Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:12

Түркияда референдум өтүп жатат


Түркияда референдум негизинен тынч өтүүдө.
Түркияда референдум негизинен тынч өтүүдө.

Түркияда башкы мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум өтүп жатат. Өзгөчө өлкөнүн укуктук системасын реформалоо максатын көздөгөн эки беренеси чыр чатак туудурган мыйзам тууралуу бул референдум өлкөнүн жакынкы саясий келечегине тамгасын ура турган шекилдүү.

Түркияда өткөрүлүп жаткан референдумда 49 миллион 446 миң 369 шайлоочу, 151 миң 546 шайлоо бекетинде жергиликтүү убакыт менен саат 7:00 дан тарта добуш бере баштады. Бүгүн саат 18:00гө чейин созула турган добуш берүүлөр өлкөнүн бардык шаарларында коомдук тартипти сактоо чаралары менен коштолууда. Бирок алынган маалыматтарга ылайык, ушу тапка чейин өлкөдө кандайдыр бир тартип бузуу учуру каттала элек.

Шайлоо мыйзамдары боюнча, референдумга канча шайлоочу катышканына карабай катышкандардын 50 пайыздан ашыгы “ооба” деген добушун берсе, башкаруудагы өкүмөт даярдаган мыйзам элдик добуштан өткөн болуп эсептелет. Элдик добушка катышпай койгон шайлоочулар 22 ТЛ айып пул төлөшкө туура келет.

Бүгүн жергиликтүү саат менен 6:00 дан тартып, түңкү саат 24:00кө чейин бүт өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюуу салынды. Референдум боюнча бардык коомдук көңүл ачуу жайлары, көңүл ачуу жайы таризиндеги ресторан, кафе жана башка ушул сыяктуу жайлар жабык. Ушул коопсуздук чараларынын да таасири менен өлкөнүн бардык шаарларында болгон өңдүү, биз жашаган Анкара калаасында дагы салыштырмалуу жымжырттык өкүм сүрүүдө.

Ишемби күнү кечинде Түркиянын улуттук баскетбол командасынын сербиялык атааңдашын 83-82 эсеби менен жеңип, финалга көтөрүлүшүнөн кийин толкундап көчөлөргө чыккан эл бүгүн эс алып жаткан шекилдүү. Шайлоочулар өзүлөрүнүн шайлоо бекеттерине барып добушун берген соң, бүгүн кечинде АКШнын баскетбол командасы менен ойноло турган финал беттешүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Референдум башкаруудагы партия менен оппозициядагы партиялардын ортосундо курч талаш-тартыштарга себеб болду. Өкүмөт бул референдум өлкөдө демократиянын ишин алгалатып, мындан туптуура 30 жыл илгери, 1980-жылдын 12-сентябрында ишке ашкан аскерий төңкөрүштүн калдыктарын жойо турганын үгүттөп келди. Оппозиция болсо бул референдум өтүп калган абалда, башкаруудагы партия бийликтин бардык бутактарына көзөмөлүн орнотуп, өз диктатурасын түзөрүн билдирип келди.

Анкара шаарынын тургуну, бир фирмада бугалтер болуп иштеген 30 жаш курагындагы Өмер Яныккаяга кайрылып, референдум тууралуу пикирин сурадык:

- Референдумда добушуңузду берген чыгарсыз.

- Ооба, бердим.

- Кандай добуш бергениңизди сурабай эле койолу, бирок сиз жалпысынан бул референдум тууралуу эмнелерди айтар элеңиз?


- Эми, референдумда сөз эмне жөнүндө болуп жатканын толук түшүнө албаган болсом дагы, менин колдонууда болгон, жана аскердик төңкөрүлүш өкүмөтү даярдаган башкы мыйзамга карата бир катар шектүү ойлорум бар эле. Мен бул референдумдан кийин, ошол аскерлер түзгөн башкы мыйзамдагы айрым оош-кыйыш жагдайлар оңолот деген үмүттөмүн. Мындан бир саат илгери добушуму бердим. Ылайым, калкыбызга, журтубузга кайырдуу болсун деген гана тилек.

Бүгүн саат 6:00 тартып, өлкөнүн медиа каражаттарында референдум тууралуу берүү, көчөлөрдө митинг уюштурууларга да тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG