Тγркиянын дээрлик кγрд улутундагылар басымдуулук кылган Мардин вилайетинин Мазыдаг районунан келген кабар бγт өлкөнγн үшүн алып, башкы окуяга айланды. Мазыдаг районуна караштуу Билге айылында беттерин жашырган куралчан адамдар бир γйлөнγγ тоюн басып, аял-эркек, бала-чака дебей 44 кишини кырып кетишти.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, бул кайгылуу окуянын террорчулукка же кандайдыр бир өчөшкөндүккө тиешеси жок. Кыргындын себеби эки жаштын баш кошуусун каалабаган кишилердин иши деп шектелγγдө. Ушу тапта суракка тартылып жаткан 8 кишинин бардыгы өлгөндөрдγн туугандары. Үрөй учурган чабуулда алтоо бала, 16сы аял болуп, 44 киши өмγрγнөн ажырап, 3 киши жарадар болду.
Окуя менен байланыштуу 8 киши куралдары менен кармалып, айылда команданттык саат киргизилди. Ички иштер министри Бешир Аталай менен бирге 3 министр окуя болгон аймакка барып, жергиликтγγ мекемелерден маалымат алышты. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган мындай кайгылуу окуялардын кайталанбашы γчγн аймактагы университеттерди жана жарандык уюмдарды окуяны илимий жактан иликтеп чыгууга чакырды.
- Эч кандай үрп-адат, эч кандай салт жана тγшγнγк бул жырткычтыкты жеңилдетип көрсөтө албайт.
Президент Абдулла Гγл өз билдирүүсүндө “мындай бир жапайлыкты, кишинин абийиринде терең жара ачкан бул жырткычтыкты тγшγнγγгө болбойт” деп, баш кесерлердин тез арада кармалып адилет алдына чыгарылуусун талап кылды. Ички иштер министри Бешир Аталай окуянын террорчулукка тийешеси жоктой көрγнгөнγн билдирди.
Дγйшөмбγ кγнкγ бул окуядан кой сарайга жашынып соо кутулган 2 өспγрγмдγн бири “бардык жактан атылган куралдардын доошу келип жатты. Бир киши балконго чыгып туш келди ок жаадырды, анан ылдый тγшγп той γйγн канга беледи” деп ыйлаган көздөрγ менен окуяда ата энеси жана бардык тууган туушкандары каза тапканын айтып берди.
Окуя болгон жерге 4 депутатын жиберген оппозициядагы “Жумуруят калк” партиясынын лидери Дениз Байкал буларды айтты:
- Коом катары өзγбγздγ абдан олуттуу тγрдө бардык тараптары менен иликтеп чыгышыбыз абзел. Бул окуяны, окуу деңгээлинин төмөндγгγ менен байланыштырып кутула албайбыз.
Кайгылуу окуя бγт дγйнөдө ири резонансты пайда кылды. Еврокомиссиянын кеңейγγ маселелерине жооптуу мγчөсγ Олли Рейн билдирγγ жарыялап, орун алган жырткычтык γрөйγн учурганын айтты жана башкесерлердин тез арада кармаларына болгон γмγтγн билдирди. Учурда Ички иштер министирлигинде уюштурулган кризис тобу окуянын чоо-жайын иликтөө менен алек.