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүгө даяр экенин, өзүн дале президент деп эсептээрин айтууда.

XS
SM
MD
LG