Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Түркия “күрт маселесин” чечүүгө бел байлады


29-июлда Түркиянын өкмөтү өлкөнүн эң эле көйгөйлүү маселеси деп эсептелген “күрт проблемасын” чечүү максатын көздөгөн жол картасын жарыялады.

Түркиянын ички иштер министри Бешир Аталай маалымат жыйынында өлкөнүн талылуу проблемаларынын эң башкысы саналган “күрт маселесин” чечүү максатын көздөгөн жол картасы тууралуу чакан билдирүү жасады.

“Бул маселенин Түркиянын келечеги үчүн канчалык чоң мааниге ээ экенин бардыгыбыз билип турабыз” деди министр Аталай:

- Күрт маселесин, атуулдарыбыздын укуктарын кеңейтүү жана жашаган аймагына карабай ар бир жарандын өзүн мамлекеттин тең укуктуу жана эркин мүчөсү катары сезүүсүнө шарт түзүүгө жетише аларыбызга ишенебиз. Түркиянын жоготууга учураткан бул маселени толугу менен чечүүгө убакыт жетти. Маселени чечүү үчүн чечкиндүү, сабырдуу жана жигердүү кадамдарды таштадык жана мындан ары дагы таштай беребиз.

Бул жерден мен бардык саясий партияларга, интеллигенция өкүлдөрүнө, жазуучуларга, жарандык уюмдарга, журналисттерге, бул маселе менен алектенген бардык коомдук ишмерлерге “келгиле, бул жараянга катышкыла. Элибизди эбегейсиз жоготууга учураткан, дасторконубузду бөксөртүп, келечегибизге кедергесин тийгизген бул маселени бирге чечели” деп кайрылгым келет.


“Күрттөрдүн жумушчу” партиясынын лидери Абдуллах Өжалан учурда өмүр бою эркинен ажыратылып, абакта отурат. Жакында эле Өжалан адвокаттары аркылуу билдирүү жасап, бул партия 25 жылдан бери жүргүзүп келаткан согушту токтотуу боюнча жол картасын сунуш кыларын айткан.

Өкмөт демилгени Өжаланга алдырбоо үчүн 29-июлда андан озунуп, билдирүү жасаганы да ушундан улам болду. Бирок саясий партиялар өкмөттүн билдирүүсүн өтө деле жылуу кабыл алышкан жок.

Улутчул “Аракет” партиясынын лидери Девлет Бахчели “Түркиянын улуттук биримдүүлүгүн бутага алган согуштун күн тартиби өкмөттүн көмөгү менен улам арта жылдырылып жатат” деди.

XS
SM
MD
LG