Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Г.Абдылдаева: Баламдын аман калганына тобо деп отурам


Сыргак Абылдаевдин абалы дагы эле оор, ал реанимациялык бөлүмдөн чыга элек.
Сыргак Абылдаевдин абалы дагы эле оор, ал реанимациялык бөлүмдөн чыга элек.

Сыргак Абдылдаевдин энеси Гүлжамал Абдылдаева "Азаттыктагы" маегинде баласынын өмүрүнө кол салуунун себебин анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатканын билдирди.

- Уулуңуз Сыргак Абдылдаевдин абалы кандай? Реанимациядан чыктыбы?

- Абалы оор, бирок туруктуу бойдон турат. Реанимациядан чыга элек. Кечээ врачтар чыгаралы деп кайра кан куюп эле калтырып коюшту. Эгер бүгүн канынын анализи жакшы чыкса чыгарышы мүмкүн. Бирок толук чечиле элек. Эки колу сынып, 32ге жакын бычак жегендиги, мээсинин чайкалганы баары чын, ошондой. Биз кайсы жерде, ким уруп кетти көргөн жокпуз да. Ар ким ар кандай эле көрсөтмө берип жатат.

- Сыргак байке мурда ушул темада, балким артынан бирөө жүргөндүгү тууралуу айтчу беле?

- Менимче менин тынчымы алып, капа кылбайын десе керек. Бул тууралуу мага айтчу эмес. Бирок өзүм деле билимдүү кишимин. Уулум саясий темаларды жазса көрүп, билип эле турбаймынбы. Ал саясий серепчи катары болгонун болгондой эле жазчу. Башка, болбогон нерселерди жазчу эмес. Эми дүйнөдө, өлкөдө эмне болуп жатканын өзүбүз деле көрүп жатабыз да.

- Балаңызга кол салуунун себеби эмнеде деп болжоп жатасыз?

- Мен да анын кесиптик ишмердүүлүгү менен эле байланыштуу деп ойлоп жатам.

- Дары-дармек маселеси кандай болуп жатат?

- Азыр эми кан токтосун деп эле жарааттарын тигип койду да. Алардын бардыгы кичине жакшы болгондон кийин кайрадан тигип, операция жасалат экен. Врачтардын айтканына караганда, эң аз дегенде жарым жыл керек экен. Улам бир дарыны айтышат, улам бирин алып барып атат балдар, чуркап. Керек болгон аппараттардын айрымдары да жок экен, аларды алып келиш керек болуп атат. Башкысы аман калганына Кудайга тобо деп отурабыз. Дары-дармектен жардам берем дегендер өздөрү билишсин. Биз муну бер, тигини бер деп бирөөдөн суранган жан эмеспиз.

XS
SM
MD
LG