Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Тажик чек ара бекетиндеги жообунан суроосу көп кармаш


Коопсуздук кеңешинин соңку жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин соңку жыйыны.

Тажикстандын Коопсуздук кеңеши 14-ноябрда жыйынга чогулду.

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы чек ара бекетине 6-ноябрда кол салуу болгон. Бул кандуу кармаштын чоо-жайы тууралуу бийлик учкай гана маалымат таратуу менен чектелген жана ажал тапкан күч кызматкерлеринин саны боюнча эки ача маалыматтарды да тактап айта элек.

Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинде "Ишкобад" чек ара бекетиндеги кандуу окуя талкууланганын эки ооз сөз менен айтып чектелди. Анда кол салуу боюнча "башкы прокурор, ички иштер жана коргоо министрлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы баяндама жасады, тиешелүү чечимдер кабыл алынды" деп гана айтылды.


Расмий маалыматка ылайык, тажик-өзбек чек арасындагы "Султонобод" чек ара аскер бөлүгүнө караштуу "Ишкобод" бекетине 6-ноябрда таңкы саат 3төн өткөндө кол салуу болгон. Атайын кызмат чабуулду "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 20 өкүлүнөн турган топ уюштурган деп айткан. Мекеме бул адамдар 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу Тажикстандын Кубодиен районундагы чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин кабарлаган.

Тажик атайын кызматы кармашта 20 жоочунун 15и өлтүрүп, дагы бешөө кармалганын билдирген. Ички иштер министрлиги болсо "төрт адам кармалды" деп жарыялаган. Кол салууда бир милиция кызматкери - Бахром Касимзода жана чек арачы Изатулло Латифов ажал тапканы расмий айтылган.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, кандуу окуяда тажик күч органдарынын кеминде алты өкүлү - беш чек арачы жана милиция кызматкери өлгөнүн жазышты. Кесиптешибиз Абдулло Ашуров андан сырткары колго түшкөн төрт адамдын тек-жайын аныкташканын айтты. Ага ылайык, кармалгандардын баары Согди облусунун тургундары жана үчөө аялдар. Баары 20-25 жашта.

- Окуяны териштирүү үчүн Ички иштер министрлиги менен прокуратура кызматкерлеринен турган иликтөө тобу түзүлгөн. Ошол топко кирген кишилерден кесиптештерибиз маалымат ала алышты. Алардын айтымында, кол салгандар - тажик жарандары, Ооганстан тараптан келишкен. Бирок алар Тажикстандын өзүндөгү адамдар менен чогуу аракеттенишкен. Бишкектеги "Дордойдой" болгон "Корвон" деген чоң базар бар. Ошол жерде соода кылган бир ишкер жакында соода түйүнүн 10 миң доллардан ашык акчага сатып, ошого төрт машине алыптыр. Ошол машинелерди Ооганстанга жакын жерге айдатып келген. Анын шериктери, бийликтин ырастоосунда, Тажикстанга Ооганстандын Калаи-Зол чөлкөмүнөн мыйзамсыз өтүп келишкен. Андан кийин 6-ноябрга караган түнү Өзбекстан менен чек арага жакын жердеги заставага кол салышкан. Биздин кесиптештерибиз тапкан маалыматка ылайык, сөз болгон ишкер мурда ошол заставада кызмат өтөп кетиптир. Демек, кантип кайтарыларын, канча аскер, курал-жарак бар экенин жакшы билчү.

Тажик бийлиги бул маалыматты тактаган да, жокко чыгарган да эмес.

Окуядан эки күн өткөндөн кийин "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурганын бышыктады. Аталган топко таандык маалыматтар жарыяланган "Амак" сайты 8-ноябрда кармашта Тажикстандын 10 аскери өлтүрүлгөнүн жазды. Дүйшөмбү бул маалымат тууралуу да үн ката элек.

"Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Абдулла Ашуровдун айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн окуя тууралуу дээрлик маалымат бербей жатканы - Ички иштер министрлиги сайтынан кармаш болгон жерден тартылган сүрөттөрдү өчүрүп салганы, ажал тапкандардын жана жарадар болгондордун санын жашырганы күдүк ойлорду күчөттү.

- Адегенде журналисттер жерде жаткан бир кишинин колдору байланганын жазып чыккан. Ошондон кийин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ал сүрөттү кесип, кийин таптакыр алып салды. Албетте, бул шектенүүлөргө жем таштады. "Бийлик эмнени жашыргысы келет?" деген суроолор пайда болду. Экинчиден, кол салуудан бир нече күн өткөндөн кийин Ооганстандын Коргоо министрлиги билдирүү жасап, чабуул койгондор Тажикстанга Ооганстандан өтүп барышкан деген маалыматтары жок экенин белгилеген. Бирок тажик бийлиги үн катпай эле турат. Эки учурду тең комментарийлешкен жок. Албетте мындай жагдай түрдүү версиялардын пайда болушуна алып келет. Мисалы, "Инсайдер" басылмасы жарыялаган макаланын автору "кол салгандар өтө кымбат баалуу дары чөптү чогулткандар болчу, аларга акча төлөбөй коюшканда ушинтип өч алууну чечишкен" деп жазат. Бирок басылма далилдерин келтирген эмес. Андыктан бул версия чындыкка канчалык жакын экенин айтуу кыйын. Биздин кесиптештерибиз тапкан маалыматтар менен бийликтин айткандарын салыштырсак, ооба, чабуул койгондордун тажик тарапта шериктери бар болгону, алар "Корвон" базарында иштегени тууралуу маалымат дал келүүдө.

Окуя болгон учурда өлкө президенти Эмомали Рахмон Европада иш сапар менен жүргөн. Ал күнү өлкөдө майрам болуп, Конституциянын 25 жылдыгы белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG