Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

АКШ-Түркия: мамилелерде жарака пайда болдубу?


Түркиянын президенти Абдулла Гүл.
Түркиянын президенти Абдулла Гүл.

Ушул аптада Вашингтондо АКШ-Түркия кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Өкмөт, аскер жана соода өкүлдөрү катышкан жыйында АКШ-Түркия байланыштары талкууланды.

Вашингтондо 3 күнгө созулган жыйында эки өлкө ортосундагы байланыштардын учурдагы абалы талкууланганы менен, Түркиянын Батышка далысын салып, багытын Чыгышка буруп жатканы башкы тема болду.

29 жылдан бери жазында өткөрүлүп келген жыйын быйыл америкалык Конгресстин “армян геноциди” тууралуу токтом кабыл алуусунун айынан кийинге жылган эле. 17-20-октябрь күндөрү өткөн жыйында ортодогу мамилелер талкууга алынды.

Кеңештин төрагасы, АКШнын мамкатчысынын мурдагы жардамчысы Ричард Армитыж мамилелерде айрым пикир келишпестиктер болгонун белгиледи.

Байкоочулардын баамында, Түркиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иранга кошумча санкцияларды киргизүү жөнүндөгү резолюцияга Бразилия менен бирге каршы добуш берүүсү; жардам кемелерине жасалган чабуулга байланыштуу Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы тирешүү жана Түркия менен Кытайдын аскерий аба күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу ансыз деле салкын мамилелерди ого бетер татаалдаштырды.

Бирок маселе муну менен гана чектелбейт. АКШнын БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иранга каршы кабыл алынган санкциялардан сырткары өз өнөктөштөрүнөн кошумча санкцияларды талап кылышы түрк өкмөтүн түйшүккө салып жатканы байкалууда. Иранга каршы кошумча чаралардын көрүлүшүн талап кылып, августта Түркияга делегация жөнөткөн Вашингтон ушул аптада дагы делегация аттандырды. Вашингтондун өкүлдөрү бул ирет өкмөт чөйрөлөрү менен гана эмес, Түркиянын соода жана банк сектору менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы маалымдалды. Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу:

- Биз коопсуздук кеңешинин санкцияларын сактайбыз. Муну өкмөт башчысы да, мен да кайталап айтып келебиз. Бирок биз бир тараптуу жарыяланган кошумча санкцияларды сактоого милдеттүү эмеспиз.

Буга кошумча кийинки убактарда Вашингтон Иран жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөрдөн келиши ыктымал ракеталык чабуулдардан коргонуу максатында Түркиянын аймагына ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу жөнүндө расмий Анкарага кысымын күчөтө баштаганы маалымдалууда. Иран менен тыгыз соода байланыштары бар Анкара эки жолдун ортосунда калгандай. Бул маселе кийинки айда НАТОнун жыйынында талкууланары күтүлүүдө.

АКШ-Түркия кеңешинин Вашингтондогу жыйынында Анкаранын Чыгышка ыктап бараткандыгы тууралуу маселеге мурдагы конгрессмен, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана экономикалык кызматташтык борборунун төрагасы Роберт Векслер жаңы өңүттөн баа берди:

- Түркия Чыгышка оогон жок. Түркия кийинки убакта күч алган өзүнүн таасиринен пайдаланып, кошуна өлкөлөр менен экономикалык байланыштарын бекемдеп жатат.

XS
SM
MD
LG