Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

АКШ: Жардыруу жасоону көздөгөн жигит өмүр бою түрмөгө кесилди


Файсал Шахзад
Файсал Шахзад

АКШнын теги пакистандык жараны Нью-Йорк шаарында ишке ашпай калган террор аракети үчүн өмүр бою түрмөгө кесилди. Файсал Шахзад кечээ ага Нью-Йорктун сотунда өкүм угузулганда, кылган ишине эч кандай өкүнүч билдирген жок.

АКШнын теги пакистандык жараны Нью-Йорк шаарында ишке ашпай калган террор аракети үчүн өмүр бою түрмөгө кесилди. Файсал Шахзад кечээ ага Нью-Йорктун сотунда өкүм угузулганда, кылган ишине эч кандай өкүнүч билдирген жок.

Файзал Шахзад сотто кыйкырып чыкты

Нью-Йорк шаарынын Манхэттен райондук соту 31 жаштагы Файсал Шахзадды өмүр бою эркинен ажыратуу менен прокурорлор сураган жазаны берди. Ал он пункт боюнча, анын ичинде террор аракети, массалык кыргын салуучу куралды колдонуу менен жардыруу жасоого умтулганы үчүн айыпталган. Нью-Йорктук журналист Сами Ибрагим “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Пакистан
кызматы – Машаал радиосуна өкүм угузулганда сот залында өкүм сүргөн маанайды мындайча мүнөздөдү:

- Сот өкүмдү окуганда, Файзал Шахзад мамилесин билдирди. Ал арабча “Аллах акбар”, “Аллах акбар”, “Кудай баарынан улук” деп кыйкыра баштады. Мындан соң ал сотко “Даярдангыла, мусулмандардын согушу эми гана башталды”,- деп айтты. Шахзад олтургучунан тура калгандыктан, сот залында коопсуздукту көзөмөлдөп тургандар аны отургузууга аракеттеништи. Бирок ал кыйкыруусун улантып, Кошмо штаттар жеңилүү тагдырынан кутула албасын белгиледи.

Файзал Шахзад ошондой эле сотто “биз мусулман элебиз, бирок силер бизди террорчу деп атап жатасыңар, биз террорчулар менен сыймыктанабыз жана силерге террорчулук кылууну улантабыз. Биз силердин демократияны же эркиндикти кабыл албайбыз. Себеби бизде шарият мыйзамы жана эркиндигибиз мурунтан эле бар”,- деп да кошумчалаган.

Ишке ашпай калган террордук кутум

Шахзаддын өмүр бою эркинен ажыратылуусуна негиз берген окуя быйыл 1-май күнү кечке жуук болгон эле. Ал жасалма бомба салынган автоунаасын Нью-Йорктун эл кымгуут жүрүүчү аянты - Таймс скверге алып келип, жол четине токтотуп койгон. Ал жерде салону түтөй баштаган автоунааны көчөдөгү соодагер байкап калып, дароо полиция чакырган. Шектүү автоунаа токтотулган жерди полиция курчоого алып, саперлор жардыруучу затты зыянсыздандырышкан. Эч ким жабыр тарткан эмес.

Эки күн бою жүргүзүлгөн издөөдөн кийин Шахзад 4-май күнү Нью-Йорктун Жон Кеннеди атындагы аэропортунан, Дубайга учуп кетүүгө аракеттенип жаткан кезинде кармалган.

АКШнын Башкы прокурору Эрик Холдер ал камалгандан кийинки жарыясында Шахзаддын аракеттерин терроризмге байланыштырган:

Эрик Холдер
- Биз буга чейин билгендерге таянсак, бул биздин өлкөнүн эң жандуу жеринде америкалыктарды өлтүрүүнү максат кылган террордук кутум болгону анык.

Америкалык тергөөчүлөрдүн ырастоосунда, Шахзад автоунаасына салынган бомба аркылуу кеминде 40тай адамды мерт кылууну күткөнүн, эгер кармалбай калса экинчи жардырууну ишке ашырууну көздөгөнүн жашырган эмес. Сотко алгач июнь айында алынып келингенде, ал Нью-Йорктун Таймс скверин зыянды мүмкүн болушунча көбүрөөк келтирүү үчүн тандап алганын айткан. Ал ошондой эле АКШнын Ирак менен Оогастандагы аскерий аракеттерине нааразылык иретинде өзүн “дагы 100 ирет” күнөлүү деп эсептей алмактыгын белгилеген.

Файсал Шахзад - Пакистандын аскер аба күчтөрүнүн отставкадагы офицеринин уулу. Кошмо Штаттарына алгач мындан 13 жыл мурун 18 жаш курагында студенттик виза менен келген жана АКШнын жарандыгын 2009-жылы эле алган экен. Америкалык университеттердин биринен жогорку билимге ээ болуп, Нью-Йорктун чет жакасында жашап, каржы аналитиги катары иштеп жүргөн.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал 2009-жылдын декабрынан 2010-жылдын январына чейин кырк күн бою Пакистанда, талибдер менен “ал-Каида” согушкерлеринин таяныч бекети катары эсептелген Түндүк Вазирстан чөлкөмүндө болгон жана беш күн бомба жасоо боюнча машыгуудан өткөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG