Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Төлөйкан Исмаилова Прагадагы кинофестивалдын калыстар тобунда


Төлөйкан Исмаилова Прагадагы "Бир дүйнө" фестивалына 2 жыл мурда келгенде. 7-март, 2008-ж.
Төлөйкан Исмаилова Прагадагы "Бир дүйнө" фестивалына 2 жыл мурда келгенде. 7-март, 2008-ж.

Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Прагада өтүп жаткан "Бир дүйнө" эл аралык кинофестивалына жюринин мүчөсү болуп тандалган. Укук коргоочуну фестиваль өтүп жаткан жерден кепке тарттык.

«Азаттык»: Быйылкы фестиваль кандай өтүп жатат, калыстар тобунда канча кишисиңер?

Төлөйкан Исмаилова: Бул эми адам укуктары боюнча дүйнөгө атагы тараган фестиваль болуп калды. Чехия “Европанын жүрөгү” болгондуктанбы, дайыма адам укуктарын алдыга коюп, укук коргоочуларга жардам берип, жалпы эле жапа чеккендерге, Гаитиде болобу, же болбосо Африкада нансыз отурган адамдарга болобу, же болбосо ошол эле Чеченстан жана башка чыр-чатактуу мамлекеттеги кыйналган адамдарга кол сунуп келген өлкө. Ошон үчүн бул фестиваль адам укуктары боюнча документалдуу тасмаларды топтойт.

Фестиваль 10-мартта башталды. Бул фестивалды Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел түптөгөн, ал өзү чоң жюринин жетекчиси. Биз, укук коргоочулар, Роберт Врба наамындагы «Билүү укугу» категориясы боюнча жюринин мүчөлөрүбүз. Биздин жюриге Бирмадан, Кытайдан, Брюсселден, Россиядан жана Кыргызстандан бирден укук коргоочу кирдик. Баш-аягы 14 тасманы көрүп чыгып баабызды беребиз. Талкуу кызуу жүрүп жатат.

Менин максатым бир гана ушул жюринин мүчөсү катары иштебей, Кыргызстандагы «Бир дүйнө» фестивалына дагы жакшы фильмдерди тандап, кайсы тасмаларды Кыргызстанга алып барып көрсөтүүнү чечкен соң, алардын баары Бишкектеги уюштуруу комитетине жиберилет. Ал комитеттеги Диана Макенбаева, Гүлбара Төлөмүшова өңдүү искусство жана адам укуктары боюнча иштеген адамдар тандалган даректүү тасмаларды кыргызчага которуп, «Бир дүйнө - Кыргызстан» кайсыл жерлерде болот, кандайча өтөт - баарын карайбыз. Биз быйылкы фестивалга Чехиядагыдай студенттерден да жюриге кошсокпу деп ойлоп атабыз.

«Азаттык»: «Бир дүйнө - Кыргызстанды» өткөрүп келатканыңарга бир нече жыл болуп калбадыбы. Ушул Чехиядагы фестивалда тасмаларды көргөндөн кийин, биздин режиссерлорго кандай темалардагы документалдык фильмдерди тартыш керек, сапаты кандай болушу керек деген жагынан кеңеш берип атасыздарбы?

Төлөйкан Исмаилова: Сөзсүз түрдө. «Бир дүйнө-Кыргызстандын» алкагында документалист, режиссерлордун тегерек үстөлү болгон жана ал жерге сегиз белгилүү режиссер чет мамлекеттерден барып катышкан. Бири-бирибиз менен алака түзүп, чыгармачыл адамдар арасында байланыш түзүлөт, документалистика Европада кандай өнүгүп атат, адам укуктары жаатында кандай иштешээрин үйрөнөбүз. Европалык документалисттер өзүнчө укук коргоочулардай эле элдин ал-акыбалына ичтен күйгөн немелер болот. Ошол эле учурда профессионалдык жагы күчтүү, тасмалары аябай таасирдүү чыгат.

«Азаттык»: Төлөйкан эже, анда Кыргызстандагы окуяларга кайрылсак. Сиз кайсы жерде жүрсөңүз да Кыргызстанда кандай окуялар болуп жатканына көз салып турасыз. Азыркы кырдаалды кандай баалайсыз?

Төлөйкан Исмаилова: Кыргызстандагы кырдаал аябай курч болуп турат. Элдин үнүн, элдин талабын өкмөт сөзсүз түрдө эсепке алышы керек. Анткени кыргызстандыктар гана эмес, азыр бүткүл дүйнө карап калды. Кечээ АКШнын Мамлекеттик департаменти да адам укугунун абалы боюнча өзүнүн отчетун жарыялады. Анда да аябай курч маселелер көтөрүлүп атат.

Экинчи жагынан «Азаттык» радиосун бердиртпей атканы бул аябай бир жаман нерсе болду. Анткени эл эртең менен туруп эле «Азаттыкты» угат, cилер аларга күч, дем берген жаңылык булагы болуп калдыңар. Жаап атканы абдан өкүнүчтүү. Ошон үчүн мен айткым келет, Акаевдин мезгилиндеги каталардан сабак алынган жок, жакшылап анализдеп жыйынтык чыгарган жок бул өкмөт.

Экинчиден, үй-бүлөлүк кландык система ачык эле сайран куруп калды. Ошондуктан бүгүнкү бийлик эгер акылы жетсе, сөзсүз түрдө оппозиция менен чогуу кеңешип туруп, атуулдук парзы менен келечекти карап жаңы, эч бир коррупцияга малынбаган, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык проблемаларды түшүнгөн жана саясатты эл менен чеччү атуулдарды табышы керек. Ошондой эле азыркы күндө талбай иштеп жаткан Роза Отунбаева жана башка оппозиция лидерлери сөзсүз түрдө кыргыз элине жаңы лидерди сунуш кылаарда ага абдан жогорку атуулдук сезим менен мамиле кылып, 50гө чыга элек, жаш муундагы саясатчылардан чыгарышы керек.

"Азаттык": Сизди ушул эл аралык абройлуу фестивалга жюринин мүчөсү болушуңуз менен куттуктайбыз, ишиңизге ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG