Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Орусиянын өкмөт башчысы Түркияга барды


Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин Түркияга сапары маалында энергетика тармагында кызматташтык тууралуу бир катар макулдашууларга кол коюлду.

6-августта Анкарада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жолугушуп, газ жана мунай тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Келишимге ылайык, Түркия Орусиянын ‘Түштүк агым” газ куурун өз аймагында курууга макулдугун берди. Келишим боюнча Түркиянын Орусиядан газ сатып алуу мөөнөтү узартылды. Маалымат жыйынында Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган буларды айтты:

- Орусия менен ортодогу ишеним, эки тараптуу кызматташтык күн сайын өнүгүп, мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү – биздин тышкы саясатыбыздын негизги багыттарынын бири болуп саналат. “Түштүк агым” газ куурун Түркиянын суу аймактары аркылуу өткөрүү маселеси боюнча келишим эки тараптын тең колдоосуна ээ болду.

Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин бул келишим аркылуу Түркия маанилүү транзиттик өлкө болоруна ишеним артып, бардык маселелерде орток пикирге жетишилгенин айтты. Орусияны кыйгап өтүп, Европага газ жеткире турган “Набукко” долбооруна да токтолуп, Путин буларды айтты:

- Адистер “Түштүк агым” менен “Набукко” атаандаш долбоорлор деп айтышат. Бирок “Түштүк агым” “Набукконун” жолун торобойт. Кардарлардын керектөөлөрүнө жараша эки куур бирдей иштей берет.

Түркиянын өкмөт башчысы да эки долбоор бирине-бири атаандашпай турганын билдирди.

Путиндин Анкарадагы сапары учурунда соода, мааданият жана илим тармагында 20га жакын макулдашууга кол коюлду. Анда “Көгүлтүр агым” куурун түштүккө, Израилге чейин узартуу чечими да кабыл алынды. Ал эми Түркияда өзөктүк отун кубат станциясын куруу боюнча келишим кийинки убакытка калтырылды.

Владимир Путин Анкарага келгенде өзөктүк станцияга каршы “Greenpeace” эл аралык уюму борбордук аянтта нааразылык акциясын уюштурушту. Митинг көп өтпөй полиция тарабынан таратылды. Президент Абдулла Гүл менен жолугушуудан кийин Путин Орусияга кайтты.

XS
SM
MD
LG