Кошмо Штаттарында президенттик кызматка Барака Обаманын шайланышы орусиялык-америкалык алаканын жакшырышынан үмүттөндүрөт дешет орусиялык талдоочулар. Ошол эле учурда алардын баамында андай мамиленин жаралышы дароо эле боло койбойт.
Саясий төбөлдөр божомолунда Ак үйдө кожоюн алмашканга байланыштуу Пентагон буга дейре Чыгыш Европада абадан болуучу ракеталык чабуулдан коргонуу системаны куруудан баш тартат. Мындай ой айткандардын бири Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү К. Косачев:
«Барак Обама менен бир эле ПРО маселеси эмес, Грузия жана Украинаны НАТОго алуу боюнча да тил табышса болот».
Ал арада, 5-ноябрда, Федералдык чогулушка кайрылуу жасаган президент Медведев да Америкага жаңы шайланган лидерге багыштап айткан кебинде эки өлкө ымаласынын жакшыра тургандыгына ишенерин билдирди:
«Америка Кошмо Штаттарынын жаңы администрациясы, биздин өнөктөшүбүз, Орусия менен толук кандуу алака түзүүнү тандайт деп үмүттөнөбүз».
Баса, АКШда президентти шайлоо учурунда жүргөн улуу ат салышта, Кавказда август айында согуш чыгып, ал күндөрү Маскөөнүн атына айткан ырасмий баада, республикачыл тарап өкүлү Жон Маккейнге караганда Барак Обаманын пикири саал жумшагыраак чыккан. Анализчилер жаңы президенттин ошол маанайы сакталарына орусиялык саясий төбөлдөр ишенет дешет.
АКШ жана Канада институтунун директору Сергей Рогов айтканга караганда, «Буштун администрациясы жасап келген бир жактуу аракет мындан ары жасалышы мүмкүн эмес. Демек, макулдашуу керек. Европа, Кытай менен, а балким Орусия менен да макулдашуу толук мүмкүн. Бирок бул жерде олуттуу пикир келише алгыс маселе да бар. Айталы, Украина менен Грузияны НАТОго кабыл алуу маселеси. Жолтоо болуучу маселе ошол».
Орусиялык демократтар арасы да Маккейнге караганда Обама менен мамиле түзүү Москва үчүн оңой болорун айтышууда. Саясатчы В. Лысенконун пикиринде, АКШда нагыз демократиялык ыңкылап болду. Ошондуктан Обама таштаган чакырыктын кыйласы азыркы тушта Орусия үчүн да күн тартибинде турган маселе:
«Биз да акырындап кийинки учурда Орусияда орноп калган тоталитардык режимден бошонуп чыгабыз деп үмүттөнөм».