Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Ооган аткезчилери жаш балдарга маң ташытууда


Тажик-Ооган чек арасында аткезчилерди күткөн жол көрсөтүүчүнңн алачыгы. Пянж дарыясына жакын жерде.
Тажик-Ооган чек арасында аткезчилерди күткөн жол көрсөтүүчүнңн алачыгы. Пянж дарыясына жакын жерде.

Ооганстандык аткезичлер соңку кезде маң заттарын Тажикстанга ташууда 14 жашка толо элек балдарды пайдаланчу болушту.

Ооганстандык аткезичлер соңку кезде маң заттарын Тажикстанга ташууда 14 жашка толо элек балдарды пайдаланчу болушту. Себеби, Тажикстандын мыйзамы боюнча 14 жашка толо элек балдар кылмыш үстүндө кармалса, чоң кишилердей жазага тартылбайт.

Тажикстан-Ооганстан чек арасында күзөттө турган тажик жоокери. 4-февраль 2010
Тажикстандын маң аткезчилигине каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери жакында Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда маң ташыган 13 жашар ооган баланы кармашты. Эселек аткезчи Ооган тарптан 13 кило гашиш жана бир кило героин алып келаткан экен. Ага карабай, милиция ооган баланы тергөө бүткөндөн кийин кое берүүгө тийиш. Анткени, өлкөдө мыйзам боюнча 14 жашка чейинки балдар кылмыш жазасына тартылбайт.

Былтыр Тоолуу Бадахшандын соту ооганстандык эки маң аткезчини 15 жылдан 22 жылга чейин эркинен ажыраткан. Башка эки ооган чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн 7 жылга кесилген.

Облустук соттун төрагасы Сайидмусаллам Шохмусалламов маң заттары менен соода кылган эргулдар катаал жазадан сактанып, жаш балдарды ишке салууда дейт:

-Кылмышкерлер маң аткезилиги жана чек араны мыйзамсыз өтүп кармалган адам катуу жазаланарын билишет. Ошон үчүн жылчыктан пайдаланып, мыйзамсыз бинеске жаш балдарды тартышууда.

Ооганстандын Бадахшан провинциясында эл бир кыйла жарды жашайт жана мектеп жашындагы балдардын 30 проценти окубайт.
Ооган полициясы колго түшүргөн героиндерди көрүшүүдө. Герат. 14-январь 2010


Ооганстандын Хорогдогу өкүлү Абдужамал Охунзоданын сөзүнчө, аткезчилер жаш балдарды акчага кызыктырып, кылмыштуу ишке пайдаланышууда:

-Маң аткезчилери акча убада кылып же кадыр-баркын салып, мектепте окуган да окубаган да балдарды ишке салышууда. Алар 14кө толо элек балдар кармалып калса, оор жазага тартылбасын жана тез эле койо берилерин билишет.


Охунзоданын оюнча, Ооган бийликтери жарды бүлөлөргө көңүл бурмайын, абал оңолбойт.

Жергиликтүү журналист Лутфишо Дадо аткезчилер жана балдар башын тобокелге салып жатканын билет деген ишенимде:

-Кылмыш дүйнөсүндө өз саясатчылары, аалымдары бар. Алар маң заттарын жөнөткөндөн мурда ар бир өлкөнүн мыйзамдарын изилдеп чыгышат. Аткезчилер мыйзамды билип туруп бузушат. Пянж дарыясын кечип, Тажикстанга өткөн 12-13 жашар балдар кармалып калышса, абакка эмес интернатка же атайын мектепке жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билишет.

Серепчилердин айтымында, чек ара күзөтүн күчөткөн менен эле аткезчилердин жаш балдарды маң ташуу үчүн пайдалануусу токтобойт. Дадонун айтышынча, Ооганстандагы кырдаал оңолуп, тажик-ооган тараптар маң аткезчилерине каршы чогуу аракеттенсе гана бир ийгиликке жетүү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG