Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бишкектин “эгемен чечими” эртең эле өзгөрүшү мүмкүн


Краков-- Пентагондун башчысы Роберт Гейтс "Манастагы" авиабазага байланыштуу маселе али биротоло жабыла электигин билдирди.
Краков-- Пентагондун башчысы Роберт Гейтс "Манастагы" авиабазага байланыштуу маселе али биротоло жабыла электигин билдирди.

Кыргыз өкмөтү жума күнү АКШнын элчилигине атайын нота тапшырып, “Манастагы” базага байланыштуу келишимден чыкканын тастыктады. Бирок Пентагондун башчысы Роберт Гейтс баары бир “маселе али жабыла электигин” билдирди.

Келишимдин күчү кыргыз өкмөтүнүн чечими жөнүндө АКШ элчилиги ырасмий түрдө нота алгандан 180 күн өткөндөн кийин токтойт.

Байкоочулар бул убакыт ичинде көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал деп эсептешет. Баарыдан мурда орустардын Кыргызстанга убада кылган “атантай кредити” азыркы финансылык кризистин айынан өз мөөнөтүндө келбей калышы мүмкүн. Камбар-Ата ГЭСине байланышкан иштер да жакын аралыкта башталары арсар. Ансыз деле бу долбоорлордун реалдуулугуна көпчүлүк ишеңкирбей турат.

Эгер орустардын кредити чын эле быйыл жаз этегине чейин Бишкектин колуна тийбесе, анда бу маселе өлкөдөгү ички кырдаалга тамызгы болуп бериши мүмкүн. Оппозиция ага чейин эле нааразылык акцияларын баштаганга камынып жатат.

Кокус ушундай шартта АКШ Кыргызстанга жаңы келишим сунуш кылса, кыргыз бийликтери азыркыдай батылдыкка барып,андан баш тартары өтө күмөн.

Вашингтондун ушундай кыязы бар экенин жума күнү Краковдо НАТОнун эки күндүк жыйыны аяктаган соң Пентагондун башчысы Роберт Гейтс ырастады. “Мен баштагыдай эле бул маселе чечилип бүтө электигине, бери эле дегенде кыргыз өкмөтү менен бул темага кайра кайрылганга, балким, жаңы келишим түзгөнгө мүмкүнчүлүк бар экенине үмүттөнөм”,- деп айтты Гейтс.

Кыргыз бийликтери менен мунаса табылбай калса, анда Пентагон алтернативдүү ыкмаларды иштеп чыгат. Мунун бир варианты катары Түркияда чыгуучу “Ени Шафак” гезити Тажикстан менен Өзбекстанды атады.

Ташкен өкүлдөрү америкалыктардын базасын кайра кабыл албай тургандыгын, бирок Ооганстанга жүк ташып өткөнгө аларга жол ачып берерин айтышууда. Буга тажик бийликтери да макулдугун беришти. Алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн контр-адмирал Марк Харничек бу маселеде Ооганстан менен чектешкен бардык өлкөлөр эске алынарын, алардын ичинде Тажикстан кыйла жуук турганын, ушул жагынан ал абдан манилүү болорун белгиледи. Бирок азырынча тараптар эч кандай келишимге кол коюша элек.

“Эгер Тажикстан менен Өзбекстан варианты өтпөсө, анда кезекте Түркиянын Кара деңиз кылаасындагы Трабзон шаары каралышы мүмкүн”,-деп жазды Анкара өкмөтүндөгү булактарга шилтеме жасап ошол эле “Ени Шафак” гезити.

Деген менен “Манастагы” базанын тагдыры барып-келип эле Москва менен Вашингтон ортосундагы сүйлөшүүлөргө жараша чечилет шекилденет. Ооганстанга керектүү бейаскери жүктөрдүн транзитине байланыштуу маселени эки тарап азыр макулдашып бүтүп калышты. Эми аскери жүктөр маселеси талкууланышы мүмкүн. Булардын аңытында, асыресе, ”Манастагы” базанын проблемасы да каралат. Кокус Москва аны пайдаланууга макул болсо, ошол эле Кремлдин “кеңеши” менен кыргыз бийликтери өздөрүнүн “суверендүү чечимин” кайра карап чыкканга аргасыз болот.

Президент Бакиевге санаалаш кыргыз саясатчылары менен парламент депутаттары база баары бир “Манаста” каларын, болгону анын статусу же форматы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Айрым эксперттер буга кошумчалап коалициялык күчтөрдүн аскер-аба базасы кезинде “Манас” аэропортуна Москванын макулдугу менен жайгаштырылганын эске салышат. Ал эми мындан өкмөттүн бюджетине өп-чап кирише түшкөнү, акчанын көбүн орто жолдон “өз кишилер” солоп алганы, атүгүл америкалык айрым солдаттар жергиликтүү кээ бир жарандарга азар көрсөтүп, бирөөнү мерт кылып, бирок анын жоопкерчилигинен кутулуп кеткени үчүн күнөөнү башынан ушундай шарттарга макул болгон кыргыз бийликтеринин өзүнө жүктөө керек дешет.

“Манастагы” аскер-аба базасы 2001-жылы декабрда ачылган. Ошо кезде азыркы президент Бакиев кыргыз өкмөтүнүн премьер-министри болуп турган.

XS
SM
MD
LG