Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Ташкендеги "Караван базарды" каныке Гүлнара алат дешет...


Ташкендин берекелүү базарларынын бири
Ташкендин берекелүү базарларынын бири

Былтыр декабардан бери Өзбекстандын баш прокурорлугу Ташкендеги “Караван базардын” жетекчилигиндеги жемсөөлүктү териштирүүдө.

Бул иш боюнча, “Азаттыктын” өзбек кызматынын күбөлөргө шилтеп маалымдашынча, базардын жетекчилеринен 52 киши сурак берүүдө. Изин жашырып кеткен 19 кишиге издөө жарыяланган. Эл арасында алар казынага 21 миллион доллардан көп зыян келтирген
Президент Каримовдун улуу кызы Гүлнара. 21-июнь 2007
деген кеп бар.

Караван базардын” жетекчилеринин соту президент Каримовдун кызы Гүлнара менен атаандашкан тараптын ортосундагы талаштын туундусу, деп боолгошот серепчилер.



"Караван базар" салыкка төлөнбөгөн 47 миллиард сум далилденеби?

“Караван базар” ордо калаанын Үч-Төбө районундагы Өрүкзар маалесинде жайгашкандыктан көпчүлүк эл аны “Өрүкзар” деп да аташат. Ташкендик Расулбек базарды “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Мехрибонго телефондон берген интервьюда мындай сыпаттайт:

-“Караван базарда” ар нерсенин баары бар. Өтө чоң. Азык-оокат, курулуш материлдары, кийим-кече-эмне кааласаңыз, баарын табасыз. Мунун баары дүңүнөн да сатылат. Ошон үчүн Ташкен облусунун дүкөнчүлөрү болобу, тургундары болобу -"Өрүкзарга" келип, товар алып кетишет. Товар үргүлжүң сатылгандыктан, башка базарларга караганда “Өрүкзарда” арзан.

Ташкендик ишкер Шорахмат Ахроров “Караван базардын” төбөлдөрүнүн жапырт камакка алынышын алардын салыкты аз төлөп, казынага чоң чыгым келтиргенине байданыштуу деп боолгойт:
Президент Ислам Каримов Самарканддын Суйоб базарыда. 2009


- Соода-сатык жана кирше бу базарда аябай чоң. Казынага өзбек пулу менен миллиарддаган сом зыян келтирилген деген кеп бар. Базар башчылар киреше салыгын, жер салыгын төлөбөгөн дешет. Алар 47 миллиард сум төлөбөптүр деп эшиттим. Аныгын бир Кудай билет.

47 миллиард сум АКШ доллары менен эсептегенде 21 миллиондон көбүрөөк болот. Салыктан качты деп шектелип, азыр сурак берип жаткандардын ичинде “Караван базар” ачык акционердик коомунун башкаруучулар кеңешинин төрагасы Надир Пулатов, анын орун басары Равшан Рахимов жана байкоочулар кеңешинин төрагасы Дмитрий Лим да бар.

Президент Каримовдун сүрөтү түшүрүлгөн жарнаме.
Кан таламай "Караван базардын" кожоюндарын тозутту


Жергиликтүү серепчилер бу чуулгандуу иштин артында өкмөттүк жогорку адамдар турат деген ишенимде. “Караван базар” чатагын биринчи күндөн иликтеп келаткан көзкарандысыз журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, Дмитрий Лим көз будамайлоо үчүн коюлган бурадар гана:

- Базардын “крышсы” Түштүк Кореянын букарасы - Дмитрий Лим. Ал Өзбекстандагы эң бай адамдардын бирөө. А айсбергдин учу өлкө жетекчилигине барып такалса керек. Себеби, базарда эсепсиз акча айланат. Бу соттун натыйжасында президент Каримовдун кызы Гүлнара “Өрүкзар” базарын тартып алат. Гүлнара Каримова башка бир килейген дүң базар-“ Абу Сахийдин” эгеси. Ырас, муну тастыктагандай далилдер колдо жок.

Ал эми экинчи бир ташкендик журналист Абдуманнон Халжураев “Караван базардын” дагы бир ээси Өзбекстандын мурдакы жеңил өнөр жай министри Мираброр Усманов экенин айтат:
Гүлнара Каримова британ ырчысы Стинг менен Ташкендеги мода жумалыгында.


- Корей Лим ал жөн гана бир ижарачы. А базар Мираброр Усмановго таандык. Ал четтен туруп алып баарын башкарат.

Бул пикирди “Караван базарда” узак жылдардан бери соода кылган Шорахмат Ахроров да колдойт:

- Базар башкармалыгынын төрагасы Нодир Пулатов бирөөнүн колундагы куурчак эле. Ал бир да маселени өз алдынча чече алчу эмес. Андай укугу да жок эле. Ал көз будамайга коюлган адам да.

Баса, Шорахмат Ахроров азыр сотто жабыркоочу катары күбө өтүүдө. Ишкер “Караван базардын” территориясында чоң жерди бөлдүрүп алып, ал жерге заңгыраган ресторан жана оюн-зоок атракциондору бар эс алуу зонасын курган. Бирок курулуш бүтүп, аны документтештирүүгө келгенде базар жетекчилери бут тосуп, баарын токтотуп койду, дейт ал.

Көпчүлүк жергиликтүү серепчилер “Караван базардын” 50дөн ашуун жетекчисинин сотy президент Каримовдун кызы Гүлнара менен экинчи атаандашкан тараптын ортосундагы талаштын туундусу деген пикирде.

Ырасмий бийликтер бул иштин жүрүшү боюнча ырасмий билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG