Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Кыргызстанга эл аралык коомчулуктун жардамы керек


Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереш Ошто
Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереш Ошто

АКШ Убактылуу өкмөттүн аракеттерин колдойт жана түштүктөгү окуяда жабыркап, муктаж болгондорго жардам берүүнү улантат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын калкты жайгаштыруу, качкындар жана миграция маселелери боюнча жардамчысы Эрик Шварц жана Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереш Кыргызстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.

АКШ жана БУУнун өкүлдөрү 1-июлда Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, анда Кыргызстанга берилчү жардамдар тууралуу сүйлөшүлдү.

Эрик Шварц
Эрик Шварц
түштүктөгү кагылышта талкаланган, өрттөнгөн үйлөр көп каражатты талап кылаарын, башкысы Убактылуу өкмөттүн эки элди элдештирүүгө болгон аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, АКШ качкындарга жана жалпы эле окуяда жабыркап, жардамга муктаж болгондор үчүн 27,5 млн. доллардан ашуун жардам берет.

Белгилей кетчү жагдай, бул каражат мурда маалыматтарда айтылган 32 млн. доллардын ичине кирет. Ушул жардамдар кандай, кайда жумшалары Убактылуу өкмөт жетекчилери менен болгон жолугушууда такталды. Булар медицина тармагына, качкындарды таза суу менен, жашоочу жайлар менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

- АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун атынан айткып коюшум керек, АКШ жана АКШнын эли Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууга жана эки элди элдештирүү иштерине тилектеш,-деди Эрик Шварц.

Э.Шварц Убактылуу өкмөттүн окуяны иликтөө керектигин, ага эл аралык иликтөө тобун тартуу демилгесин колдой тургандыгын айтты.
Антонио Гуттереш
Бириккен Улуттар Уюумунун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттерештин айтымында, жалпысынан жарым миллионго чукул адам кандуу окуяда жабыркаган. Бирок алардын баары эле чукул жардамга муктаж деп айтууга болбойт. Ал тополоңдо Өзбекстанга качкан жана ошол эле кезде Кыргызстандын аймагында калган канчалаган адамдар эл аралык коомчулуктун жардамына муктаж болуп турганына токтолду:

- Азыр бардык тараптардын жана эл аралык коомчулуктун мындан ары ушундай окуя кайталанбашы үчүн биригүүсүнө убакыт келди. Мени эки тараптын тынчтыкты каалап жана элдешүү аракеттери абдан кубандырды. Мындай абалда Кыргызстандын элинин жана өкмөтүнүн ролун эч ким алмаштыра албайт. Азыркы маалда муктаждыктар абдан чоң. Өлкө өз күчү менен ал муктаждыкты камсыз кыла албайт. Ошондуктан Кыргызстанга эл аралык коомчулуктун жардамы керек.

Түштүктөгү кагылышта жабыркап, үй-жайын таштап качканга мажбур болгон эки тарап тең ар кандай жардамга муктаж экенин айтып жатышат. Алар өз ойлорун “Азаттыкка” мындайча билдиришкен:

Нургүл Бердиева:
Мен уруш чыккан Он-Адырдан болом. 11-июнда бала-чакабыз менен качып чыкканбыз. Эми азыр коркуп бара албай жатабыз. Азыр деле киргизбей жатат деп уктук. Документтер, ушунча иштеп тапкан буюм-терим, үй-жайыбыз эмне болгонун билбейбиз. Бул жакта бизге эки кило картошка, эки кило пияз, бир аз май берген. Бул төрт балага жете беле. Кийимдерибиз жок, бирөөнүн үйүндө жашап жатабыз. Тууган-уруктан, кошуналардан тамак-аш алып эптеп жашап жатабыз.

Мукарам: Биздин жашай турган жерибиз жок, каякка барганды билбей кыйналып жатабыз. Менин туугандарым да жок. Барарга үйүм жок. Көчөгө чыгайын десем документимин баары күйүп кеткен. Ал күнү күтүүсүздөн келип, үйдө өрттөп жиберишти.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунунн төрайымы Төлөйкан Исмаилова чет жактан келген өкүлдөр жарандардын муктаждыгын аныктоого жардам берсе деген пикирде:

- Сырттан келген эл аралык уюмдун өкүлдөрү, донорлор өкмөткө да расмий түрдө жардам берип, документтерди тактап, аларды калыбына келтирүүгө жардам берсе деп ойлойм. Канчалаган адамдар кыйноолорго кабылды, канча кишиге кандай жардам керек стратегия менен муктаж адамдарга психологиялык жардамдан баштап, материалдык компенсацияга чейин төлөнүш керек. Мисалы, чакан бизнестин өкүлдөрүнүн көбү банктардан насыя алгандарын айтып ыйлап жатышат. Балдарга, аялдарга сөзсүз өзүнчө көңүл буруш керек.

Ошко Антонио Гуттереш, Эрик Шварц менен бирге АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов баргандыгы айтылды . Ошондой эле алар Убактылуу өкмөттүн кырдаалды турукташтыруу аракеттерин колдой тургандыгын белгилешти.

XS
SM
MD
LG