Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

БУУга жик салган "Газа кыяматы"


Палестинанын Юстиция министрлигинин кыйраган имараты, 1-январь, 2008
Палестинанын Юстиция министрлигинин кыйраган имараты, 1-январь, 2008

31-декабрда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Газадагы конфликт боюнча экинчи чукул жыйынын өткөрдү. Арап мамлекеттери атышууларды токтотуу боюнча резолюция кабыл алынышын суранышкан. Газа чабуулунда 400 адам өлүп, 2000 ашууну жаракат алды.

2008-жылдын акыркы сааттарындагы жыйын Египет менен Ливиянын өтүнүчү менен уюштурулду. Арап мамлекеттеринен азыр Ливия гана БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө.

Улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги-Мун (Ban Ki-Moon) кеңештин жыйынына катышып, Газада урушуп жаткан эки тарапты тең – Израиль менен ХАМАС куралчан тобун – тезинен атышууларды токтотууга чакырыгын кайталады. Ал Газадагы кырдаал дагы курчуп кетиши ыктымал экендигине, курмандыктардын саны дагы өсүшү айкын экенине тынчсыздануу билдирип, муну токтотууга далалаттанбаган Израиль менен ХАМАСты “жоопкерсиз мамилеси” үчүн айыптады. “Эгерде конфликт улана берсе, кандуу зордук-зобундун жаңы толкунун көрөөрүбүз ачык, - деди башкатчы. - Коопсуздук кеңеши атышууларды токтотуу боюнча чакырыгын чыгаргандан бери төрт күн өтсө да, ал аткарылбай жатканына терең тынчсыздануумду билдирем”.

БУУнун башкатчысы ХАМАСты да, Израилди да атышуулар үчүн акыркы төрт күндүн ичинде үч жолу айыптады. Алардын атышууларынан Газада жүздөгөн адамдар набыт болду.

Бириккен улуттар уюму өткөн жекшембиде зордук-зобунду токтотуу боюнча билдирүү жасаган болчу. Билдирүү сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон күчкө ээ эмес. Резолюция кабыл алынса гана аткарылышы зарыл болмок. Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн бири – АКШ – эки тарап тең куралын ташташы тууралуу кепилдик болгондо гана толук резолюция кабыл алса болот деп билдирди.

Арап мамлекеттери Газада Израилдин чабуулдарын катуу сынга алгандан кийин, резолюциянын жадыбалын Ливия ошол өлкөлөрдүн атынан сунуштады. Бирок анда ХАМАСтын Израиль тарапка ракета чабуулдарын айыптаган бир да сөз жок. Андыктан резолюцияны кеңеште Израилдин союздаштары АКШ менен Британия колдобой коюшу толук мүмкүн деген ой пайда болууда.

Британиянын аталган Коопсуздук Кеңештеги туруктуу өкүлү Жон Соуэрс (John Sawers) муну ырастагандай болду. Анын айтымында, эки тарап тең жарашууга чын ыкласын билдиришкенде гана бул өңдүү резолюцияны кабыл алса болот. «Арап мамлекеттер тобунун атынан биздин ливиялык кесиптештер сунуш этип жаткан резолюцияны окуп көрөбүз. Коопсуздук кеңешинде ал толук колдоого ээ болушу үчүн резолюция узак убакытка белгиленген жарашууну жана окуялар үчүн баардык тараптардын жоопкерчилигин бирдей карашы керек”, - деди британ дипломаты.

Улуттар уюмундагы айрым дипломаттардын айтымында, Израилди колдогон АКШ жана Британия менен Арап мамлекеттери ортосундагы карама-каршылыкты басаңдатып, позицияларын жакындатыш үчүн резолюциянын тексти бир топ өзгөртүлүшү зарыл.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG