Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Евробиримдик-Өзбекстан: Бар эмбарго, жок эмбарго…


Анжиян окуялары. 14-май 2005-ж. АР фотосу.
Анжиян окуялары. 14-май 2005-ж. АР фотосу.

Брюссел Өзбекстанга каруу жарак сатпоо жөнүндөгү чечимин ай соңунда жокко чыгарабы же жокпу? Бул маселе ЕБнын Борбор Азиядагы атайын чабармандарынын бейшемби күнкү жыйынында талкууланмакчы.

Европа Биримдиги - ЕБнын кубаттуу мүчөлөрү аскерий эмбаргону алып салууга ыктап турушат. Бирок өзбекстандык жана Биримдиктин адам укугун коргоочу уюмдары эмбарго кала берсин, катаал чара ырасмий Ташкентке адам укугун бузууларга

"Эмбаргону алып салуу Өзбекстан үчүн Евробиримдик өлкөдөгү адам укугун бузууларга ынанды дегенди билдирет."
Умида Ниязова

эларалык коомчулук көз жумуп койбосун кулак какты кылып турмак дешет.

Аскерлер менен жергиликтүү эл ортосунда болгон кагылышта набыт болгон адамдардын жасаттары. Анжиян. 14-май 2005-ж.

Евробиримдик Өзбекстанга каршы эмбаргону жана өкмөттүк даражалуу чиновниктерге виза бербөө режимин 2005-жылдын 13-майында Анжиянда болгон тынч анти-өкмөттүк демонстрация аскердин жардамы менен басылгандан кийин киргизилген эле. Өзбек өкмөтүнүн билдиришинче, калабада 187 адам набыт болгон. Адам укугун коргоочулар аскерлердин огунан миң чукул адам өлгөнүн, анын ичинде аялдар жана жаш балдар да бар экенин айтышат.

Окуяга тиешеси бар чиновниктерге виза бербөө былтыр токтотулган. Биримдик мындай чечимди Өзбек бийликтери жылына бир-эки жолу адам укугу боюнча жыйын өткөрүп, ага Бириккен Улуттар Уюму - БУУ, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму-ЕККУ, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын катышуусуна макулдук бергенден кийин кабыл алган.

Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек качкындарынын лагери. 27-май 2005-ж.


Дипломаттардын сөзүнчө, Биримдиктин таасирлүү мүчөлөрү Ташкент менен аскерий-техникалык соода жокко эсе болгондуктан, санкциядан майнап жок деген ишенимде. Ошон үчүн бул санкцияны алып салуу Брюссел-Ташкент алакасын жакшыртып, Өзбекстандагы кырдаалдын оңолушуна оң таасир этмек, дешет алар.

Швециянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия департаментинин башчысы Ян Найберг Биримдиктин мүчөлөрү Өзбекстандагы абалды талкуулагандан кийин орток чечимге келерин “Азаттыкка” берген интервьюда айтты:

-Биз Ташкендеги элчилерибиздин баасын күтүүдөбүз, анын негизинде Өзбекстандагы кырдаалды талкуулайбыз. Албетте Өзбекстанда адам укугунун абалы жакшы эмес. Абал начарбы, жаманбы же жакшыбы, ага карабай бүтүм жасагандан мурда Биримдиктин ичинде Өзбекстандагы кырдаалды талкуулайбыз.

Анжиян окуялары. 14-май 2005-ж.

Берлинде жашаган өзбекстандык укук коргоочу, Адам укугу боюнча Өзбек-Герман формунун башчысы Умида Ниязованын оюнча, эмбаргону токтотуу 27 мүчөлү Биримдик Өзбекстандагы адам укугун тепсөөлөргө көз жумуп койду дегендин жышаанасы болот:

-Эмбаргону алып салуу Өзбекстан үчүн Евробиримдик өлкөдөгү адам укугун бузууларга ынанды дегенди билдирет.

Көзкарандысыз журналист Умида Ниязова Анжиян калабасынан кийин абакка отургузулган.

Атын атабоону сураган кашкадарыялык да Евробиримдиктин аскерий эмбаргону токтотуусуна каршы экенин "Азаттык" радиосуна телефондон берген маегинде билдирди:

- Мени Анжиян окуясына жооптуу өкмөт адамдарына виза бербөөнүн токтотулганы аябай өкүндүрдү. Евробиримдик эми каруу жарак эмбаргосун алып салса, бул уюмдун жүүнү боштугун көрсөтөт жана Өзбекстанды демократиядан артка түртөт. Өзбек өкмөтү натуура иштерин уланта берет деп айтмакчымын.

9-октябрда өткөн алгачкы талкууда Британия, Дания, Ирландия, Нидерландия жана Чехия эмбаргону алып салуу-санкция режими

Ташкенге каршы иштебегенине макул болуу дешип, аны токтотууга каршы чыгышкан. Бирок дипломаттык булактардын “Азаттыкка” айтышынча, эгер Биримдиктин Тышкы иштер министрлери уюмдун позициясын ачык айткан катаал билдирүү кабыл алса, береги беш өлкө санкция режимин токтотууга макул экен.

Парижде качкында жүргөн укук коргоочу Надежда Атаеванын пикиринче, ЕБ чындап эле адам укугун жана демократияны сыйласа, “Өзбекстандын түрмөлөрүндө ондогон көзкарандысыз журналистер менен адам укугун коргоочулар отурганын жадынан чыгарбаш керек”.

Өзбекстанга каршы аскерий эмбаргону токтотуу боюнча акыркы сөз Евробиримдиктин 26-27-октябрдагы жыйынында айтылат.

XS
SM
MD
LG