Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Түркия-Армения: Мамилелер жандана баштады


14-октябрда Түркия менен Армениянын ортосундагы “футбол дипломатиясы” Бурса шаарында бир жогорку лигага көтөрүлдү. Армения менен Түркиянын курама командаларынын беттешүүсү өлкөдө гана эмес, дүйнөдө да чоң кызыгууну жаратты.

14-октябрда, Түркиянын жана Армениянын президенттери Абдулла Гүл менен Серж Саркисян курама командалардын мелдешин чогуу көрүшүп, Бурса шаары эки өлкөнүн мамилелериндеги тарыхый бир окуяга сахна болду. Түркиянын курама командасы Арменияны 2-0 эсебинде жеңип чыкты, бирок чыныгы жеңген тарап достук болду.

Армян-түрк жакындашуу жараянына тынчсыздануу менен байкоо салып келе жаткан Азербайжандын басма сөз каражаттары алдын-ала күтүлгөндөн алда канча жумшак мамиле жасап, Азербайжанда Түркияга каршы өткөн нааразычылык иш-чараларын чагылдыруу менен чектелди.

“Ехо” гезити “кийинки аптада Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглунун Бакуга жасай турган сапары, азери-түрк байланыштарын жылыта албай турганын жазса, “Зеркало” гезити бул маселеге байланыштуу “Азербайжан Түркия менен болгон бардык экономикалык келишимдерди алып салсын, табигый газ сатуусун токтотсун, “Набукко” газ долбоорунан кечсин дегендер Азербайжандын таламдарына зыян келтиришүүдө” деген пикирин ортого салды.

“Мусават” гезити “Азербайжан эң кысталыш учурларда өзүн колдоп келген Түркияга таарына албайт. Түркиялык жетекчилердин кетирген каталыктары, азери-түрк мамилелеринин бузулушуна алып барбаш керек. Азербайжандын жерлерин басып алган Арменияга каршы доошун чыгарбай, Арменияны колдогон өлкөлөрдүн жетекчилерине деле жасалбаган мамилени түрктөргө жасоого акыбыз жок” деп жазып чыкты.

Армян парламентиндеги жалгыз оппозициялык партиянын төрагасынын орунбасары Степ Сафарян Бурсада өткөн мелдешти баалап, “мелдеште жеңилип калышыбыз мүмкү, бирок дипломатияда - эч качан” деп айтты.

Лондондо чыккан “Индепендент” гезити мелдеш тууралуу кабарында “Тарых жазылды. Мелдештин шарапаты менен эски душмандар жолугушту” деген баа берди. Гезиттин мелдешти кабарлаган кабарчысы, президент Абдулла Гүлдүн армян кесиптеши Саркисянга: “тарых жазган жокпуз, тарыхты жаратып жатабыз. Арадан өткөн бир жылда чоң кадамдар жасалды, коюлган колдор менен укуктук жол түзүлдү, эми бул укуктук жол боюнча алга жылыш керек” деген сөздөрүн алдыңкы планга чыгарды.

Футбол күйөрмандары бардык стадионду ак-кызыл түрк желектери менен толтуруп, түрк командасын күүлөп турушту. Бир топ армян өздөрүнүн желектерин көтөрүштү, бирок бийлик стадионго азери желектеринин киргизилүүсүнө уруксат берген жок. Ал аралыкта армян-түрк келишимдерине кол коюлуусунан кийин, 11 азери депутат 15-октябрда Анкарага келип, түрк бийлиги менен сүйлөшүү өткөрдү.

Бакунун тынчсыздануусун билдирген азери депутаттарды, оппозициядагы “Жумуруят Калк” партиясынын лидери Дениз Байкал жетектеп келди. Ал расмий Бакунун турумун колдоп чыкты:

- Түркиянын парламенти Азербайжандын жерин басып алуучулук соңуна чыкпай туруп, эч качан келишимдерди жактырып чыга албайт.

Өткөн жылы Түркиянын президентинин футбол мелдешин көрүү үчүн Ереванга баруусу менен башталган “футбол дипломатиясы” бара-бара өткөн аптада эки ара дипломатиялык алакаларды түзүүнүн жолун ача турган протоколдорго кол коюлуусуна шарт түздү.

Алдыда али далай тоскоолдуктар бар, бирок кылымга жакын убактан бери касташып келген эки элдин жетекчилеринин бири-бирлери менен тикелей көрүшө баштоосунун өзү - чоң жеңиш.

Тасмада: Түрк жана армян президенттери Бурсада

2009-жылдын 14-октябрында түрк мамлекет башчысы Абдулла Гүл армян кесиптеши Серж Саркисян менен кездешип, чогуу футбол мелдешин көрүштү. “Азаттыктын” кабарчысы К. Симоняндын тасмасы. Бурса ш., Түркия.

Түрк жана армян президенттери Бурсада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

XS
SM
MD
LG