Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

АКШдагы шайлоонун Ала-Тоодогу жаңырыгы


Болор-болбос президенттин беттешүүсү
Болор-болбос президенттин беттешүүсү

АКШда 4-ноябрдагы президенттик шайлоодо эки талапкердин кимиси жеңишке жетээри белгисиз. Бирок дүйнө коомчулугун жеңишке жеткен президент кандай өзгөрүүлөрдү алып келет деген собол ойлонтуп турат.

Президенттик шайлоо алдындагы таймаштарда эки талапкердин салмагы улам бир жагына оогандыктан кыргыз коомчулугунда алдын-ала кимиси жеңээрин так кесе айтуу кыйын дегендер арбын. Алардын бири экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун баамында, буга добуш берүүдөгү күтүүсүз жыйынтыктар да негиз берет:

- Ким жеңээрин азыр айтыш кыйын. Эгер АКШда жүргүзүлүп жаткан сурамжылоонун жыйынтыгын карасак Барак Обаманын мүмкүнчүлүгү жогору экен. Бирок шайлоо деген кыйын системада көп кызык нерселер болот. Экөөнүн тагдырын 50-100 добуш эле чечип калышы мүмкүн.

Анткен менен шайлоо алдындагы эки талапкердин саясий салмагын аныктаган сурамжылоодогу коомдук пикирдин акыркы көрсөткүчү Барак Обамага ооп тургандыктан кыргызстандыктардын көбү АКШнын тарыхында биринчи жолу өңү кара президент болушу мүмкүн деген ойдо. Ал тууралуу жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматов мындай дейт:

- Барак Обама жеңет деп турам. Себеби, Америкада аялдар, карылар шайлоого көп барат. Ошолор, өзгөчө аялдар Барак тарабында экен. Демек, аялдар колдогон киши сөзсүз өтөт.Анткени, аялдардын саны көп да.

Кыргыз коомчулугу гана эмес бүт дүйнө коомчулугу АКШнын президенттигине ким келсе эл аралык саясат да ошого жараша өзгөрүшү мүмкүн деп кулак түрүүдө. Кыргызстандын экс-мамлекет катчысы Осмонакун Ибраимовдун оюнда, бийликке Барак Обама келсе өлкөгө демократиялык өнүгүүлөргө оң таасир тийгизиши мүмкүн. Себеби, буга чейин бийликте турган республикачылар кетирген кемчиликтерди Барак кайталабоого аракет кылат:

-Барак Обама келсе тынчтык жолу менен өнүккөндү каалашат. Экинчи жагы демократтардын Американын эл аралык аброюн башка жакка буралы, башка мамлекет кылалы деген ойлору бар. Ал эми Маккейн келсе муштумун көрсөтүү, курал-жарак менен коркутуп-үркүтүү сыяктуу саясат боло берет. Албетте, мунун дүйнөгө зыяны чоң болот.

Кыргызстандын экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай ойго макул эмес. Анын баамында, президенттикке кандай адам келбесин АКШ ири держава катары өзүнүн эбактан көздөгөн багытынан кайра тартпайт:

-Барак Обама жеңеби же Маккейн жеңеби баары бир булардын Борбор Азия боюнча атайын концепциясы бар. Алар Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттер менен мамилесин күчөткөнгө, өздөрүнүн таасирин тийгизгенге аракет кылышат. Айрыкча, коопсуздук, суу-энергетика маселелери боюнча кызыкдарлыгы күч болот. Ошон үчүн ким жеңбесин бардык жагынан таасир эткенге көп аракет жасалат.

Кыргызстандын дагы бир мурдагы тышкы иштер министри, азыркы депутат Роза Отунбаева болсо АКШнын жаңы президенти алдыдагы бир нече жыл ичинде тышкы саясат менен эмес ички саясат жөндөөгө аракет кылат. Ошондуктан, бул өлкө тийгизе турган таасирге эмес, өз мамлекетибиздин келечегин өзүбүз ойлонушубуз абзел деген ойдо:

-Американын тышкы саясаты көп деле өзгөрбөйт. Биринчи төрт жылда жаңы президент ички саясат менен көп алектенет. Анткени, убадаларды шайлоо алдында көп берип ошону аткарууга аракет кылып, ички саясаты менен көп алектенет. Ошондуктан БУУдагы 200 мамлекеттин ичинлдеги кичине мамлекет, өнүгүүдөгү мамлекет катары үмүттөнбөй өз тагдырыбызды өзүбүз жетелеп алдыга алып барышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG